приносящий беду; пакостный, гнусный;
кесирдүү ооздон кесепеттүү сөз чыгат погов. из гадкого рта исходят гнусные слова.
сын. Кесирлүү, кырсыктуу, каргашалуу. Кесепеттүү манаптан Кедей пайда таппадың (Тоголок Молдо). Батып сен ошол кезде кайгы, муңга, Көтөрдүң кесепеттүү азап-дартты (Үсөнбаев).
Кесепети бар, кесирлүү, каргашалуу, жоболоңдуу, кырсыктуу. Айыл арасында көзгө илинбей бугуп жаткан эскиликтин кесепеттүү натыйжасын эске албапмын («Ала-Тоо»). Бул жолдун кесепеттүү окуяларын мен жакшы билем («Ала-Тоо»). Кесепеттүү адам экенсиң да, сен турганда ишибиз оңолчудай эмес («Чалкан»).