ТУРАК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Туруучу жай, турган, жашаган жер, турук алган орун. Абдыназар казагым, Нарында эле турагы (Тоголок Молдо). Бөрү акең тынчып турабы, Тоо башында турагы (Тоголок Молдо). Турагым, кагылайын, Тянь-Шаным (Нуркамал). Тигине, тирүү сымап турагы жок, Купуя, майда, кытмыр эсеби жок (Токомбаев). 2. Туруктуулук, бекемдик.