Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Туруучу жай; турган, жашаган жер, турук алган орун. Абдыназар казагым, Нарында эле турагы (Тоголок Молдо). Бөрү акең тынчып турабы, Тоо башында турагы (Тоголок Молдо). Турагым кагылайын Тянь-Шаным (Нуркамал). Тигине, тирүү сымап турагы жок, Купуя, майда, кытмыр эсеби жок (Аалы).
2. Туруктуулук, бекемдик.