Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. 1. Бир нерсени кыюу, тилүү, кыркуу. Отуз өлчөп, бир кес (макал).
¨ Кесе айтуу же кесе сүйлөө — ток этер жерин айтуу, кыскасын айтуу, аныгын айтуу. Алымкул [сөздү] кесе айтты (Абдукаримов). Ал ушундай кылууга аракет кылалы деп кесе айта албады (Убукеев). Кулак-мурун кескендей — жымжырт, тынч. Теребел кулак-мурун кескендей жымжырт эле (Сыдыкбеков). Көкөйүн кесүү — көңүлгө, жүрөккө тийүү, көңүлүн калтыруу, көкөйүнө тийүү, жанга батуу. Жокчулук көкөйүмдү кескен (Барпы). Көк шорпо менен кара нан Көкөйүн кести адамдын (Бөкөнбаев).
КЕС II этиш. юр. Күнөөлүү адамга сот тараптан өкүм чыгаруу, белгилүү мөөнөткө эркинен ажыратуу. Ууруну беш жыл кести.

Киргизско-русский словарь Юдахина
кес- I
1. резать, отрезать;
баш кесмек бар, тил кесмек жок погов. голову режут, а язык не режут (нужно говорить прямо, начистоту);
ээрдин кесе тиштенип фольк. (в гневе) он до крови (букв. разрезав) прикусил губу;
2. урезать, укорачивать; ослаблять;
кайгы өмүрдү кесет, калп ырысты кесет погов. горе жизнь укорачивает, ложь счастье укорачивает;
айран, сүт дегенди ичпе, дарынын күчүн кесип салат айрана и молока не пей, они ослабляют силу лекарства (которое тебе дано);
3. осудить, приговорить;
ууруну беш жыл кести вора приговорили к пятилетнему заключению;
кесип или кесе решительно, категорически;
кесип айт- или кесе айт-сказать решительно, категорически;
кесе чапкандай как отрублено, решительно, окончательно;
чыккынчылык аракеттерин кесе чаап турушту они решительно пресекали предательские действия;
кесе убада бекит- дать (взаимно) твёрдое обещание;
кесе бас- крепко, с силой валять (войлок);
кесе бастыр- заставить с силой валять (войлок);
келинге кесе бастырып, кызга кыял тиктирип фольк. молодухам приказано крепко валять, девушкам велено узоры расшивать;
дем кес- сбить спесь;
кендир кес- см. кендир;
куйрук кести см. куйрук 1.
кес- II
то же, что кез- III.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өткүр курал менен (бычак, балта ж. б.) кыркуу, кыюу. Шордуу энем Каныкей, Жүрөгү майлуу болсун деп, Жая кесип жал берди («Сейтек»). Карагай кесип, тал кыркып (Токтогул). 2. Тилүү, тилик кылуу, тилип түшүү. Жоон топ киши суу бойлоп айдалган апийимди кесип жүрөбүз (Элебаев). Тоңголок кести бутумду, Малыңа кантип барамын (Барпы). Колумду кесип кетерин билсем, этият кылбайт белем, бармагымдын терисин шылып кетпедиби! («Ала-Тоо»). Кыя чабуу, чаап таштоо. Ак албарс миздүү кылыч бер, Ажыдаар башын кесейин («Манас»). 3. Дарынын, уунун ж. б. күчүнө карама-каршы таасир этүү, жоюп жиберүү, жеңүү. Айран, сүт дарынын ууланта турган нерсенин күчүн кесет. 4. Өксүтүү, кемитүү. Кайгы өмүрдү кесет, калп ырысты кесет (макал). 5. Туура басып өтүү, туура өтүп кетүү. Эгерде токойго бет алсак, ушу кыштакты кесип өткөн чоң жолдун ары жагына чыгабыз (Каимов). Чаргын көчөнү туура кесип желдирте чыкты (Сыдыкбеков). 6. Чен, өлчөм. Тилдин учу без болду ай, Болот, Тиштин учу кес болду ай, Болот («Эл адабияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
юр. Күнөөлүү адамга сот тарабынан өкүм чыгарып, белгилүү мөөнөткө эркинен ажыратуу же чыгым тарттыруу. Айыбы үчүн элүү сом кести. Бир кедей чыгым таппай кечиктирсе, Мойнуна абак кесип, сотко айдаган («Жазгыч акындар»). Кожо, молдо, эшенди Ажыратып эркинен Кескен элди карачы (Токтогул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
кесе I
ир.
