Киргизско-русский словарь Юдахина
вид, форма, фигура;
кадимки өзүнүн турпаты менен он в обычном своём виде;
турпаты башка эл народ по внешнему виду особый (не похож на нас, на здешних);
о, балам, турпатың башка көрүнөт, байкасам, - көөнүм бөлүнөт фольк. ой, паренёк, вид твой представляется каким-то особым, посмотрю я (на тебя) - сердце волнуется (что-то в тебе есть близкое, приятное);
турпатын көрсөң, эң жаман посмотришь на его вид - он отвратительный (очень неприятный).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жалпы келбет, сымбат, кебете. Сырткы турпатынан Мукайдын мүнөзү апасына окшош (Таштемиров). Мамбеткулдун турпатында өкүмдүк да, кайра, тартпас эрдик да бар (Каимов). 2. Бүткөн бой, мүнөз, кыял, бой, келбетти камтыган, болгон‑бүткөн табият. Арзыматка бир кат жазуу менин бүтүн турпатымды бийледи (Жантөшев). Жаралган турпат, туюм, акыл-эстин, Дүйнөлүк түбөлүктүү түйүнүмсүң (Сариева). Топуракка жашынганда турпатым, Топурашып сөз айтышаар ич ара (Бегимкулова).