тур I тур (в состязаниях, на выборах); экинчи турда во втором туре; мелдештин жетинчи турунда в седьмом туре соревнований. тур- II 1. стоять, вставать; мен эрте турдум я рано встал; сен ары тур ты стань подальше; ушул эле жерде тура бер ты тут вот стой; мен көчөдө туруп турайын я постою на улице; наст. -буд. вр. часто встречается в форме турумун, турусуң, туру вместо турамын, турасың, турат; ср. жатыры под словом жат- III 4; көз ирмебей, калайык, көрөмүн деп турусуң фольк. вы, люди, стоите, не смыкая глаз, желая увидеть; туру эле Олжоң ушунда фольк. твой Олжо стоял вот тут; 2. находиться, пребывать; обитать; ал Нарында турат он живёт в Нарыне; айылга туруп нетейин, адырга чыгып кетейин фольк. зачем я буду жить в ауле, выеду я на угорья; 3. жить, остаться в живых; тууруна сүйүнбө, турарына сүйүн погов. не радуйся рождению ребёнка, а радуйся, когда он выживет; цыплят по осенн считают; алтынын энеси болдум, бирөө да турбады я мать шестерых, но ни один не выжил; 4. иметься, наличествовать; машина турганда, жөө басмак белек? что ж, неужели мы должны идти пешком, когда есть машина? 5. стоить; канча турат? сколько стоит? өзүнө турган нарк себестоимость; 6. быть в услуженни; работать по найму; байга турган он служил у богача; 7. оставаться безучастным; кантип турсун? разве он может оставаться безучастным? 8. состоять из кого-чего-л.; беш кишиден турган комиссия комиссия, состоящая из пяти человек; 9. с предшеств. формой на -ганы или имени действия в дат. п. намереваться; быть готовым вот-вот совершиться или совершить; күн жааганы турат собирается пойти дождь; вот-вот пойдёт дождь; кеткени турат он собирается уходить; бергени турат он намерен дать; он вот-вот даст; машина керек болгону турат намечается потребность в (авто) машине; жеңеси турат кетүүгө фольк. сноха (см.жеңе) собирается уйти; 10. в форме на -мак, -сын, -гай или -сун не только не..., но и...; это бы ещё туда-сюда, но...; ал турмак... и не только это, но...; это бы ещё ничего...; күлкүм келмек тургай, уялдым какой уж мне смех - мне стыдно; алмак тургай көрбөгөн он не только не брал, но даже и не видал; ал тургай или ал турмак или ал турсун не только это, но и...; ал тургай булардын үйүнө да көп-көп баруучу это ещё туда-сюда, но он к ним в дом часто ходил; анте берсең, жан досум, айыкмак тургай бошойсуң фольк. если ты так будешь делать, друг мой, то не только не поправишься, а (ещё больше) ослабнешь; мындай турсун не только не..., но даже; эл тарамак турсун, көбөйүп жатат народ не только не расходится, а ещё больше прибывает; ал, ишти оңомок турсун, артка кетирген он не только не улучшил дело, но даже ухудшил его; бозо турсун, кымыз да оозуна албайт он даже кумыса в рот не берёт, не говоря уже о бузе; өлмөк турсун, жерге кирсин пусть он не просто околеет, а в тартарары провалится; ни дна ему, ни покрышки; 11. в роли вспомогательного глагола указывает на длительность или постоянство действия, на пребывание в каком-л. состоянии; келип тур захаживай иногда (сделай это своим обыкновением); уйку келип турат хочется спать; созулуп турат вытягивается (напр. о резине); жылдык планды орундоонун алдында турат годовой план находится накануне выполнения; сөзү жол чабуулар менен нечен жолу токтолуп турду речь его много раз прерывалась аплодисментами; жергиликтүү уруштар болуп турду происходили бои местного значения; көрүп турсун, калың эл, күнөөсүз колум байланды фольк. ты, народ, видишь, что без вины руки мои связаны; кайда экенин биле албай, кайгыңды тартып турумун фольк. не зная, где ты находишься, я пребываю в горе по тебе; кетет деген ойдо жок, кемпир, чал боздоп турубуз фольк. мы не думали, что он (сын наш) уедет, и вот мы, старуха и старик, горько плачем; билип туруп, жашырат он намеренно скрывает; көрүнүп турат видно, явствует; көрүп туруп, көрбөдүм дейт ведь видел же, а говорит, что не видел; сен суйлөбөй туруптур ты пока не говори; сен келгенче, мен китеп окуп турдум пока ты не пришёл, я читал книгу; жебей тура тургун ты пока не ешь; жей туралы будем пока есть; ушуну иче турчу вот это пока пей; күтө турайынбы? мне пока подождать? сары май болсо да, кашыктын башындай бере турсаң если есть хотя бы топлёное масло, хорошо было бы, если бы (ты) дал мне пока немножечко; коё тур, эртең билейин подожди, я завтра узнаю; тура тур немного подожди, повремени; тура туруңузчу немного повремените-ка; аман-эсен турмактабыз мы пребываем в полном здравии; бул тура турсун это пока оставим (займёмся другим); бул сөз муну менен тура турсун эмки сөздү Жайыл мергенден баштайбыз разговор об этом пока оставим, начнём разговор об охотнике Джайыле; иштеле турган иш дело, которое предстоит сделать; туруп ал- действовать настойчиво, упорствовать; аял киши ыйлап туруп алса, кантип токтоторду билбей, абдан мазам кетет если женщина заплачет и (плачет) не переставая, я теряюсь, не зная, как остановить; сүйлөбөй туруп алды он упёрся и не говорит; "барбаймын" деп, туруп алды он сказал, мол, не пойду и стоит на своём; бир аз туруп немного погодя, через некоторое (небольшое) время; бир аз туруп барайын я пойду немного погодя; бир туруп..., бир туруп... то..., то...; ал бир туруп жакшы окуйт, бир туруп жалкоолонот он то хорошо учится, то ленится; мен бир туруп ысып, бир туруп чыйрыгып жатам меня бросает то в жар, то в холод; жатып да, туруп да при всяком удобном и неудобном случае; походя; жатып да, туруп да ферманы соро берген көрүнөт он, видимо, походя сосал (обворовывал) ферму; турбайбы! (выражает неожиданность дейстия, вызывающего удивление) разве это не...!, да ведь это же...!; келген турбайбы! да ведь он же пришёл!; кыргызча сүйлөйт турбайбы? да ведь он же по-киргизски говорит!; уктап жатып, түндү да билбей калган турбаймынбы! уснул я и ночи не заметил!; бала бойдон турбайсыңбы! да ведь ты совсем дитя!; мен эң эле бир кыйын иш десем, андай эмес турбайбы! я думал, что какое-нибудь трудное дело, а, оказывается, не так!; койлорго көз салбайт турбайсыңбы! да ведь ты же не смотришь за овцами!; эки турбай, бир бекен? разве это не два разных, а один и тот же? тур да эмес, жүр да эмес ни туда ни сюда; ни тпру ни ну; барып турган в высшей степени, наи- (обычно в отриц. смысле); барып турган акмак круглый дурак; барып турган ууру вор несусветный; барып турган наадандык крайнее невежество; кеп туруп калган залежавшийся, лежалый; тура туруңуз дайте срок (ещё не то будет); токтой тур! подожди! (ещё будет тебе); туруп кет- 1) встать и уйти; 2) (о больном) поправиться, выздороветь; туруп кеттим, - ойноп кеттим встал, (значит) заиграл (раз встал, значит, здоров); токтомок турсун, карап да койгону жок он не только не остановился, но даже и не взглянул; мен мурун шаарга бара тургамын раньше я ездил (имел обыкновение ездить) в город; туруп айтты 1) он встал и сказал; 2) вот тут он сказал.
