КЕСЕПЕТТҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Кесепети бар, кесирлүү, каргашалуу, жоболоңдуу, кырсыктуу. Айыл арасында көзгө илинбей бугуп жаткан эскиликтин кесепеттүү натыйжасын эске албапмын («Ала-Тоо»). Бул жолдун кесепеттүү окуяларын мен жакшы билем («Ала-Тоо»). Кесепеттүү адам экенсиң да, сен турганда ишибиз оңолчудай эмес («Чалкан»).