ЧЕКЕСИ ЖЫЛЫБОО
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жарыгыдай, алымсынгыдай абалда болбоо, эч нерсеге жетпөө, жарыбоо, жакшылык көрбөө. Бул жерге келгендердин чекеси жылып, жаны жай табар деп келгенбиз (Ашымбаев). Кулбаш нечен жылдар бою байларда чейрекер болуп жүрүп чекеси жылыбады (Абдукаримов). Отунун алдым, суусун куйдум, мергенчилик менен жан сактап, туягым жерде калгандай болду. Чекем жылыбады (Үмөталиев). В.: Чекеси жибибөө. Ошентип, мындан да чекем жибибесин билдим (Өмүрбаев). Чекеси торсойбоо. Буларды сыйлап жүрүп мен да жакшы аттуу болбодум, чекем торсойбоду (Сыдыкбеков). Чекеси ысыбоо. Үйүндө адалдан түгү жок жигитке орточу түшкөн кишинин чекеси ысыбасы белгилүү эле (Каимов). Мында кайсы чекең ысып отурат? Же таманыбызды тындырбаса (Элебаев).