Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Бул этиш сөздүн түрк тилинде 43 мааниси бар (ТРС 1994:177-178), ал эми кыргыз тилинде болгону 4 маанини билдирет (КТС 2010:1318). Ушундан улам бул сөздүн азыркы кыргыз тилинде унутулуп калган маанилерин түрк тилинен табууга болот. Мисалы, «Эр чекишпей бекишпейт» деген макалдагы «чек» этишинин кош мамилелик формасы болгон «чекиш» сөзү түрк тилинде «1. ссориться, спорить, оспаривать; переругиваться; пререкаться; 2. пускать в ход (ножи и т.п.), поднимать друг на друга (нож и т.п.), замахиваться, угрожать друг другу (ножами и т.п.)» деген маанилери бар (ТРС 1994:177). Муну эске алганда, жогорудагы макалдын бүдөмүк мааниси айкын боло түшөт. Ушул сыяктуу эле эчкини айдаганда, чакырганда колдонулуучу «чек» деген сырдык сөз түрк тилинде «приводить в движение, двигать» деген маанини билдирет (ТРС 1994:177).