КЕСЕ АЙТУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Чечкиндүү сүйлөө, олку-солку болбой оюн так, даана баяндоо. Эртеден бери шылтоо таппай шылкыйгандарды кыдырата көз алдынан өткөрүп, сөзүн кесе айтты (Ашымбаев). Ага удаа дагы бир өтүкчү сөз алып, коммуна бизге жарашпайт деп кесе айтты (Ашымбаев). Ишке тааныштыргын деп кесе айтты (Осмоналиев).