ЧЕКЕГЕ ЧЕРТИП ТУРУП
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жакшылап байкап, эң мыктысын ылгап, тандап туруп. Чекеге чертип туруп кыз алам дечү эмес белең? (Байтемиров). Сендей жакын көргөн иниме аялды чекеге чертип туруп алып берем (Каимов). В.: Чекесинен чертип туруп. Андан көрө аскерде жүргөндө чекесинен чертип туруп бир кызга таанышып алышы мүмкүн (Акматов).