1. большая чашка (имеющая форму чыны, см. чыны I 2);
сыр кесе чатк. деревянная крашеная чашка;
шак кесе или ша кесе чатк. большая фарфоровая чашка; (ещё прим. см. кери I);
2. тяньш. деревянная чашка;
3. тяньш. то же, что керден I;
көздүн кесеси южн. глазная впадина, глазная орбита.
кесе- II
то же, что кезе-;
мылтыгын кесеп калыптыр он нацелил ружьё.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чоң чыны, жыгач чөйчөк, аяк. Шамбеттин колунда кесе толо кымыз мелт-калт этет (Сыдыкбеков). Жыгач кеселерди чанач кармаган жигиттин алдына койду (Абдукаримов). Чалап куят сыр кесеге жаймалап («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чечкиндүү сүйлөө, олку-солку болбой оюн так, даана баяндоо. Эртеден бери шылтоо таппай шылкыйгандарды кыдырата көз алдынан өткөрүп, сөзүн кесе айтты (Ашымбаев). Ишке тааныштыргын деп кесе айтты (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Чечкиндүү сүйлөө, олку-солку болбой оюн так, даана баяндоо. Эртеден бери шылтоо таппай шылкыйгандарды кыдырата көз алдынан өткөрүп, сөзүн кесе айтты (Ашымбаев). Ага удаа дагы бир өтүкчү сөз алып, коммуна бизге жарашпайт деп кесе айтты (Ашымбаев). Ишке тааныштыргын деп кесе айтты (Осмоналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
кесек I
1. кусок, комок;
кесек талкан крупное толокно;
кесек эт мясо, нарезанное крупными кусками;
жеткен кесек менен, жетпеген тезек менен погов. кому удалось - комком, кому не удалось - помётом; бьют кто чем попало;
2. этн. комочек сухой глины (употребляемый после отправления естественных надобностей);
кара кесек мясо без жира;
келин-кесек молодухи;
келин-кесек, кыз-кыркын молодухи и девушки;
кемпир-кесек старухи;
кесек тоют см. тоют;
таш кесек см. таш I.
кесек II
1. только, исключительно (с выражением неодобрения);
кесек митаамдар сплошь жулики;
кесек кудай ургандар одна шваль, всякая шваль;
кесек уурулар, бузуктар одни воры, хулиганы;
2. негодник, мерзавец;
кесектер сброд, стервецы;
кесек ит (о человеке) негодный пёс.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Талкаланган, майдаланган нерсенин чоңураак бөлүгү. Алмадай кесек калтырбай, Маласын майда тарткан бар (Акаев). Ур, талкала, кесектерин кетменде (Үсөнбаев).
  1. 2.                  Дубал согуу үчүн атайын тоголоктолгон топурак.
  2. 3.                  өт. Өңкөй, өңчөй, ылгый. Кесек митаамдар.

¨ Кара кесек к. кара III.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Талкаланган, майдаланган нерсенин чоңураак бөлүкчөсү, бүтүн калган бөлүгү. Алима эже жерге эңкейип кесек алат да, улуган итти кесек менен урат (Абдукаримов). Алмадай кесек калтырбай, Маласын Жайда тарткан бар (Акаев). Алар көмүрдүн кесектерине, тозоңуна көмүлдү да калды (Сасыкбаев). 2. Дубал согуу же башка нерселерди куруу, тургузуу үчүн ылайдан тоголоктолгон топурак. 3. Майда эмес, анча майдаланбаган. Кесек талкан. Кесек кум.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир. южн. [кәсәкүл, кәсәгүл]
1. мальчик, подающий (во время угощения) чашу с кумысом;
2. виночерпий или тот, кто подаёт чашу с кумысом;
адегенде кэсэкүл өзу ичет сначала пьёт виночерпий.

