Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТУРИСТТИК ИНДУСТРИЯ – мейманканалардын ж. б. туристтерди жайгаштыруу жайларынын, унаа каражаттарынын, коомдук тамактануу объекттеринин, оюн-зоок объекттери менен каражаттарынын, таанып-билүү, ишмердик, денсоолук чыңдоо, спорттук ж. б. багыттагы объекттердин, тураткарымдык жана турагенттик иштерди жүргүзө турган уюмдардын, ошондой эле саякат жана жол көрсөтүү-котормо кызматтарын жасоочу уюмдардын жыйындысы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТУРИСТТИК ИШМЕРДИКТИН СУБЪЕКТТЕРИ – менчигинин түрүнө карабастан, КР мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөн уюм, жеке жак. Т. и. с-нин негизги милдеттери: туристтик продуктунун жаратуу; туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн базарын калыптандыруу; туризмдин инфратүзүлүштөрүн өркүндөтүү; туристтик кызматтарды көрсөтүү; ички жана чет өлкөлүк туризмди өнүктүрүү болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТУРИСТТИК КАМ-ЧОМ КӨРҮҮ – туристтик кам-чомдорду даярдоого багытталган чаралар топтому (жарнама, атайын жарманкелер менен көргөзмөлөргө катышуу, туристтик азык-түлүктөрдү сатуу боюнча туристтик маалымат борборлорун уюштуруу, маалымат китепчелерин чыгаруу ж. б.)

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТУРИСТТИК КЕНЧ – туристтик көрсөтүм объекттерин камтуучу, табигый, тарыхий, социалдык-маданий объекттер, ошондой эле туристтердин рухий тааным керектөөсүн канагаттандырып, ал-акыбалын калыбына келтирүүчү жана чыңдоочу объекттер.