Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕСИПТИК БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮ – негизги же жалпы орто билимдин базасында коомдук пайдалуу ишмердүүлүктүн негизги багыттары боюнча адистикке ээ эмгектин жумушчуларын (жумушчуларды, кызматчыларды) негизги же жалпы билим берүү базасында 10 пайыздан ашык эмес, ал эми жетүүгө кыйын жана алыскы аймактарда – 15 пайыздан ашык эмес даярдоо.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕСИПТИК БИРЛИК МҮЧӨСҮ – иштеп жүргөн (окуп аткан), иштебеген пенсионерлер; ишканадан анын мекеме уюмдарынын эсалууга чыккан кесиптик бирликтин Уставын тааныган адам; ишканадан жумушчулардын санына же штаттын кыскаруусуна, бөлүмдөрдүн түздөнтүз жоюлгандыгына байланыштуу бошотулганда, алар башка ишке орношконунча, ошондой эле балдарды тарбыялоо, бейтаптарды же майыптарды багуу үчүн убактылуу иштөөсүн токтоткон жумушчулар үчүн кесиптик уюмдун мүчөлүгү сакталат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕСИПТИК БИРЛИКТЕР – өз мүчөлөрүнүн эмгектик жана социалдык-экономикалык укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо үчүн өндүрүш же дагы башка чөйрөдөгү жалпы кызыкчылык негизинде түзүлгөн жарандардын өз ыктыярдуу коомдук биримдиги.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕСИПТИК СЫР – айрым кесиптеги адамдарга ишенип тапшыруудан улам келип чыгып, аны сактоо зарылдыгы мыйзамдар тарабынан корголо турган сырлар тобунун жалпы аталышы. К. с-га адвокаттык сыр, дарыгердик сыр, нотариалдык сыр ж. б. кирет. Бирок, К. с-ды сактоо милдети кызмат кызыкчылыгынан келип чыга турган кызматтык сырынан айырмалай билүү керек.