Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жалпы келбет, сымбат, кебете. Сырткы турпатынан Мукайдын мүнөзү апасына окшош (Таштемиров). Мамбеткулдун турпатында өкүмдүк да, кайра, тартпас эрдик да бар (Каимов). 2. Бүткөн бой, мүнөз, кыял, бой, келбетти камтыган, болгон‑бүткөн табият. Арзыматка бир кат жазуу менин бүтүн турпатымды бийледи (Жантөшев). Жаралган турпат, туюм, акыл-эстин, Дүйнөлүк түбөлүктүү түйүнүмсүң (Сариева). Топуракка жашынганда турпатым, Топурашып сөз айтышаар ич ара (Бегимкулова).