Киргизско-русский словарь Юдахина
кесел I
ар.
1. болезнь;
эмине кесели бар? что у него за болезнь?, чем он болен?
кеселди жашырса, өлүм ашкерелейт погов. если скрывать болезнь, смерть (всё равно её) откроет;
2. больной;
ал киши кесел тот человек болен.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Адамдын же жалпы эле жаныбарлардын сыркоо, оору абалы, дарт, илдет. Келген кесел чалып жерге кулатты, Муңга батып, төшөгүндө ал жатты (Баласагын). Кесел адам. Малдын кесели. 2. Оорулуу, илдеттүү, сыркоологон адам. Үсөн докторго бала жүгүрттү. Доктор келип, кеселдин тамырын кармап, жүрөгүн тыңшап көрдү (Касымбеков).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЕСЕНДИ — жылан, чаян сыяктуу жандыктар. Манасты оңой эле жеңип алам деген Шоорук кандын кебинде айтылат:
Жолугарга жолукпай
Жолу каткан кыргызды.
Шоролу менен Тагарма
Жооп берип ким тургузду?
Кесендиси уруусу,
Кесири тиер мунусу (Курама варианты, 1. 149).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир ишке, ой-тилекке, максатка ж. б. каргаша болгон, зыяны тийген жоболоңдуу окуя, кырсык, тескери жорук-жосун, кыянат. Тоюп эсирген адамдардын кесепети бечара-карыптарга тийчү болду (Элебаев). Каардуу согуштун кесепети Сүлүктүгө да тийди (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кесепети бар, кесирлүү, каргашалуу, жоболоңдуу, кырсыктуу. Айыл арасында көзгө илинбей бугуп жаткан эскиликтин кесепеттүү натыйжасын эске албапмын («Ала-Тоо»). Бул жолдун кесепеттүү окуяларын мен жакшы билем («Ала-Тоо»). Кесепеттүү адам экенсиң да, сен турганда ишибиз оңолчудай эмес («Чалкан»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕСЕПЧИЛИК (АЛДАМЧЫЛЫК) – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган бирөөнүн менчигине каршы жасалган кылмыш, уурдоонун зордук-зомбулуксуз таризи. Ал бирөөнүн мүлкүнө ээлик кылып алууну же алдоо жолу аркылуу мүлккө ээ болууну же бирөөнүн ишениминен пайдаланууну түшүндүрөт. Кайра кайталанган, көмүскө бүтүм аркылуу жасалган, ошондой эле кызмат абалынан пайдалануу менен өтө ири өлчөмдө, уюмдашкан топ тарабынан жасалган К. квалификациялуу болуп эсептелет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
кесер I
ат кесерден по грудь коню (гл. обр. о снеге);
так кесер то же, что үзүл-кесил (см. үзүл I);
так кесер терең анализ анализ, позволяющий сделать определённые выводы, глубокий анализ.
кесер- II
то же, что кезер-.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
: баш кесер — киши өлтүргүч; киши өлтүрүүдөн да кайра тартпаган, зөөкүр. Баш кесерлер жоголуп, кубанып жүргөн убагым (Токтогул). Жаныңдан үмүтүң болсо, али да кеч эмес.. айт!дешет баш кесерлер (Бектенов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
кесик I
то же, что кезик I
трещины на коже рук или ног;
москоол колдорунун чорлору, муундарындагы кесиктери эмгектен талбай көп иштегендигин көрсөтөт мозоли на его сильных руках и трещины на суставах показывают, что он неустанно и много работает.
кесик- II
то же, что кезик- II.
кесик III
1. отрезанный; отрезок;
кесиктер теңдиги мат. равенство отрезков;
2. разг. репрессированный: осуждённый.

