Киргизско-русский словарь Юдахина
кесе I
ир.
1. большая чашка (имеющая форму чыны, см. чыны I 2);
сыр кесе чатк. деревянная крашеная чашка;
шак кесе или ша кесе чатк. большая фарфоровая чашка; (ещё прим. см. кери I);
2. тяньш. деревянная чашка;
3. тяньш. то же, что керден I;
көздүн кесеси южн. глазная впадина, глазная орбита.
кесе- II
то же, что кезе-;
мылтыгын кесеп калыптыр он нацелил ружьё.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чоң чыны, жыгач чөйчөк, аяк. Шамбеттин колунда кесе толо кымыз мелт-калт этет (Сыдыкбеков). Жыгач кеселерди чанач кармаган жигиттин алдына койду (Абдукаримов). Чалап куят сыр кесеге жаймалап («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Чечкиндүү сүйлөө, олку-солку болбой оюн так, даана баяндоо. Эртеден бери шылтоо таппай шылкыйгандарды кыдырата көз алдынан өткөрүп, сөзүн кесе айтты (Ашымбаев). Ага удаа дагы бир өтүкчү сөз алып, коммуна бизге жарашпайт деп кесе айтты (Ашымбаев). Ишке тааныштыргын деп кесе айтты (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чечкиндүү сүйлөө, олку-солку болбой оюн так, даана баяндоо. Эртеден бери шылтоо таппай шылкыйгандарды кыдырата көз алдынан өткөрүп, сөзүн кесе айтты (Ашымбаев). Ишке тааныштыргын деп кесе айтты (Осмоналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
кесек I
1. кусок, комок;
кесек талкан крупное толокно;
кесек эт мясо, нарезанное крупными кусками;
жеткен кесек менен, жетпеген тезек менен погов. кому удалось - комком, кому не удалось - помётом; бьют кто чем попало;
2. этн. комочек сухой глины (употребляемый после отправления естественных надобностей);
кара кесек мясо без жира;
келин-кесек молодухи;
келин-кесек, кыз-кыркын молодухи и девушки;
кемпир-кесек старухи;
кесек тоют см. тоют;
таш кесек см. таш I.
кесек II
1. только, исключительно (с выражением неодобрения);
кесек митаамдар сплошь жулики;
кесек кудай ургандар одна шваль, всякая шваль;
кесек уурулар, бузуктар одни воры, хулиганы;
2. негодник, мерзавец;
кесектер сброд, стервецы;
кесек ит (о человеке) негодный пёс.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Талкаланган, майдаланган нерсенин чоңураак бөлүгү. Алмадай кесек калтырбай, Маласын майда тарткан бар (Акаев). Ур, талкала, кесектерин кетменде (Үсөнбаев).
  1. 2.                  Дубал согуу үчүн атайын тоголоктолгон топурак.
  2. 3.                  өт. Өңкөй, өңчөй, ылгый. Кесек митаамдар.

¨ Кара кесек к. кара III.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Талкаланган, майдаланган нерсенин чоңураак бөлүкчөсү, бүтүн калган бөлүгү. Алима эже жерге эңкейип кесек алат да, улуган итти кесек менен урат (Абдукаримов). Алмадай кесек калтырбай, Маласын Жайда тарткан бар (Акаев). Алар көмүрдүн кесектерине, тозоңуна көмүлдү да калды (Сасыкбаев). 2. Дубал согуу же башка нерселерди куруу, тургузуу үчүн ылайдан тоголоктолгон топурак. 3. Майда эмес, анча майдаланбаган. Кесек талкан. Кесек кум.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир. южн. [кәсәкүл, кәсәгүл]
1. мальчик, подающий (во время угощения) чашу с кумысом;
2. виночерпий или тот, кто подаёт чашу с кумысом;
адегенде кэсэкүл өзу ичет сначала пьёт виночерпий.

Киргизско-русский словарь Юдахина
кесел I
ар.
1. болезнь;
эмине кесели бар? что у него за болезнь?, чем он болен?
кеселди жашырса, өлүм ашкерелейт погов. если скрывать болезнь, смерть (всё равно её) откроет;
2. больной;
ал киши кесел тот человек болен.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Адамдын же жалпы эле жаныбарлардын сыркоо, оору абалы, дарт, илдет. Келген кесел чалып жерге кулатты, Муңга батып, төшөгүндө ал жатты (Баласагын). Кесел адам. Малдын кесели. 2. Оорулуу, илдеттүү, сыркоологон адам. Үсөн докторго бала жүгүрттү. Доктор келип, кеселдин тамырын кармап, жүрөгүн тыңшап көрдү (Касымбеков).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЕСЕНДИ — жылан, чаян сыяктуу жандыктар. Манасты оңой эле жеңип алам деген Шоорук кандын кебинде айтылат:
Жолугарга жолукпай
Жолу каткан кыргызды.
Шоролу менен Тагарма
Жооп берип ким тургузду?
Кесендиси уруусу,
Кесири тиер мунусу (Курама варианты, 1. 149).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир ишке, ой-тилекке, максатка ж. б. каргаша болгон, зыяны тийген жоболоңдуу окуя, кырсык, тескери жорук-жосун, кыянат. Тоюп эсирген адамдардын кесепети бечара-карыптарга тийчү болду (Элебаев). Каардуу согуштун кесепети Сүлүктүгө да тийди (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кесепети бар, кесирлүү, каргашалуу, жоболоңдуу, кырсыктуу. Айыл арасында көзгө илинбей бугуп жаткан эскиликтин кесепеттүү натыйжасын эске албапмын («Ала-Тоо»). Бул жолдун кесепеттүү окуяларын мен жакшы билем («Ала-Тоо»). Кесепеттүү адам экенсиң да, сен турганда ишибиз оңолчудай эмес («Чалкан»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕСЕПЧИЛИК (АЛДАМЧЫЛЫК) – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган бирөөнүн менчигине каршы жасалган кылмыш, уурдоонун зордук-зомбулуксуз таризи. Ал бирөөнүн мүлкүнө ээлик кылып алууну же алдоо жолу аркылуу мүлккө ээ болууну же бирөөнүн ишениминен пайдаланууну түшүндүрөт. Кайра кайталанган, көмүскө бүтүм аркылуу жасалган, ошондой эле кызмат абалынан пайдалануу менен өтө ири өлчөмдө, уюмдашкан топ тарабынан жасалган К. квалификациялуу болуп эсептелет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
кесер I
ат кесерден по грудь коню (гл. обр. о снеге);
так кесер то же, что үзүл-кесил (см. үзүл I);
так кесер терең анализ анализ, позволяющий сделать определённые выводы, глубокий анализ.
кесер- II
то же, что кезер-.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
: баш кесер — киши өлтүргүч; киши өлтүрүүдөн да кайра тартпаган, зөөкүр. Баш кесерлер жоголуп, кубанып жүргөн убагым (Токтогул). Жаныңдан үмүтүң болсо, али да кеч эмес.. айт!дешет баш кесерлер (Бектенов).