и. д. от чекте-
ограничивание, ограничение;
чектөө чаралары ограничительные меры.
чекте этишинин кыймыл атоочу.
çektöö
sınırlamak, kısıtlamak
ЧЕКТӨӨ – ээлик кылуу, буюруу, кыймылсыз мүлк бирдигин пайдалануу укугун, анын ичинде үчүнчү тараптын укугун (ижара, барымта, ипотека, сервитуттар, келишим боюнча милдеттенмелер ж. б.) Ч. соттун чечими, КР мыйзамдары ж. б. боюнча өндүрүлөт..
ЧЕКТӨӨ – 1) КРдин айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органы тарабынан илимий мекемелер менен макулдашуу боюнча белгилүү аймактагы жаныбарлар дүйнөсүнүн объектерин белгилүү мөөнөт ичинде алууга болуучу аныкталган санынын жеткен чеги; 2) биологиялык түрдүүлүктүн бузулбоосун эсепке алуу менен өсүмдүктөр дүйнөсүнүн алууга боло турган аныкталган объектеринин жеткен чеги; 3) айлана-чөйрөнү коргоо тармагында – жаратылыш байлыктарын алуунун, пайдалануунун, айлана-чөйрөгө зыяндуу заттарды ыргытуунун, таштоонун акыркы чеги. Жаратылышты коргоо, анын байлыктарын үнөмдүү пайдалануу, ага зыяндуу таасир этүүнү алдыналуу максаттарында белгиленет; 4) аймактагы экологиялык кырдаалды эске алуу менен белгилүү мөөнөткө юридикалык жана жеке жактар үчүн жайгаштыруу улуксат берилген калдыктардын чектелген саны.
чекте этишинин кыймыл атоочу.
ЧЕКТӨӨ ЧАРАЛАРЫ – кылмыш-жаза процессинде анын тергөөдөн жашырынып кетүүсү мүмкүн же сотто кылмыш иши боюнча чындыкты аныктоого тоскоолдук кылышы мүмкүн экенине же дагы кылмыш жасашына толук негизи бар деп эсептелгенде, ошондой эле өкүмдүн аткарылышына кепилдик үчүн айыпталуучуга карата колдонулуучу процесстик аргасыз кылуу чарасы. Ч. ч-на эч кайда кетпөөгө кол коюп берүү, жеке кепилдикке алуу, камакка алуу, барымта коюу, аскер бөлүгүнүн командачылыгынын (аскер кызматкерлерине карата) көзөмөлдөөсү, жашы жетелектерди ата-энесинин жана башка кишилердин карамагына берүү, үй түрмө кирет. Камакка алуу, үйкамак жана барымтага коюу көзөмөлдөөчү прокурордун санкциясы же соттун аныктамасы боюнча гана болот.
ЧЕКТӨӨ ЧАРАЛАРЫ (ТОСОТ) – жугуштуу оорулардын таралышына жол бербөөгө багытталган жана чарбачылык жана башка ишмердиктердин өзгөчө тартибин, калктын, унаа каражаттарынын, жүктөрдүн, товарлардын жана жаныбарлардын кыймылына чектөө койгон административдик, медико-санитардык, ветеринардык ж. б. чаралар. Ч. ч. жугуштуу оруулардын пайда болуу жана таралуу коркунучу болгон учурларда КР чегаралары аркылуу өткөрүүчү түйүндөргө, чарбалык ж. б. ишмердиктерди жүргүзүүчү уюмдарга жана объекттерге киргизилет. Ч. ч. КР Өкмөтүнүн же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын чечими менен киргизилет (алынып салынат). Ч.ч-н ишке ашыруунун тартиби жана пайда болуу жана тарап кетүү коркунучуна Ч. ч. киргизилип жаткан жугуштуу оорулардын тизмеси КР ченемдик укуктук актылары жана санитардык эрежелери менен аныкталат.
Ограничительные мероприятия (карантин)
ЧЕКТӨӨ ЭНБЕЛГИСИ – купуя маалыматтарды алып жүрүүчүнүн же анын коштоочу документтеринин, алардагы маалыматтарды пайдалануунун өзгөчө тартибин аныктоочу милдетүү белгиси. Мамлекеттик сырды түзүүчү кабарларга «өзгөчө маанилүү» жана «өзгөчө жашыруун» деген чектөөчү мөөрлөр басылат. Аскердик сырды түзүүчү кабарларга «өзгөчө жашыруун» жана «жашыруун» деген чектөөчү мөөрлөр басылат. Кызматтык сырды түзүүчү кабарларга «жашыруун» деген чектөөчү мөөр басылат.