Киргизско-русский словарь Юдахина
кесил I
үзүл-кесил см. үзүл I.
кесил- II
возвр.-страд. от кес- I
1. резаться, отрезаться; быть порезанным, отрезанным;
2. урезаться, укорачиваться;
3. быть осуждённым, приговорённым;
сот тарабынан кесилген осуждён судом;
ууру беш жылга кесилди вор приговорён к пяти годам;
сырттан кесил- быть приговорённым заочно;
4. заплошать;
эндекей жатып эзилбе, кенебей жатып кесилбе фольк. оставаясь беззаботным, не ослабей, оставаясь беспечным, не заплошай;
5. (о коже рук, ног) потрескаться;
буту кесилди у него потрескалась кожа на ногах;
кендири кесилген он истощал, похудел.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. отрезок, кусок;
бир кесим эт кусочек мяса;
бир кесим нан кусок хлеба;
2. резание, подрезывание;
апийим кесими
1) сбор опия с головок мака (путём надреза головок);
2) сезон сбора опия;
3. судебное решение, определение наказания, судебный приговор;
кесим кес- присуждать; выносить судебное решение;
кесим мал ист. скот или деньги, уплачивавшиеся в виде компенсации обидчиком пострадавшему (каков бы ни был предмет спора: воровство, уход жены от мужа и т.д.) или в виде калыма;
кесим кылып кызымды, билбеймин малга сатууну фольк. я не знаю того, чтобы назначать цену за свою дочь и продавать её, получая скот.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Кесилген бир бөлүк. Ирина Яшанын алдына чоң кесим нан менен бир стакан сүттү койду (Жантөшев).
2. эс. Чечим, өкүм, бүтүм. Манаптын боору эзилди, Кедейлер кылды кесимди (Тоголок Молдо). Он карадан бир кара Кесими бар дечү эле (Токтогул). Кесим кылып кызымды, Билбеймин малга сатууну (Үсөнбаев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Адистикти, жөндөмдүүлүктү талап кылуучу белгилүү иш тармагы же белгилүү багыт менен өнүктүрүлүп отурган ишмердүүлүк, профессия. Мугалимдик кесип. Кол өнөрчүлүк кесиби. Врачтык кесип.

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
кесип, кесиби, кесиппи
кесип гигиенасы
кесип оорулары
кесипке багыттоо
кесиптик багыт берүү
(пед.)
кесиптик билим берүү
(пед.)
кесиптик бирдиктер
укук
кесиптик жумушчу
станция (комп.)
кесиптик лексика (лингв.)
кесипти өркүндөтүү (пед.)

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Адистикти, жөндөмдүүлүктү талап кылуучу белгилүү иш тармагы же белгилүү багыт менен өнүктүрүлүп отурган ишмердүүлүк, профессия. Мугалимдик кесип. Аңчылык кесиби. Кол өнөрчүлүк кесиби.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Зыкым, сараң, колунан эч нерсе чыкпаган, катуу баш. Кесип алса, кан чыкпаганына Эдигенин көзү жетти (Осмоналиев). Бул жамандан кесип алса, этинен кан чыкпайт көрүнөт? (Сыдыкбеков). В.: Кессе кан чыкпаган. Мамырмазимдин бул кызы кессең кан чыкпаган бир жез тырмак эле (Элебаев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕСИПКӨЙЛҮК КЫЛМЫШТУУЛУК – төмөнкү белгилер менен мүнөздөлгөн кылмыштуулук: а) кылмыштуу иштердин туруктуу түрү (адистешүүсү); б) кылмышкердин белгилүү билим жана жөндөмдөргө ээ болуусу; в) кылмыш кылуу жашап туруу каражатынын негизги булагы болгону; г) антисоциалдык чөйрө менен туруктуу байланыштарынын болушу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕСИПТИК БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮ – негизги же жалпы орто билимдин базасында коомдук пайдалуу ишмердүүлүктүн негизги багыттары боюнча адистикке ээ эмгектин жумушчуларын (жумушчуларды, кызматчыларды) негизги же жалпы билим берүү базасында 10 пайыздан ашык эмес, ал эми жетүүгө кыйын жана алыскы аймактарда – 15 пайыздан ашык эмес даярдоо.