Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жарыгыдай, алымсынгыдай абалда болбоо, эч нерсеге жетпөө, жарыбоо, жакшылык көрбөө. Бул жерге келгендердин чекеси жылып, жаны жай табар деп келгенбиз (Ашымбаев). Отунун алдым, суусун куйдум, мергенчилик менен жан сактап, туягым жерде калгандай болду. Чекем жылбады (Үмөталиев). Тууганча эң акыркы гөр башындагы зыйнатын өтөп, бу дүйнөдө чекеси жылыбай кеткен пендесине тилек, бата кылышты (Касымбеков).