Туракжай аянтынын санитардык ченеми
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ТУРАКЖАЙ АЯНТЫНЫН САНИТАРДЫК ЧЕНЕМИ – жан башына туура келүүчү жана анын жайлуу жашоо-турмушу үчүн зарыл болгон туракжай аянтынын эң төмөнкү өлчөмү. Ал саламаттык сактоо органдары тарабынан аныкталып, аткаруу бийлик органдары тарабынан бекитилет. Жалпысынан алганда, жарандарга берилүүчү туракжай аянтына теңдештирилет.