Киргизско-русский словарь Юдахина
турук I
местожительство, место обитания: стоянка;
Беш-Мойнок болду туругум фольк. местом моего жительства стал Беш-Мойнок;
Теке - турукка, азамат - урукка погов. козерог (тянется) к месту обитания, молодец - к (своему) племени;
Кара-Кырчын туругу, хан Шырдакбек улугу стих. стоянка его в Кара-Кырчыне, он - хан Шырдакбек;
сөздун туругу твёрдость слова; верность данному слову.
турук II
жазга турук тяньш. то же, что жазга турум (см. турум II).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Туруучу жай, тура турган, жашай турган жер, турак. Анжиянда туругу, Адигине уругу (Тоголок Молдо). Дөдөмөлгө чоң колхоз Турук алган кезеги (Тоголок Молдо).
2. Туруктуулук, бекемдик, өзгөрүп кетпөөчүлүк. Сөзүнүн туругу жок.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Туруучу жай тура турган, жашай турган жер, турак. Анжиянда Адигине туругу (Тоголок Молдо). Дөдөмөлгө чоң колхоз, Турук алган кезеги (Тоголок Молдо). 2. Туруктуулук, бекемдик, өзгөрүп кетпөөчүлүк. Сөзүнүн туругу жок.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. постоянно живущий;
2. непоколебимый, стойкий;
3. перен. устойчивый, стабильный;
туруктуу окуу китеби стабильный учебник;
экономиканын өсүшүнүн тез жана туруктуу темптери быстрые и устойчивые темпы роста экономики;
туруктуу баалар твёрдые цены;
туруктуу армия постоянная армия.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Дайым бир жерде турган, бир жерде жашаган, жергиликтүү. Туруктуу эл. Туруктуу журттан айрылып, Түйшүккө кудай кошконбу?! (Казыбек). 2. Тез өзгөрүп кетпей турган, чыдамдуу, бир калыпта болуучу, өз калыбынан өзгөрбөгөн. Үйрөнсө, туруктуу болсо, бардык эле жумуш оңой (Сасыкбаев). Дүйшөнкул Шопоков тартиптүү, кайраттуу, туруктуу боец болду (Бөкөнбаев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТУРУКТУУ БАРЫМТА – барымта түрү, күрөөгө коюу жөнүндөгү келишимге ылайык күрөөгө коюучунун ээлигинде кала берүүчү жана КРдин күрөө жөнүндө мыйзамына ылайык күрөөнү каттоочу кеңседе катталышы мүмкүн болгон күрөөгө коюлган мүлк.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТУРУКТУУ БЕЙТАРАПТУУЛУК – мамлекеттин эларалык-укуктук жана (же) конституциялык-укутук статусу, ага ылайык ал согуш болгон учурларда ага согушуп жаткандардын кимисинин болбосун тарабында катышпоого, согушуп жаткан тараптарга түздөнтүз аскердик жардам көрсөтпөөгө милдеттенет. Башка мамлекеттердин моюндарында Т. б-ту урматтоо милдети турат. Тынчтык мезгилдеринде бейтарап мамлекет аскердик бирлештиктерге жана блокторго кирбөөсү тийиш. Эларалык укукта Т. б. көп тараптуу эларалык келишим же декларация менен аныкталуусу мүмкүн. Азыркы учурда Вена конгрессинин 1815-жылдын 20-ноябрында жарыяланган декларациясы менен келишимдүү Т. б. статусун Швейцария колдонуп жүрөт. Ошондой эле 1955-жылдын 26-октябрындагы бейтараптуулук жөнүндөгү федералдык конституциялык мыйзам боюнча Австрия Т. б. болуп эсептелет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. постоянство;
2. непоколебимость, стойкость;
мүнөздүн туруктуулугу стойкость характера;
кебелбес туруктуулук непоколебимая стойкость;
3. перен. устойчивость, стабильность;
валютанын туруктуулугу устойчивость валюты;
окуу китептеринин туруктуулугу стабильность учебников.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Бир калыпта болуу, туруктуу болуу сапаты, касиети, кандайдыр бир башталган ишти аягына чейин жеткирүүчүлүк, көшөрүүчүлүк. Эл падышалык куралдуу күчтөргө туруктуулук менен каршылык көрсөтүштү (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир калыпта болуу, туруктуу болуу сапаты, касиети, кандайдыр бир башталган ишти аягына чейин жеткирүүчүлүк, көшөрүүчүлүк. Эл падышалык куралдуу күчтөргө туруктуулук менен каршылык көрсөтүштү (Абдукаримов).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТУРУКТУУ РЕНТА – рента келишиминин бир түрү, ага ылайык ал мөөнөтсүз төлөнүп турат. Т. р-ны жарандар жана коммерциялык эмес уюмдар алуусу мүмкүн (кийинкилери эгер бул – мыйзамга каршы келбесе жана алардын иштеринин максаттарына ылайык келсе). Т. р. төлөөчү аны биротоло сатып алуу менен рента төлөөдөн баш тартууга акылуу. Т. р. алуучу аны төлөөчү жак 1 жылдан ашык мөөнөткө төлөбөй, рентаны төлөөнү камсыз кылуу боюнча милдеттерин бузган учурларда, КР жарандык мыйзамдарында каралган башка учурларда төлөөчүдөн Т. р-ны сатып алууну талап кылууга укуктуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от тур- II;
лекциялар, докладдар өткөрүлүп турулбайт лекции и доклады (систематически) не проводятся;
от жагылып, үйдүн ичи муздак турулбайт отапливается, в доме холодно не бывает;
атпай нойгут тукуму Лоп дайрада турулган стих. всё нойгутское племя обитало на озере Лоп.

