Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТУРАКЖАЙ – конституциялык укукта атайын адамдын эркин жашоосуна эсептелген даректик-географиялык чектерин үй аныктаган, тандалган орунду түшүндүрүүчү аталгы. Конституциялык укуктук түшүнүк. «Т.» «жашоочу жай» дегенден кеңири түшүнүк, анткени ал турак үй, квартира, алардын бөлүнгөн бөлүктөрүн эле эмес, демейде жашоо үчүн пайдалануучу жайларды (бозүй, алачык, сыгаан чатырчаларын ж. б. у. с.) өзүнө камтыйт. Чет өлкөлүк сот тажырыйбасы кээде кайтаруудагы Т-ды, алар адамга туракжай катары кызмат кылса, колдо жасалган алачыктарды жана башка курулуштарды да кошот. Ошол эле убакта адамдын убактылуу (мейманкана, оорукана) же ыктыярдуу эмес болуусуна (түрмө) эсептелген жайлар Т. болуп эсептелбейт. КР Конституциясына ылайык Т. колтийгис.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТУРАКЖАЙ АЯНТЫНЫН САНИТАРДЫК ЧЕНЕМИ – жан башына туура келүүчү жана анын жайлуу жашоо-турмушу үчүн зарыл болгон туракжай аянтынын эң төмөнкү өлчөмү. Ал саламаттык сактоо органдары тарабынан аныкталып, аткаруу бийлик органдары тарабынан бекитилет. Жалпысынан алганда, жарандарга берилүүчү туракжай аянтына теңдештирилет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТУРАКЖАЙГА УКУК – бир катар мамлекеттерде жарандардын конституциялык социалдык укуктарынын бири. КР Конституциясына ылайык Т. у. арбир адамдын укугу болуп саналат жана адамды ээнбаштык менен туракжайдан ажыратууга тыюу салууну, ошондой эле туракжайга муктаж болгон жарандардын мамлекеттик, муниципалдык жана башка туракжай фонддорунан бекер же жеткиликтүү баада мыйзамда белгиленген ченемдерге ылайык туракжай алууга юридикалык мүмкүнчүлүгүн билдирет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТУРАКЖАЙДЫ ЖАЛДООЧУДАН ЖАЛДОО КЕЛИШИМИ – туракжайды жалдоо келишимине кошумча келишим боюнча, жалдоочу жалдоого берүүчүнүн макулдугу менен белгилүү мөөнөткө өзү ээлеп турган жайдын бир бөлүгүн же баарын жалдоочудан жалдоого алуучуга пайдаланууга берет. Акыркысы өзалдынча пайдалануу укугуна ээ болбойт. Келишим боюнча жалдоого берүүчүнүн алдында туракжайды жалдоочу жооптуу бойдон кала берет. Т. ж. ж. к. мүлк жалдоо келишиминин мөөнөтүнөн ашык мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн эмес, жана ага карата мүлк жалдоо келишими жөнүндөгү эрежелер колдонулат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТУРАКЖАЙДЫН КОЛТИЙГИСТИГИ – адамдын жеке конституциялык негизги укуктарынын бири. Жашаган адамдардын эркине каршы туракжайга эч кимдин кирүүгө акысы жоктугун билдирет. Т. к. конституциялык башкы кепилдиги анын сот чечиминин негизинде гана (кечиктирүүгө болбогон учурларда, ошондой эле мыйзамда каралгандарды толук сактоо менен башка тартипте) тинтилүүсү мүмкүн экендигинде турат. Башка баардык учурларда туракжайга өз эркинче кирүүгө коомдук коопсуздукка ачык жана олуттуу коркунучка бөгөт болуу, ошондой эле адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунучту болтурбоо үчүн гана жол берилет. Т. к. кепилдиктери өзгөчө кырдаал киргизилгенде же согуштук абал мезгилдеринде гана чектелүүсү ыктымал.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТУРАКЖАЙ ЖАЛДОО КЕЛИШИМИ – бир тараптын – турак үйдүн же жайдын ээси, же ал ыйгарым укук берген адам (жалдоого берүүчү) экинчи тарапка (жалдоочуга) акысына анда жашоо үчүн, ээлик кылууга жана пайдаланууга туракжай берүүгө милдеттенген келишим.