кесек
Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. 1. Талкаланган, майдаланган нерсенин чоңураак бөлүгү. Алмадай кесек калтырбай, Маласын майда тарткан бар (Акаев). Ур, талкала, кесектерин кетменде (Үсөнбаев).
¨ Кара кесек к. кара III.
- 2. Дубал согуу үчүн атайын тоголоктолгон топурак.
- 3. өт. Өңкөй, өңчөй, ылгый. Кесек митаамдар.
¨ Кара кесек к. кара III.