Киргизско-русский словарь Юдахина
принадлежности, утварь, оборудование;
ээр-турман седло со всеми принадлежностями. комплект верховой сбруи;
боз үйдүн турманы вся деревянная часть юрты, остов юрты;
кыргыз, казак эчактан эли-журту көчмөндүү, үй турманы жыгачтан стих. народы киргизский и казахский с давних пор кочевые, остов их жилищ деревянный.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Кандайдыр бир нерсенин майда-чуйда жабдуулары, жасалгалары. Кыргыздын чоң-чоң байлары аттын турмандарын кооздой турган жасалгаларды да көп сурашчу (Абдукаримов). Ээр турманы. Үй турманы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир нерсенин майда-чүйдө жабдуулары, жасалгалары. Кыргыздын чоң-чоң байлары аттын турмандарын кооздой турган жасалгаларды да көп сурашчу (Абдукаримов). Ээр турманы. Үй турманы.