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТУРАКЖАЙ КОЛТИЙБЕСТИГИН БУЗУУ – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган инсанга каршы кылмыш, анда жашаган кишинин эркине каршы, турак-жайга мыйзамсыз кирүү. (кара:Туракжай колтийбестиги).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТУРАКЖАЙ КУРУЛУШ КООПЕРАТИВИ (ТКК) – кооперативдин бир түрү, максаты өз мүчөлөрүнүн туракжайга болгон муктаждыктарын канагаттандыруу болгон коммерциялык эмес уюм. ТККга жарандар жаңы үй куруу, же жакшылып оңдолгон, болбосо олуттуу оңдоого жана кайра курууга жаткан үйлөрдү сатып алып, өз каражатына оңдоо үчүн биригишет. ТКК анын мүчөлөрүнүн жашаган жана иштеген жерлери боюнча уюштурулат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТУРАКЖАЙ ТАСТЫКТАМАСЫ – алардын ээлеринин аны чыгарууда аныкталган шарттарды сактоо менен туракжай сатып алууга укуктуулугун күбөлөөчү баалуу кагаз. Т. т-н басып чыгаруунун тартиби жана жүгүртүү мыйзамга ылайык ишке ашырылат. Т. т-нын өз ээси (тастыктаманы сатып алган жеке жана юридикалык жак) Т. т. белгиленген мөөнөттүн ичинде өлчөмү өзгөрбөй турган жалпы аянты белгилүү туракжайын курууга каражат төлөгөнүн күбөлөйт. Т. т-н жүгүртүүгө чыгарган адам туракжай (үй, квартира) сатып алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТУРАКЖАЙ УКУГУ – 1) туракжай фондун пайдалануу боюнча мамилелерди теске салуучу укуктук ченемдердин жыйындысы. КР Т. у. укуктун өзалдынча тармагы эмес, жана өзүнүн мааниси боюнча «туракжай мыйзамы» деген түшүнүккө туура келет. Т. у-нун негизин жарандык укуктун (туракжайларын жалдоо жана ижарага алууда мүлктүк мамилелер) ченемдери түзөт, ошентсе да, мында административдик-укуктук (туракжай фондун кайтарууну уюштуруу) ченемдери, үйбүлөлүк укуктун (туракжай ээсинин үйбүлө мүчөлөрүнүн укуктары) ченемдери маанилүү роль ойнойт; 2) тийиштүү окуу сабагы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТУРАКЖАЙ ФОНДУ – менчигинин түрүнө карабастан баардык турак үйлөрдүн жана башка курулуштардагы туракжайлардын жыйындысы. Т. ф. турак үйлөрдөгү соода-сатык, турмуш-тиричилик жана башка өндүрүштүк эмес мүнөздөгү киши жашабаган жайлар кирбейт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТУРАКЖАЙ ЭМЕС ФОНД – турак үйдүн жалпы мүлкүнөн сырткаркы, калкты социалдык тейлөөгө арналган, административдик мекемелерди жана коомдук уюмдарды жайгаштырууга эсептелген курулуштар, имараттар жана жайлар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТУРАКЖАЙ ЭЭЛЕРИНИН ШЕРИКТИГИ – үй ээлеринин биригүү таризи, көп батирлүү үйдөгү кыймылсыз мүлк комплексине ээлик кылуу, жалпы мүлктү мыйзамда белгиленген чектерде пайдалануу, биргелешип башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн коммерциялык эмес уюм.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТУРАКЖАЙ ЭЭЛИК ПАСПОРТУкондоминиум кыймылсыз мүлктүн бирдиктүү топтому катары катталгандыгы, ошондой эле кондоминиумдагы кыймылсыз мүлккө карата укук жана ал боюнча бүтүмдөр жөнүндөгү ырасмий документ. Т. э. п. накта ченөөнүн жана архитектура жана шаар куруу органдары, жерди пайдалануу жана жер байлыгы боюнча, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча органдардын берген маалыматтардын негизинде аймактык же жергиликтүү техникалык каттоо бюросу тарабынан түзүлөт. Ал (кондоминиумду башкаруу таризине жараша) туракжай ээсинде, тапшырыкчылар же шериктештик кызматтарында сакталат.