Iзат.1.Вальс бийинин залды бир айланып чыгышы, ошол эле бийдин бир дегерениши. Вальстын туру. 2. Мелдештин, оюндун, өткөрүлүүчү чаралардын ж. б. бир бөлүгү, айрым этабы. Шахмат турниринин экинчи туру. Спорттук олимпиаданын акыркы туру. Президенттик шайлоолордун экинчи туру. ТУРIIэтиш.1. Тикесинен келген абалда, баса турган абалда болуу; отуруп же жатып албай өйдө болуу. [Турсун] вагондун эң төмөнкү баскычына тура калып желегин көтөрдү (Сасыкбаев). Адыл ордунан турду да, олтургандарга кыдырата карады (Сыдыкбеков). Атчандар жете келип жарданып тура калды (Убукеев). Шамбет туруп олтуруп, Чаргынга карады (Сыдыкбеков).
2. Белгилүү бир жерде, үйдө турак алып, тиричилик кылуу, жашоо. Фрунзеде турат. Кыштакта турган адамдар. Шаарда турушат. 3. Өлбөй-житпей жашап калуу, аман эсен болуу. Тууруна сүйүнбө, турарына сүйүн (макал).
4. Бар болуу, болуу. Кыялда турат бир тилек, Чырак кызматын тапсаң агаңдын («Олжобай менен Кишимжан»). Машина турганда жөө басмак беле? 5. Белгилүү бир орунда, жайда болуу, белгилүү бир абалда болуу. Бир шумдукту сезгенсип, Жылдыздар турат тунжурап («Мендирман»). Калкыңда мендей кыздардан Кароолдо туруп кабар ал (Маликов). Жылаңач турган канча адыр, Жалбырак басып жашарсын (Маликов).
6. Кызмат ордун ээлөө, дайындалуу. Кызматка турду. Ишке турду. 7. Жалдануу, жалданып иштөө; кызматын кылуу. Байга турган. 8.Баасын, наркын билдирүү үчүн колдонулат. Канча турат? Өзүнө турган наркы. 9.Кандайдыр бир составдуу түзүлүштү, анын составын билдирүү үчүн колдонулат. Беш кишиден турган комиссия. Үч бөлүктөн турган китеп. 10.-ганы,-ганформалары уланган сөздөрдөн кийин кыймыл-аракеттин, окуянын, кубулуштун, ойдун ж. б. болорун, ишке ашуусу мүмкүн экендигин, ниеттенгендигин билдирүү үчүн колдонулат. Күн жааганы турат. Кеткени турат. Барган турат. Жөнөгөн турат. 11.-мак,-сун,-гайформаларында келгенде «түгүл», «ал гана эмес» деген сыяктуу күчөтүү маанисин берет. Короодогу кой турмак, Коргол бербейт жети ата (Токтогул). Сүйлөмөк турсун далай жан, Зарланып жүрөт көрүүгө («Олжобай менен Кишимжан»). Какылдак уялмак тургай, эрээркеген балача чаңырыгын күчөттү (Сыдыкбеков). 12. Оолактатуу, алыстатуу, кандайдыр аракетти токтотуу керек экендигин билдирүү үчүн колдонулат. Тур ары, жашың менен сугарбай мени (Байтемиров). Эрсиз өтсөм да [Чаргын] нары тура турсун (Сыдыкбеков). Көйнөк тиккенди коё турчу (Сыдыкбеков).
13. Кыймыл-аракеттин үзгүлтүксүз болуп турушун белгилүү бир абалдын узакка сакталышын билдирүү иретинде жардамчы этиш катарында колдонулат. Жазып тур саламыңды келгениңче, Жарыңдын жаш жүрөгүн сагындырбай (Нуркамал). Капталдан улам катуулап, Лом менен уруп туруптур (Маликов). Эр Олжобай элине, Бул кезде сүйлөп турат октолуп («Олжобай менен Кишимжан»).
14. Кыймыл-аракеттин, окуянын абалдын ж. б. күтүүсүздөн, эрктен тышкары болгондугун жана мурда андан кабарсыз экендигин билдирүү же ырастоо иретинде «тура», «турбайбы» формаларында колдонулат. Турмуштун ачкычы адамдын өз колунда тура (Сыдыкбеков). Ар нерсенин учуру болот тура (Байтемиров). Бул сакалдан Эшмамбет, Жүдөп жүргөн турбайбы (Токтогул). Сулуулар чыгат турбайбы, Анда-санда ар кандай («Мендирман»). Адамдын сырын билүү кыйын турбайбы (Байтемиров).
тур I м. 1. тур (бийдин бир айланып чыгышы); тур вальса вальстын туру; 2. спорт., шахм. тур (мелдешүүнүн бөлүгү); второй тур шахматного турнира шахмат турниринин экинчи туру; 3. перен. тур, катар (окуялардын, кубулуштардын бүткөн катары). тур II м.воен. тур (ичине топурак толтурулган, түбү жок корзина; бул корзина ар түрдүү согуштук-инженердик жумуштарда колдонулат). тур III м.зоол. тоо эчки (1. бул - Кавказда жашайт; 2. 17 кылымга чейин Европа токойлорунда жашаган жапайы өгүздүн бир түрү).
ТУР – туристтерди жайгаштыруу, ташуу, тамактандыруу, саякатка чыгаруу боюнча тейлөө кызматтарынын топтому; саякат максатына жараша саякатчыларга жол көрсөтүү, котормо ж. б. тейлөө кызматтары.
ТУР – туристтерди жайгаштыруу, ташуу, тамактандыруу, саякатка чыгаруу боюнча тейлөө кызматтарынын топтому; саякат максатына жараша саякатчыларга жол көрсөтүү, котормо ж. б. тейлөө кызматтары.
