Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Баш сөөктүн үстүнкү бет жак бөлүгү, маңдай. Биздин арык казгандар, Чекеси тердеп суу аккан (Турусбеков). 2. Кандайдыр бир нерсенин чети, бир тарабы, бөлүгү. Кийиз сатсаң айлыңа сат, бир чекесин жамына жат (макал). 3. диал. Өңү каралжын келип, майда бутак алып, корумдардын арасына чыгып, май айында гүл төгүп, июлда мөмөсү быша турган жыгач өсүмдүгүнүн аты.