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕСИПТИК БИРЛИК МҮЧӨСҮ – иштеп жүргөн (окуп аткан), иштебеген пенсионерлер; ишканадан анын мекеме уюмдарынын эсалууга чыккан кесиптик бирликтин Уставын тааныган адам; ишканадан жумушчулардын санына же штаттын кыскаруусуна, бөлүмдөрдүн түздөнтүз жоюлгандыгына байланыштуу бошотулганда, алар башка ишке орношконунча, ошондой эле балдарды тарбыялоо, бейтаптарды же майыптарды багуу үчүн убактылуу иштөөсүн токтоткон жумушчулар үчүн кесиптик уюмдун мүчөлүгү сакталат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕСИПТИК БИРЛИКТЕР – өз мүчөлөрүнүн эмгектик жана социалдык-экономикалык укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо үчүн өндүрүш же дагы башка чөйрөдөгү жалпы кызыкчылык негизинде түзүлгөн жарандардын өз ыктыярдуу коомдук биримдиги.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕСИПТИК СЫР – айрым кесиптеги адамдарга ишенип тапшыруудан улам келип чыгып, аны сактоо зарылдыгы мыйзамдар тарабынан корголо турган сырлар тобунун жалпы аталышы. К. с-га адвокаттык сыр, дарыгердик сыр, нотариалдык сыр ж. б. кирет. Бирок, К. с-ды сактоо милдети кызмат кызыкчылыгынан келип чыга турган кызматтык сырынан айырмалай билүү керек.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. пренебрежительное отношение; несчастье как следствие пренебрежительного, надменного отношения к чему-л.;
тамакты кесир кылба не относись пренебрежительно к пище;
кесири чоң привередливый, относящийся ко всему с большим пренебрежением;
бүткөн боюнун бары эле кесир он - воплощённое пренебрежение, воплощённая надменность;
малды теппе, кесири болот не пинай скот, (иначе) будет несчастье (ты лишишься скота);
кесир күт- или кесир чайка- заважничать; относиться ко всему с пренебрежением;
ити май жебей, кесир күтөт он так заважничал, что его собака (даже) сала не ест;
кесир сүйлө- говорить надменно, высокомерно, с пренебрежением;
ооз кесирибизди кечиргин прости нам наши неподобные речи;
сенин ооз кесириң ала кетти ты накликал несчастьс своим бахвальством;
кызматтан качкан кесир негодник, отлынивающий от работы;
ооруй турган учурду, кыла турган кесирди тапканын кара! смотри-ка, нашёл же он время болеть и чваниться! (это всё только кичливые отговорки);
2. чванливый; гордец;
мунун кесирин кара! или жаткан кесир экенсиң! подумаешь, цаца какая!; что это за цаца такая!;
кесир-кусуру болбосун не примите за хвастовство.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Зыян, залал, кырсык, тоскоол, кесепет. Көтөрүлүп көп сүйлөп, Учураба кесирге (Токтогул). Келтирбегин жаныңа Кесири тийчү арамды (Токтогул). [Орусбек].. берки жакшы иштеген балдарга да кесирин тийгизди (Сыдыкбеков).