тура I стрелка (в копыте лошади); турадан түгөндү или турасы түгөндү он обезножел (о скакуне; перен. и о человеке); турадан түгөнбөгөн тулпар неутомимый скакун; бара берип, турам түгөндү я столько ходил (туда), что уж из сил выбился; туранын сөөгү внутренняя костяная часть копыта; туранын сөөгү - көпкөк таш фольк. кость копыта - синий-синий камень (показатель неутомимости скакуна). тура II деепричастие от тур- II (по значению совпадает с турбайбы (см.тур- II); в отличие от экен (см.), констатирует неожиданный факт, не требует предварительного действия и не принимает аффиксов лица и числа); булу бар тура! да ведь у него же деньги есть!; эсиң жок тура! да у тебя, вижу, ума нет!; турмушта болот тура не бир сонун в жизни ведь бывают всякие диковины; кана, Чаке, биздин жомогубуз кийин айтылат тура; азырынча кымыз ичип туралы ну, Чаке, сказка-то наша будет потом сказываться; пока же будем пить кумыс; келген тура! да ведь он уже явился!; тим эле учуп кетет тура, чапкан аттан деле тез тура! он прямо-таки летит, быстрее скакуна ведь он!; кичине дейт, кичине турабы?! он говорит, что маленький, да разве же маленький?!
зат. Туяктын ичиндеги кемирчек сыяктуу жумшак жери. Эки койдун туягы түгөнүп, турасы көрүнүп калыптыр (Убукеев). Туягында тура жок, Тулпар сындуу мал экен («Семетей»).
Туяктын ичиндеги кемирчек сыяктуу жумшак жери. Эки койдун туягы түгөнүп, турасы көрүнүп калыптыр (Убукеев). Туягында тура жок, Тулпар сындуу мал экен («Семетей»).
местожительство, обиталище; стоянка, становище; стойбище; турагы жок не имеющий пристанища; кайрылар жок тууганың, кайда болот турагың? фольк. у тебя нет родичей, которые бы тебе помогли, где же твоё обиталище? турак-жай или турак үй жилой дом (предназначенный для жилья); турак уйлөр жилые дома; турак-жай курулушу строительство жилых домов.
зат.1. Туруучу жай; турган, жашаган жер, турук алган орун. Абдыназар казагым, Нарында эле турагы (Тоголок Молдо). Бөрү акең тынчып турабы, Тоо башында турагы (Тоголок Молдо). Турагым кагылайын Тянь-Шаным (Нуркамал). Тигине, тирүү сымап турагы жок, Купуя, майда, кытмыр эсеби жок (Аалы).
2. Туруктуулук, бекемдик.
1. Туруучу жай, турган, жашаган жер, турук алган орун. Абдыназар казагым, Нарында эле турагы (Тоголок Молдо). Бөрү акең тынчып турабы, Тоо башында турагы (Тоголок Молдо). Турагым, кагылайын, Тянь-Шаным (Нуркамал). Тигине, тирүү сымап турагы жок, Купуя, майда, кытмыр эсеби жок (Токомбаев). 2. Туруктуулук, бекемдик.
ТУРАКЖАЙ – конституциялык укукта атайын адамдын эркин жашоосуна эсептелген даректик-географиялык чектерин үй аныктаган, тандалган орунду түшүндүрүүчү аталгы. Конституциялык укуктук түшүнүк. «Т.» «жашоочу жай» дегенден кеңири түшүнүк, анткени ал турак үй, квартира, алардын бөлүнгөн бөлүктөрүн эле эмес, демейде жашоо үчүн пайдалануучу жайларды (бозүй, алачык, сыгаан чатырчаларын ж. б. у. с.) өзүнө камтыйт. Чет өлкөлүк сот тажырыйбасы кээде кайтаруудагы Т-ды, алар адамга туракжай катары кызмат кылса, колдо жасалган алачыктарды жана башка курулуштарды да кошот. Ошол эле убакта адамдын убактылуу (мейманкана, оорукана) же ыктыярдуу эмес болуусуна (түрмө) эсептелген жайлар Т. болуп эсептелбейт. КР Конституциясына ылайык Т. колтийгис.
ТУРАКЖАЙ АЯНТЫНЫН САНИТАРДЫК ЧЕНЕМИ – жан башына туура келүүчү жана анын жайлуу жашоо-турмушу үчүн зарыл болгон туракжай аянтынын эң төмөнкү өлчөмү. Ал саламаттык сактоо органдары тарабынан аныкталып, аткаруу бийлик органдары тарабынан бекитилет. Жалпысынан алганда, жарандарга берилүүчү туракжай аянтына теңдештирилет.
ТУРАКЖАЙГА УКУК – бир катар мамлекеттерде жарандардын конституциялык социалдык укуктарынын бири. КР Конституциясына ылайык Т. у. арбир адамдын укугу болуп саналат жана адамды ээнбаштык менен туракжайдан ажыратууга тыюу салууну, ошондой эле туракжайга муктаж болгон жарандардын мамлекеттик, муниципалдык жана башка туракжай фонддорунан бекер же жеткиликтүү баада мыйзамда белгиленген ченемдерге ылайык туракжай алууга юридикалык мүмкүнчүлүгүн билдирет.
ТУРАКЖАЙДЫ ЖАЛДООЧУДАН ЖАЛДОО КЕЛИШИМИ – туракжайды жалдоо келишимине кошумча келишим боюнча, жалдоочу жалдоого берүүчүнүн макулдугу менен белгилүү мөөнөткө өзү ээлеп турган жайдын бир бөлүгүн же баарын жалдоочудан жалдоого алуучуга пайдаланууга берет. Акыркысы өзалдынча пайдалануу укугуна ээ болбойт. Келишим боюнча жалдоого берүүчүнүн алдында туракжайды жалдоочу жооптуу бойдон кала берет. Т. ж. ж. к. мүлк жалдоо келишиминин мөөнөтүнөн ашык мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн эмес, жана ага карата мүлк жалдоо келишими жөнүндөгү эрежелер колдонулат.
ТУРАКЖАЙДЫН КОЛТИЙГИСТИГИ – адамдын жеке конституциялык негизги укуктарынын бири. Жашаган адамдардын эркине каршы туракжайга эч кимдин кирүүгө акысы жоктугун билдирет. Т. к. конституциялык башкы кепилдиги анын сот чечиминин негизинде гана (кечиктирүүгө болбогон учурларда, ошондой эле мыйзамда каралгандарды толук сактоо менен башка тартипте) тинтилүүсү мүмкүн экендигинде турат. Башка баардык учурларда туракжайга өз эркинче кирүүгө коомдук коопсуздукка ачык жана олуттуу коркунучка бөгөт болуу, ошондой эле адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунучту болтурбоо үчүн гана жол берилет. Т. к. кепилдиктери өзгөчө кырдаал киргизилгенде же согуштук абал мезгилдеринде гана чектелүүсү ыктымал.
