Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан убара болуу, катуу кыйналуу, катуу чарчоо. Бара берип, турам түгөндү. Турасы түгөнүп, акылы мокоп отурган Тазабек кейип койду (Сыдыкбеков). Муслимахундун да айласы кетип, турасы түгөндү (Жантөшев). В.: Турасы жоюлуу. Куда тосом деп чуркай берип турам жоюлду («Асаба»).