турук I местожительство, место обитания: стоянка; Беш-Мойнок болду туругум фольк. местом моего жительства стал Беш-Мойнок; Теке - турукка, азамат - урукка погов. козерог (тянется) к месту обитания, молодец - к (своему) племени; Кара-Кырчын туругу, хан Шырдакбек улугу стих. стоянка его в Кара-Кырчыне, он - хан Шырдакбек; сөздун туругу твёрдость слова; верность данному слову. турук II жазга турук тяньш.то же, чтожазга турум (см.турум II).
зат.1. Туруучу жай, тура турган, жашай турган жер, турак. Анжиянда туругу, Адигине уругу (Тоголок Молдо). Дөдөмөлгө чоң колхоз Турук алган кезеги (Тоголок Молдо). 2. Туруктуулук, бекемдик, өзгөрүп кетпөөчүлүк. Сөзүнүн туругу жок.
1. Туруучу жай тура турган, жашай турган жер, турак. Анжиянда Адигине туругу (Тоголок Молдо). Дөдөмөлгө чоң колхоз, Турук алган кезеги (Тоголок Молдо). 2. Туруктуулук, бекемдик, өзгөрүп кетпөөчүлүк. Сөзүнүн туругу жок.
1. постоянно живущий; 2. непоколебимый, стойкий; 3. перен. устойчивый, стабильный; туруктуу окуу китеби стабильный учебник; экономиканын өсүшүнүн тез жана туруктуу темптери быстрые и устойчивые темпы роста экономики; туруктуу баалар твёрдые цены; туруктуу армия постоянная армия.
1. Дайым бир жерде турган, бир жерде жашаган, жергиликтүү. Туруктуу эл. Туруктуу журттан айрылып, Түйшүккө кудай кошконбу?! (Казыбек). 2. Тез өзгөрүп кетпей турган, чыдамдуу, бир калыпта болуучу, өз калыбынан өзгөрбөгөн. Үйрөнсө, туруктуу болсо, бардык эле жумуш оңой (Сасыкбаев). Дүйшөнкул Шопоков тартиптүү, кайраттуу, туруктуу боец болду (Бөкөнбаев).
ТУРУКТУУ БАРЫМТА – барымта түрү, күрөөгө коюу жөнүндөгү келишимге ылайык күрөөгө коюучунун ээлигинде кала берүүчү жана КРдин күрөө жөнүндө мыйзамына ылайык күрөөнү каттоочу кеңседе катталышы мүмкүн болгон күрөөгө коюлган мүлк.
ТУРУКТУУ БЕЙТАРАПТУУЛУК – мамлекеттин эларалык-укуктук жана (же) конституциялык-укутук статусу, ага ылайык ал согуш болгон учурларда ага согушуп жаткандардын кимисинин болбосун тарабында катышпоого, согушуп жаткан тараптарга түздөнтүз аскердик жардам көрсөтпөөгө милдеттенет. Башка мамлекеттердин моюндарында Т. б-ту урматтоо милдети турат. Тынчтык мезгилдеринде бейтарап мамлекет аскердик бирлештиктерге жана блокторго кирбөөсү тийиш. Эларалык укукта Т. б. көп тараптуу эларалык келишим же декларация менен аныкталуусу мүмкүн. Азыркы учурда Вена конгрессинин 1815-жылдын 20-ноябрында жарыяланган декларациясы менен келишимдүү Т. б. статусун Швейцария колдонуп жүрөт. Ошондой эле 1955-жылдын 26-октябрындагы бейтараптуулук жөнүндөгү федералдык конституциялык мыйзам боюнча Австрия Т. б. болуп эсептелет.
Permanent Account Number (proper noun)
A 10-character alphanumeric identifier issued by the Indian Income Tax Department to all taxable entities for taxation and identification purposes.
зат. Бир калыпта болуу, туруктуу болуу сапаты, касиети, кандайдыр бир башталган ишти аягына чейин жеткирүүчүлүк, көшөрүүчүлүк. Эл падышалык куралдуу күчтөргө туруктуулук менен каршылык көрсөтүштү (Абдукаримов).
Бир калыпта болуу, туруктуу болуу сапаты, касиети, кандайдыр бир башталган ишти аягына чейин жеткирүүчүлүк, көшөрүүчүлүк. Эл падышалык куралдуу күчтөргө туруктуулук менен каршылык көрсөтүштү (Абдукаримов).
ТУРУКТУУ РЕНТА – рента келишиминин бир түрү, ага ылайык ал мөөнөтсүз төлөнүп турат. Т. р-ны жарандар жана коммерциялык эмес уюмдар алуусу мүмкүн (кийинкилери эгер бул – мыйзамга каршы келбесе жана алардын иштеринин максаттарына ылайык келсе). Т. р. төлөөчү аны биротоло сатып алуу менен рента төлөөдөн баш тартууга акылуу. Т. р. алуучу аны төлөөчү жак 1 жылдан ашык мөөнөткө төлөбөй, рентаны төлөөнү камсыз кылуу боюнча милдеттерин бузган учурларда, КР жарандык мыйзамдарында каралган башка учурларда төлөөчүдөн Т. р-ны сатып алууну талап кылууга укуктуу.