ТУРАКЖАЙ ЖАЛДОО КЕЛИШИМИ – бир тараптын – турак үйдүн же жайдын ээси, же ал ыйгарым укук берген адам (жалдоого берүүчү) экинчи тарапка (жалдоочуга) акысына анда жашоо үчүн, ээлик кылууга жана пайдаланууга туракжай берүүгө милдеттенген келишим.
ТУРАКЖАЙ КОЛТИЙБЕСТИГИН БУЗУУ – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган инсанга каршы кылмыш, анда жашаган кишинин эркине каршы, турак-жайга мыйзамсыз кирүү. (кара:Туракжай колтийбестиги).
ТУРАКЖАЙ КУРУЛУШ КООПЕРАТИВИ (ТКК) – кооперативдин бир түрү, максаты өз мүчөлөрүнүн туракжайга болгон муктаждыктарын канагаттандыруу болгон коммерциялык эмес уюм. ТККга жарандар жаңы үй куруу, же жакшылып оңдолгон, болбосо олуттуу оңдоого жана кайра курууга жаткан үйлөрдү сатып алып, өз каражатына оңдоо үчүн биригишет. ТКК анын мүчөлөрүнүн жашаган жана иштеген жерлери боюнча уюштурулат.
ТУРАКЖАЙ ТАСТЫКТАМАСЫ – алардын ээлеринин аны чыгарууда аныкталган шарттарды сактоо менен туракжай сатып алууга укуктуулугун күбөлөөчү баалуу кагаз. Т. т-н басып чыгаруунун тартиби жана жүгүртүү мыйзамга ылайык ишке ашырылат. Т. т-нын өз ээси (тастыктаманы сатып алган жеке жана юридикалык жак) Т. т. белгиленген мөөнөттүн ичинде өлчөмү өзгөрбөй турган жалпы аянты белгилүү туракжайын курууга каражат төлөгөнүн күбөлөйт. Т. т-н жүгүртүүгө чыгарган адам туракжай (үй, квартира) сатып алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
ТУРАКЖАЙ УКУГУ – 1) туракжай фондун пайдалануу боюнча мамилелерди теске салуучу укуктук ченемдердин жыйындысы. КР Т. у. укуктун өзалдынча тармагы эмес, жана өзүнүн мааниси боюнча «туракжай мыйзамы» деген түшүнүккө туура келет. Т. у-нун негизин жарандык укуктун (туракжайларын жалдоо жана ижарага алууда мүлктүк мамилелер) ченемдери түзөт, ошентсе да, мында административдик-укуктук (туракжай фондун кайтарууну уюштуруу) ченемдери, үйбүлөлүк укуктун (туракжай ээсинин үйбүлө мүчөлөрүнүн укуктары) ченемдери маанилүү роль ойнойт; 2) тийиштүү окуу сабагы.
ТУРАКЖАЙ ФОНДУ – менчигинин түрүнө карабастан баардык турак үйлөрдүн жана башка курулуштардагы туракжайлардын жыйындысы. Т. ф. турак үйлөрдөгү соода-сатык, турмуш-тиричилик жана башка өндүрүштүк эмес мүнөздөгү киши жашабаган жайлар кирбейт.
ТУРАК ЖАЙЫ – ашкана, ажаткана, жуунуу-чайынуу бөлмөсү ж. б. бар, жатак жана турмуш-тиричилик аянты менен кошо, жарандар жашоо максатында колдоно турган өзүнчө жай.
ТУРАКЖАЙ ЭМЕС ФОНД – турак үйдүн жалпы мүлкүнөн сырткаркы, калкты социалдык тейлөөгө арналган, административдик мекемелерди жана коомдук уюмдарды жайгаштырууга эсептелген курулуштар, имараттар жана жайлар.
ТУРАКЖАЙ ЭЭЛЕРИНИН ШЕРИКТИГИ – үй ээлеринин биригүү таризи, көп батирлүү үйдөгү кыймылсыз мүлк комплексине ээлик кылуу, жалпы мүлктү мыйзамда белгиленген чектерде пайдалануу, биргелешип башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн коммерциялык эмес уюм.
ТУРАКЖАЙ ЭЭЛИК ПАСПОРТУ – кондоминиум кыймылсыз мүлктүн бирдиктүү топтому катары катталгандыгы, ошондой эле кондоминиумдагы кыймылсыз мүлккө карата укук жана ал боюнча бүтүмдөр жөнүндөгү ырасмий документ. Т. э. п. накта ченөөнүн жана архитектура жана шаар куруу органдары, жерди пайдалануу жана жер байлыгы боюнча, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча органдардын берген маалыматтардын негизинде аймактык же жергиликтүү техникалык каттоо бюросу тарабынан түзүлөт. Ал (кондоминиумду башкаруу таризине жараша) туракжай ээсинде, тапшырыкчылар же шериктештик кызматтарында сакталат.
ТУРАК КУРУЛМАСЫ – аянтынын баары же жарымынан аз эмеси киши жашоого жана пайдаланууга арналган, узак мөөнөткө эсептелген, туруктуу түрдөгү өзүнчө курулуш (имарат, үй). Т. к. өзүнүн ички түзүлүшү боюнча квартиралык жана узун далис түрүндө болот.
сын.1. Белгилүү турак алган жайы, орунтуктап калган орду жок. Турмуш айдап тураксыз, Кез келгендей күн өттү (Элебаев).
2. Туруксуз, туруктуу эмес, өзгөрүп турма. Тураксыз желди кылба бел (Турусбеков).
1. Белгилүү турак алган жайы, орунтуктап калган орду жок. Турмуш айдап тураксыз, Кез келгендей күн өттү (Элебаев). 2. Туруксуз, туруктуу эмес, өзгөрүп турма. Тураксыз желди кылба бел (Турусбеков).
сын.1. Бир жерден орун алган, бир жерде дайыма жашоочу. Турактуу эл. 2.Туруктуу, өзгөрбөс, турумдуу. Турактуу ошол тоону кылган сайран, Жапайы арстан, аюу, толгон айбан (Бөкөнбаев).
1. Бир жерден орун алган, бир жерде дайыма жашоочу. Турактуу эл. 2. Туруктуу, өзгөрбөс, турумдуу. Турактуу ошол тоону кылган сайран, Жапайы арстан, аюу, толгон айбан (Бөкөнбаев).
1. Түрк элинин ата-бабаларынын бири болуп айтылат. 2. Эң байыркы заманда Инди-Европа тилинде сүйлөгөн тур деген элдин жашаган өлкөсү (Ирандын түндүгү, азыркы Орто Азия чөлкөмү) аталган. 10-кылымдан баштап Түркстан деген термин менен синоним катары колдонулган. Айтматовдун идеясы Ынтымак, Турандарды биригүүгө чакырат (Акматалиев).