¨ Ооз кесир к. ооз. Кең-кесир к. кең.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсенин баркын, кадырын билбеген текеберчилик, аны чангандык, баалабагандык же ошондой мамиледен улам болду деп эсеп кылынган кырсык. Тамакты кесир кылба. Кесири тийүү. Кесир болот деп коркуу, Кесир сүйлөө: Мунун кесирин кара! 2. Зыян, залал, кесепет, каргаша. Кесир кылса бул ишке, Кекти ошондон алалык («Эр Табылды»). Ак ниеттүү адамды Кесир кылып тоспогун (Токтогул). Менин кесирим тийдиби? (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. приносящий беду, приносящий несчастье; вредоносный;
ал кесирдүү иттин кесири тийди из-за этого подлого пса несчастье обрушилось;
кесирдүү башка келгең бактыны кетирет погов. мерзавец отгонит привалившее счастье;
2. важный, надменный;
кесирдүү аркы-терки басып жүрөт он с надменным видом расхаживает взад и вперёд;
кымкап чепкенди кесирдүү жамынып важно накинув на себя парчовый халат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Текеберчилиги бар, бой көтөргөн, менменсиген, кекирейген. Кесирдүү киши. 2. Кесепеттүү, зыяндуу, кырсыктуу. Көрдүк бейм баштан өткөрүп, Кесирдүү жаат урушуң (Тоголок Молдо). Кесирдүү өлүм жолугуп, Кескен талдай куланып («Олжобай менен Кишимжан»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: кең-кесири свободно, просторно;
кең-кесири кийим свободная, просторная одежда;
кең-кесири отуралы сядем-ка посвободнее;
бул ун бир айга кең-кесири жетет этой муки вполне хватит на месяц;
кең-кесири жигит щедрый, хлебосольный парень; рубаха-парень.

Киргизско-русский словарь Юдахина
быть чванливым, надменным, важничать;
жаздыкты чыканактап, кесирленип олтуруптур он важно восседает, облокотившись на подушку;
кесирленген эр башын, канжыгага чалыптыр фольк. голову надменного молодца он приторочил (см. канжыга).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кесир кылуу, чануу, жамансынтып текеберсинүү. Айранды кесирленип ичпей, кымыз болсо деп турган го! («Ала-Тоо»). 2. Бой көтөрүп чиренүү, эчтемени көзүнө илбей менменсинүү, текебер кылуу. Камчысын ээрдин кашына таяп, кесирленип, ат үстүндө гана карап турат (Элебаев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕСКИЛИК – коомчулуктун коопсуздугуна каршы КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган кылмыш. Ал төмөндөгүлөрдөн турат: а) жарандарга же уюмдарга колсалуу максатында туруктуу уюшулган куралдуу топту (банданы (кескитопту) түзүү, андай топко (кескитопко) жетекчилик кылуу; б) куралдуу топко (кескитопко) катышуу, демек, банданын колсалууларына катышуу. Бир дагы жолу колсалуу жасабагандыгына карабастан, куралдуу кескитопту уюштуруунун өзү эле аякталган кылмыш болуп таанылат. Кескитопко катышуу – ошондой эле аякталган кылмыш.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыска, шар, чечкиндүү. Тоозак эчтекеден кайра тартпайт, аракети да, сөзү да өтө кескин (Абдукаримов). Досунун кескин жообун укканда, башын чулгуп алып, бирок эмне дээрин билбей тунжурай түштү («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Камырдан ичке кесилип, тамакка салына турган азык заты жана ушундан жасалган ысык тамак. Табактарга кесме куюлуп, нан стол үстүндө тууралып жатты (Байтемиров). 2. диал. Эки элидей болгон жака.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
көбүнчө кийиз бычуудагы, ага көркөм оюм чыгаруудагы жука, учу учтуу, өтө курч, кармоого эптүү уздардын маки сымал бычагы. Азыр айрым чеберлер кайчы менен да кийиз кайчылап калышат. Бирок, ал бат эле колду талытып жиберет. Кийиз калың болгондуктан, кестик оюмдун бурчтарын төп чыгарууга оңтойлуу келет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от кес- I
1. заставить резать;
кайдагы бир адамдын алпы жолугуп, боорумду кестирип коё жаздадым (из сказки) встретился мне какой-то богатырь и чуть было не вырезал (я чуть было не допустил, чтобы он вырезал) мне печень;
кара торпок кестир- этн. велеть зарезать чёрного телёнка, разрезать на куски и раздать (один из видов жертвы);
2. заставить осудить;
3. рел. совершать обряд обрезания;
кестирбеген разг.
1) необрезанный;
2) перен. немусульманин.