Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Чек (Cheque) —Чек берүүчүнүн банкка, чекте көрсөтүлгөн жана мыйзам актыларында белгиленген мөөнөт ичинде төлөөгө сунушталган сумманы чек ээсине төлөп берүүсү боюнча, эч нерсе менен шартталбаган кат жүзүндөгү буйруусун камтыган төлөм инструменти. Банкка салынган акча каражаттарына ээ юридикалык жак же жеке адам чек берүүчү болуп саналат, ал акча каражаттарын чектерди берүүаркылуу пайдаланууга укуктуу; анын пайдасына чек берилген юридикалык жак жана жеке адам чек ээси болуп эсептелет.