Абдан убара болуу, катуу кыйналуу, катуу чарчоо. Бара берип, турам түгөндү. Турасы түгөнүп, акылы мокоп отурган Тазабек кейип койду (Сыдыкбеков). Муслимахундун да айласы кетип, турасы түгөндү (Жантөшев). В.: Турасы жоюлуу. Куда тосом деп чуркай берип турам жоюлду («Асаба»).
ТУРАТКАРЫМ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ – юридикалык жактар же жеке ишкерлер тарабынан жүргүзүлө турган туристтик өнүмдөрдү түзүү, аны өркүндөтүү жана жүзөгө ашыруу боюнча иштер.
turbulence force (noun)
A parameter in the Perlin Noise function which is used to scale the amount of force from the vector field that is applied to the images.
ТУРГАН ЖЕР – мейманкана, санаторий, эс алуу үйү, пансионат, кемпинг, туристик база, оорукана, башка ушундай мекемелер, ошондой эле жарандын ал убактылуу жашап жаткан жери болуп эсептелбеген турак жай.
ДОБУШ БЕРҮҮ ТУРУ – шайлоочулардын добуш берүүсү менен добуш берүү жыйынтыгын аныктай турган шайлоо өнөктүгүнүн айлампасы. Шайлоочулардын баштапкы добуш берүүсү талапкерди шайлоо үчүн зарыл болгон натыйжага алып келбеген учурда, мыйзам тарабынан бирнече Д. б. т. каралышы мүмкүн.
страд. оттургуз- 1. быть поставленным, воздвигнутым; ставиться, воздвигаться; заңгыраган дүкөндөр тургузулду построены великолепные большие магазины; 2. быть поднятым, разбуженным.
1. Тургулуктуу жер. Оокат-тиричилик өткөрүп жашап калууга ылайыктуу жер, жайлуу. Тургулуктуу жер. 2. Тургун болуп калган, такай бир жерде жашап үйрөнүп калган, жергиликтүү. Тургулуктуу эл.
понуд. оттур- II; көчпөй, конбой турдурдуң аккан суунун боюнда стих. ты заставил (нас) пребывать, не кочуя и не располагаясь на стойбище (т.е. постоянно оставаться на одном месте); калкты катар турдуруп велев народу встать в ряд; катын, эркек аралаш, маңдай-тескей турдуруп, көчө кылып тизилтип стих. велев женщинам, мужчинам вперемежку встать друг против друга и, вытянувшись в ряд, образовать улицу (в промежутке между двумя рядами).
зат. Эс алуу, өз өлкөсүнүн ар кандай жерлери жана башка өлкөлөр менен таанышуу максатында жүргүзүлгөн саякат; жөө, велосипед, лыжа ж. б. менен жүрүүчү денени чыңоо максатындагы спорттун түрү, саякат, жүрүш. Эл аралык туризм. Тоо туризми. Спорттук туризм.
ТУРИЗМ – убактылуу болгон өлкөдө (жерде) аргандай төлөө иштерисиз эле денсоолук чыңдоо, таанып-билүү же кесиптик иштер, спорттук, диний ж. б. максаттардан улам, КР жарандарынын, чет өлкө жарандарынын, жарандыгы жок жактардын туруктуу жашаган жеринен сырткары убактылуу чыгуусу (саякаты).
ТУРИЗМ – убактылуу болгон өлкөдө (жерде) аргандай төлөө иштерисиз эле денсоолук чыңдоо, таанып-билүү же кесиптик иштер, спорттук, диний ж. б. максаттардан улам, КР жарандарынын, чет өлкө жарандарынын, жарандыгы жок жактардын туруктуу жашаган жеринен сырткары убактылуу чыгуусу (саякаты).
Эс алуу, өз өлкөсүнүн ар кандай жерлери жана башка өлкөлөр менен таанышуу максатында жүргүзүлгөн саякат; жөө, велосипед, лыжа ж. б. менен жүрүүчү денени чыңоо максатындагы спорттун түрү, саякат, жүрүш. Эл аралык туризм. Тоо туризми. Спорттук туризм.
ТУРИСТ – катары менен 24 сааттан 6 айга чейинки мөөнөттө же 1 түнөөдөн кем эмес убакыт ичинде аргандай төлөө иштерисиз эле денсоолук чыңдоо, таанып-билүү, кесип иштери, спорттук, диний ж. б. максаттардан улам убактылуу болуучу өлкөгө (жайга) келген жаран.
ТУРИСТ – катары менен 24 сааттан 6 айга чейинки мөөнөттө же 1 түнөөдөн кем эмес убакыт ичинде аргандай төлөө иштерисиз эле денсоолук чыңдоо, таанып-билүү, кесип иштери, спорттук, диний ж. б. максаттардан улам убактылуу болуучу өлкөгө (жайга) келген жаран.
ТУРИСТТИК ИНДУСТРИЯ – мейманканалардын ж. б. туристтерди жайгаштыруу жайларынын, унаа каражаттарынын, коомдук тамактануу объекттеринин, оюн-зоок объекттери менен каражаттарынын, таанып-билүү, ишмердик, денсоолук чыңдоо, спорттук ж. б. багыттагы объекттердин, тураткарымдык жана турагенттик иштерди жүргүзө турган уюмдардын, ошондой эле саякат жана жол көрсөтүү-котормо кызматтарын жасоочу уюмдардын жыйындысы.
ТУРИСТТИК КЕНЧ – туристтик көрсөтүм объекттерин камтуучу, табигый, тарыхий, социалдык-маданий объекттер, ошондой эле туристтердин рухий тааным керектөөсүн канагаттандырып, ал-акыбалын калыбына келтирүүчү жана чыңдоочу объекттер.
ТУРИСТТИК ИНДУСТРИЯ – мейманканалардын ж. б. туристтерди жайгаштыруу жайларынын, унаа каражаттарынын, коомдук тамактануу объекттеринин, оюн-зоок объекттери менен каражаттарынын, таанып-билүү, ишмердик, денсоолук чыңдоо, спорттук ж. б. багыттагы объекттердин, тураткарымдык жана турагенттик иштерди жүргүзө турган уюмдардын, ошондой эле саякат жана жол көрсөтүү-котормо кызматтарын жасоочу уюмдардын жыйындысы.
ТУРИСТТИК ИШМЕРДИКТИН СУБЪЕКТТЕРИ – менчигинин түрүнө карабастан, КР мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөн уюм, жеке жак. Т. и. с-нин негизги милдеттери: туристтик продуктунун жаратуу; туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн базарын калыптандыруу; туризмдин инфратүзүлүштөрүн өркүндөтүү; туристтик кызматтарды көрсөтүү; ички жана чет өлкөлүк туризмди өнүктүрүү болуп саналат.
ТУРИСТТИК КАМ-ЧОМ КӨРҮҮ – туристтик кам-чомдорду даярдоого багытталган чаралар топтому (жарнама, атайын жарманкелер менен көргөзмөлөргө катышуу, туристтик азык-түлүктөрдү сатуу боюнча туристтик маалымат борборлорун уюштуруу, маалымат китепчелерин чыгаруу ж. б.)