Киргизско-русский словарь Юдахина
турум I
1. сев. дверной шарнир;
2. перен. выдержка, постоянство;
сөзүндө туруму жок в его словах постоянства нет;
туруму болбойт сөзүндө, уяты жок өзүндө стих. нет постоянства в его словах, нет стыда у него;
жүрүм-турум поведение, поступки;
ар кандай жаман жүрум-турумдардан алыс бол сторонись (воздерживайся от) всяких дурных поступков.
турум II
жазга турум ранняя весна; ранней весной.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Каалга менен босого жыгачты бириктирип, ачылып‑жабылышына мүмкүндүк түзгөн тетик. 2. Кулпу илүү үчүн каалгага жана босого жыгачка тагылган темир. Уурулар мал короонун каалгасынын турумун жулуп, бастырмада байланып турган эки семиз уйду жетелеп кетишиптир («Агым»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
журавль;
турунанын да башчысы бар погов. и у журавлей есть вожак;
туруна моюн (о красавице) с изящной тонкой шеей;
туруна моюн, тасма бел кырк бир сулуу кыз барды фольк. отправились сорок тонкошеих, с тонкой талией девиц-красавиц.

Киргизско-русский словарь Юдахина
туруш I
и. д. от тур- II;
өзүнө туруш наркы эк. Cебестоимость;
жүрүш-туруш то же, что жүрүм-турум (см. турум I).
туруш II
ир.
камыр туруш то же, что камыртуруш.
туруш- III
взаимн. от тур- II.

Киргизско-русский словарь Юдахина
сопротивление; стойкость, выдержка;
туруштук бер- проявлять стойкость; противостоять, выдерживать;
туруштук бере албайт он не может противостоять;
толгонуп аккан жерине тоо туруштук бергисиз фольк. там, где (река) течёт клубясь, (против неё даже) гора не устоит;
туруштук берүүчү сепил тамым ты моя крепкая крепость.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Туруктуулук, чыдамдуулук, каршы турууга, кайрат кылууга жарамдуулук. [Торпок] кээде бүрүшөт, кээде мойнун жикийтип салмакка туруштук бергиси келет (Аалы). Бере албай жоо туруштук тура качты (Үмөталиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Туруктуулук, чыдамдуулук, каршы турууга, кайрат кылууга жарамдуулук. Торпок кээде бүрүшөт, кээде мойнун жикийтип салмакка туруштук бергиси келет (Токомбаев). Бере албай жоо туруштук, тура качты (Үмөталиев).