Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жашоо шарттары, күндөлүк тиричилик. Турмуш кыстап ушундай, Туура тосту жолумду (Казыбек). Мезгил өткөн сайын, келечек турмуш жөнүндө ойлоо ар кимдин башына түштү (Сасыкбаев). Турмуш бардыкка үйрөтөт эмеспи (Байтемиров). Катаал турмуштун запкысынан эл жүрөгү букка толду (Жакиев). Кабылып катаал турмуш бороонуна, Тагдырдын ачуу даамын татканымды (Байгазиев). 2. Бизди курчап турган реалдуу чындык; тиричилик. Турмушта болбой турган көрүнүш.