ТУРИСТТИК КЕНЧ – туристтик көрсөтүм объекттерин камтуучу, табигый, тарыхий, социалдык-маданий объекттер, ошондой эле туристтердин рухий тааным керектөөсүн канагаттандырып, ал-акыбалын калыбына келтирүүчү жана чыңдоочу объекттер.
1. Вальс бийинин залды бир айланып чыгышы, ошол эле бийдин бир тегерениши. Вальстын туру. 2. Мелдештин, оюндун, өткөрүлүүчү чаралардын ж. б. бир бөлүгү, айрым этабы. Шахмат турниринин экинчи туру. Спорттук олимпиаданын акыркы туру. Президенттик шайлоолордун экинчи туру.
1. Тикесинен келген абалда, баса турган абалда болуу, отуруп же жатып албай өйдө болуу. Адыл ордунан турду да, олтургандарга кыдырата карады (Сыдыкбеков). Атчандар жете келип жарданып тура калды (Убукеев). Шамбет туруп олтуруп, Чаргынга карады (Сыдыкбеков). 2. Белгилүү бир жерде, үйдө турак алып, тиричилик кылуу, жашоо. Бишкекте турат. Кыштакта турган адамдар. Шаарда турушат. 3. Өлбөй-житпей жашап калуу, аман-эсен болуу. Тууруна сүйүнбө, турарына сүйүн (макал). 4. Бар болуу, болуу. Кыялда турат бир тилек, Чырак кызматын тапсаң агаңдын («Олжобай менен Кишимжан»). Машина турганда жөө басмак беле? 5. Белгилүү бир орунда, жайда болуу, белгилүү бир абалда болуу. Бир шумдукту сезгенсип, Жылдыздар турат тунжурап («Мендирман»). Калкыңда мендей кыздардан, Кароолдо туруп кабар ал (Маликов). Жылаңач турган канча адыр, Жалбырак басып жашарсын (Маликов). 6. Кызмат ордун ээлөө, дайындалуу. Кызматка турду. Ишке турду. 7. Жалдануу, жалданып иштөө; кызматын кылуу. Байга турган. 8. Баасын, наркын билдирүү үчүн колдонулат. Канча турат? Өзүнө турган наркы. 9. Кандайдыр бир курамдагы түзүлүштү, анын курамын билдирүү үчүн колдонулат. Беш кишиден турган комиссия. Үч бөлүктөн турган китеп. 10. -ганы, -ган формалары уланган сөздөрдөн кийин кыймыл-аракеттин, окуянын, кубулуштун, ойдун ж. б. болорун, ишке ашуусу мүмкүн экендигин, ниеттенгендигин билдирүү үчүн колдонулат. Күн жааганы турат. Кеткени турат. Барган турат. Жөнөгөн турат. 11. -мак, -сун, -гай формаларында келгенде «түгүл», «ал гана эмес» деген сыяктуу күчөтүү маанисин берет. Короодогу кой турмак, Коргол бербейт жети ата (Токтогул). Сүйлөмөк турсун далай жан, Зарланып жүрөт көрүүгө («Олжобай менен Кишимжан»). Какылдак уялмак тургай, эрээркеген балача чаңырыгын күчөттү (Сыдыкбеков). 12. Оолактатуу, алыстатуу, кандайдыр аракетти токтотуу керек экендигин билдирүү үчүн колдонулат. Тур ары, жашың менен сугарбай мени (Байтемиров). Эрсиз өтсөм да Чаргын нары тура турсун (Сыдыкбеков). Көйнөк тиккенди коё турчу (Сыдыкбеков). 13. Кыймыл-аракеттин үзгүлтүксүз болуп турушун белгилүү бир абалдын узакка сакталышын билдирүү иретинде жардамчы этиш катарында колдонулат. Жазып тур саламыңды келгениңче, Жарыңдын жаш жүрөгүн сагындырбай (Нуркамал). Капталдан улам катуулап, Лом менен уруп туруптур (Маликов). Эр Олжобай элине, Бул кезде сүйлөп турат октолуп («Олжобай менен Кишимжан»). 14. Кыймыл-аракеттин, окуянын абалдын ж. б. күтүүсүздөн, эрктен тышкары болгондугун жана мурда андан кабарсыз экендигин билдирүү же ырастоо иретинде «тура», «турбайбы» формаларында колдонулат. Турмуштун ачкычы адамдын өз колунда тура (Сыдыкбеков). Ар нерсенин учуру болот тура (Байтемиров). Бул сакалдан Эшмамбет, Жүдөп жүргөн турбайбы (Токтогул). Сулуулар чыгат турбайбы, Анда-санда ар кандай («Мендирман»). Адамдын сырын билүү кыйын турбайбы (Байтемиров).
принадлежности, утварь, оборудование; ээр-турман седло со всеми принадлежностями. комплект верховой сбруи; боз үйдүн турманы вся деревянная часть юрты, остов юрты; кыргыз, казак эчактан эли-журту көчмөндүү, үй турманы жыгачтан стих. народы киргизский и казахский с давних пор кочевые, остов их жилищ деревянный.
зат. Кандайдыр бир нерсенин майда-чуйда жабдуулары, жасалгалары. Кыргыздын чоң-чоң байлары аттын турмандарын кооздой турган жасалгаларды да көп сурашчу (Абдукаримов). Ээр турманы. Үй турманы.
Кандайдыр бир нерсенин майда-чүйдө жабдуулары, жасалгалары. Кыргыздын чоң-чоң байлары аттын турмандарын кооздой турган жасалгаларды да көп сурашчу (Абдукаримов). Ээр турманы. Үй турманы.
(ср. өмүр I оокат, күн 5, тиричилик) 1. быт; эски турмуш старый быт; турмуш шарттары бытовые условия; турмуштан бузулуу бытовое разложение; 2. жизнь; Жер үстүндө турмуштун пайда болушу возникновение жизни на Земле; бүткүл турмушу токтоп калды (там) вся жизнь остановилась; турмушка чык- выходить замуж; турмуш кур- жениться; турмуш куруп, бала-бакыралуу болсом дейт он говорит, мол, хорошо бы мне жениться, обзавестись семьёй; турмуш кошуу супружество.
зат.1. Жашоо шарттары. күндөлүк тиричилик. Мезгил өткөн сайын, келечек турмуш жөнүндө ойлоо ар кимдин башына түштү (Сасыкбаев). Турмуш бардыкка үйрөтөт эмеспи (Байтемиров).
2. Бизди курчап турган реалдуу чындык; тиричилик. Турмушта болбой турган көрүнүш.
1. Жашоо шарттары, күндөлүк тиричилик. Турмуш кыстап ушундай, Туура тосту жолумду (Казыбек). Мезгил өткөн сайын, келечек турмуш жөнүндө ойлоо ар кимдин башына түштү (Сасыкбаев). Турмуш бардыкка үйрөтөт эмеспи (Байтемиров). Катаал турмуштун запкысынан эл жүрөгү букка толду (Жакиев). Кабылып катаал турмуш бороонуна, Тагдырдын ачуу даамын татканымды (Байгазиев). 2. Бизди курчап турган реалдуу чындык; тиричилик. Турмушта болбой турган көрүнүш.
ТУРМУШ-ТИРИЧИЛИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР – тамак-аш, турмуш-тиричилик, бош убакытты уюштуруу жагындагы иштерди, каада-салттык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча мамлекеттик, коомдук уюмдар жана жарандар тарабынан социалдык тейлөө чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөр.
ТУРМУШ-ТИРИЧИЛИКТИК КЫЛМЫШТУУЛУК – кылмыштаанууда курамына «турмуш-тиричиликтик кыртышта» жасалган, б. а. өзара инсандык жана коомдук-тиричиликтик мамилелер менен байланышкан адамдардын кызыкчылыктарынын кагылышуусун чагылдыруучу кылмыштуулуктун түрлөрүнүн бири.
Узун моюндуу, узун буттуу чоң саз кушу. Турнанын да башчысы бар (макал). Касиеттүү турналар эртең жылуу булактан эрте учуп чыгышып, улуу тоолорду ашып, түштүккө учуп кетишет (Стамов).
зат. Дүрбү. Колдорубузда турнабай болгондуктан, айлананы алыска-алыска чейин карайбыз (Каралаев). Турнабай колго алганы, Тунарып жаткан талаасын, Алмаң кайкалап карап калганы («Манас»).
Дүрбү. Колдорубузда турнабай болгондуктан, айлананы алыска-алыска чейин карайбыз (Каралаев). Турнабай колго алганы, Тунарып жаткан талаасын, Алмаң кайкалап карап калганы («Манас»).
ТУРАТКАРЫМ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ – юридикалык жактар же жеке ишкерлер тарабынан жүргүзүлө турган туристтик өнүмдөрдү түзүү, аны өркүндөтүү жана жүзөгө ашыруу боюнча иштер.
то же, чтотопурак; тушардан турпак чачылып, жерде кыртыш калбаган фольк. по бабку (коню) взрыта земля, твёрдого слоя земли не осталось; эгин баккан дыйканга кара турпак жер кызык фольк. для крестьянина, занимающегося посевами, хороша земля чернозёмная; турпак сал- отдать последний долг (бросив в могилу горсть земли); торко болсун турпагың да будет тебе земля пухом (букв. шёлком).
ист. возвращающийся из Учтурфана беженец-киргиз (от названия Учтурфан - город в южном Синьцзяне, куда в 1916 году бежала основная масса северных киргизов, спасаясь от кровавой расправы царских властей); биз турпанчыбыз, айланайындар! жардам кыла алар бекенсиңер? мы, милые вы наши, беженцы не сможете ли вы помочь?
(Melanitta) турпандар; деңиз өрдөктөрүнүн бир уруусу, булардын кыйла түрлөрү бар: турпан красноклювый — к. т. пестрый, т. малый — кидик турпан, турпан норовый — к. Огарь, турпан очковый — к. т. пестроносый, т. пестроносый (М. perspicillata) — чаар тумшук турпан, т. черный — кара турпан ж. б.
вид, форма, фигура; кадимки өзүнүн турпаты менен он в обычном своём виде; турпаты башка эл народ по внешнему виду особый (не похож на нас, на здешних); о, балам, турпатың башка көрүнөт, байкасам, - көөнүм бөлүнөт фольк. ой, паренёк, вид твой представляется каким-то особым, посмотрю я (на тебя) - сердце волнуется (что-то в тебе есть близкое, приятное); турпатын көрсөң, эң жаман посмотришь на его вид - он отвратительный (очень неприятный).
зат. Жалпы келбет, сымбат, кебете. Сырткы турпатынан, Мукайдын мүнөзү апасына окшош (Таштемиров). [Мамбеткулдун] турпатында өкүмдүк да, кайра, тартпас эрдик да бар (Каимов).
1. Жалпы келбет, сымбат, кебете. Сырткы турпатынан Мукайдын мүнөзү апасына окшош (Таштемиров). Мамбеткулдун турпатында өкүмдүк да, кайра, тартпас эрдик да бар (Каимов). 2. Бүткөн бой, мүнөз, кыял, бой, келбетти камтыган, болгон‑бүткөн табият. Арзыматка бир кат жазуу менин бүтүн турпатымды бийледи (Жантөшев). Жаралган турпат, туюм, акыл-эстин, Дүйнөлүк түбөлүктүү түйүнүмсүң (Сариева). Топуракка жашынганда турпатым, Топурашып сөз айтышаар ич ара (Бегимкулова).
подражание короткому глухому звуку; турс этсе, аттан куласаң, түбү баатыр болбойсуң стих. раз при малейшем стуке ты (от страха) валишься с коня, богатырём ты никогда не будешь; эшик турс-турс этти раздался лёгкий стук в дверь.
турук I местожительство, место обитания: стоянка; Беш-Мойнок болду туругум фольк. местом моего жительства стал Беш-Мойнок; Теке - турукка, азамат - урукка погов. козерог (тянется) к месту обитания, молодец - к (своему) племени; Кара-Кырчын туругу, хан Шырдакбек улугу стих. стоянка его в Кара-Кырчыне, он - хан Шырдакбек; сөздун туругу твёрдость слова; верность данному слову. турук II жазга турук тяньш.то же, чтожазга турум (см.турум II).
зат.1. Туруучу жай, тура турган, жашай турган жер, турак. Анжиянда туругу, Адигине уругу (Тоголок Молдо). Дөдөмөлгө чоң колхоз Турук алган кезеги (Тоголок Молдо). 2. Туруктуулук, бекемдик, өзгөрүп кетпөөчүлүк. Сөзүнүн туругу жок.
1. Туруучу жай тура турган, жашай турган жер, турак. Анжиянда Адигине туругу (Тоголок Молдо). Дөдөмөлгө чоң колхоз, Турук алган кезеги (Тоголок Молдо). 2. Туруктуулук, бекемдик, өзгөрүп кетпөөчүлүк. Сөзүнүн туругу жок.
1. постоянно живущий; 2. непоколебимый, стойкий; 3. перен. устойчивый, стабильный; туруктуу окуу китеби стабильный учебник; экономиканын өсүшүнүн тез жана туруктуу темптери быстрые и устойчивые темпы роста экономики; туруктуу баалар твёрдые цены; туруктуу армия постоянная армия.
1. Дайым бир жерде турган, бир жерде жашаган, жергиликтүү. Туруктуу эл. Туруктуу журттан айрылып, Түйшүккө кудай кошконбу?! (Казыбек). 2. Тез өзгөрүп кетпей турган, чыдамдуу, бир калыпта болуучу, өз калыбынан өзгөрбөгөн. Үйрөнсө, туруктуу болсо, бардык эле жумуш оңой (Сасыкбаев). Дүйшөнкул Шопоков тартиптүү, кайраттуу, туруктуу боец болду (Бөкөнбаев).
ТУРУКТУУ БАРЫМТА – барымта түрү, күрөөгө коюу жөнүндөгү келишимге ылайык күрөөгө коюучунун ээлигинде кала берүүчү жана КРдин күрөө жөнүндө мыйзамына ылайык күрөөнү каттоочу кеңседе катталышы мүмкүн болгон күрөөгө коюлган мүлк.
ТУРУКТУУ БЕЙТАРАПТУУЛУК – мамлекеттин эларалык-укуктук жана (же) конституциялык-укутук статусу, ага ылайык ал согуш болгон учурларда ага согушуп жаткандардын кимисинин болбосун тарабында катышпоого, согушуп жаткан тараптарга түздөнтүз аскердик жардам көрсөтпөөгө милдеттенет. Башка мамлекеттердин моюндарында Т. б-ту урматтоо милдети турат. Тынчтык мезгилдеринде бейтарап мамлекет аскердик бирлештиктерге жана блокторго кирбөөсү тийиш. Эларалык укукта Т. б. көп тараптуу эларалык келишим же декларация менен аныкталуусу мүмкүн. Азыркы учурда Вена конгрессинин 1815-жылдын 20-ноябрында жарыяланган декларациясы менен келишимдүү Т. б. статусун Швейцария колдонуп жүрөт. Ошондой эле 1955-жылдын 26-октябрындагы бейтараптуулук жөнүндөгү федералдык конституциялык мыйзам боюнча Австрия Т. б. болуп эсептелет.
Permanent Account Number (proper noun)
A 10-character alphanumeric identifier issued by the Indian Income Tax Department to all taxable entities for taxation and identification purposes.
зат. Бир калыпта болуу, туруктуу болуу сапаты, касиети, кандайдыр бир башталган ишти аягына чейин жеткирүүчүлүк, көшөрүүчүлүк. Эл падышалык куралдуу күчтөргө туруктуулук менен каршылык көрсөтүштү (Абдукаримов).
Бир калыпта болуу, туруктуу болуу сапаты, касиети, кандайдыр бир башталган ишти аягына чейин жеткирүүчүлүк, көшөрүүчүлүк. Эл падышалык куралдуу күчтөргө туруктуулук менен каршылык көрсөтүштү (Абдукаримов).
ТУРУКТУУ РЕНТА – рента келишиминин бир түрү, ага ылайык ал мөөнөтсүз төлөнүп турат. Т. р-ны жарандар жана коммерциялык эмес уюмдар алуусу мүмкүн (кийинкилери эгер бул – мыйзамга каршы келбесе жана алардын иштеринин максаттарына ылайык келсе). Т. р. төлөөчү аны биротоло сатып алуу менен рента төлөөдөн баш тартууга акылуу. Т. р. алуучу аны төлөөчү жак 1 жылдан ашык мөөнөткө төлөбөй, рентаны төлөөнү камсыз кылуу боюнча милдеттерин бузган учурларда, КР жарандык мыйзамдарында каралган башка учурларда төлөөчүдөн Т. р-ны сатып алууну талап кылууга укуктуу.
возвр. оттур- II; лекциялар, докладдар өткөрүлүп турулбайт лекции и доклады (систематически) не проводятся; от жагылып, үйдүн ичи муздак турулбайт отапливается, в доме холодно не бывает; атпай нойгут тукуму Лоп дайрада турулган стих. всё нойгутское племя обитало на озере Лоп.
турум I 1. сев. дверной шарнир; 2. перен. выдержка, постоянство; сөзүндө туруму жок в его словах постоянства нет; туруму болбойт сөзүндө, уяты жок өзүндө стих. нет постоянства в его словах, нет стыда у него; жүрүм-турум поведение, поступки; ар кандай жаман жүрум-турумдардан алыс бол сторонись (воздерживайся от) всяких дурных поступков. турум II жазга турум ранняя весна; ранней весной.
1. Каалга менен босого жыгачты бириктирип, ачылып‑жабылышына мүмкүндүк түзгөн тетик. 2. Кулпу илүү үчүн каалгага жана босого жыгачка тагылган темир. Уурулар мал короонун каалгасынын турумун жулуп, бастырмада байланып турган эки семиз уйду жетелеп кетишиптир («Агым»).
журавль; турунанын да башчысы бар погов. и у журавлей есть вожак; туруна моюн (о красавице) с изящной тонкой шеей; туруна моюн, тасма бел кырк бир сулуу кыз барды фольк. отправились сорок тонкошеих, с тонкой талией девиц-красавиц.
туруш I и. д. оттур- II; өзүнө туруш наркы эк. Cебестоимость; жүрүш-туруш то же, чтожүрүм-турум (см.турум I). туруш II ир. камыр туруш то же, чтокамыртуруш. туруш- III взаимн. оттур- II.
Камыр туруш деген учурда айтылган туруш сөзү – иранча туруш сөзү. Ал сөз тажик тилинде «ачуу, кычкыл» маанисин берет (ТадРС, 399). Камыр туруш сөзү кыргызча «ачуу камыр» дегенге туура келет.
сопротивление; стойкость, выдержка; туруштук бер- проявлять стойкость; противостоять, выдерживать; туруштук бере албайт он не может противостоять; толгонуп аккан жерине тоо туруштук бергисиз фольк. там, где (река) течёт клубясь, (против неё даже) гора не устоит; туруштук берүүчү сепил тамым ты моя крепкая крепость.
зат. Туруктуулук, чыдамдуулук, каршы турууга, кайрат кылууга жарамдуулук. [Торпок] кээде бүрүшөт, кээде мойнун жикийтип салмакка туруштук бергиси келет (Аалы). Бере албай жоо туруштук тура качты (Үмөталиев).
Туруктуулук, чыдамдуулук, каршы турууга, кайрат кылууга жарамдуулук. Торпок кээде бүрүшөт, кээде мойнун жикийтип салмакка туруштук бергиси келет (Токомбаев). Бере албай жоо туруштук, тура качты (Үмөталиев).
(Capra caucasica) Кавказ турлары, Кавказ тоотекелери (урууча): түр восточнокавказский — к. түр дагестанский, т. дагестанский (С. cylyndricornis) — жумуру мүйүз түр, Дагестан тоотекеси, т. западнокавказский — к. т. кубанский; т. кубанский (С. caucasica) — Кавказ түрү, Кубань тоотекеси, Кавказ тоотекеси.