кесе I ир. 1. большая чашка (имеющая форму чыны, см.чыны I 2); сыр кесе чатк. деревянная крашеная чашка; шак кесе или ша кесе чатк. большая фарфоровая чашка; (ещё прим.см.кери I); 2. тяньш. деревянная чашка; 3. тяньш.то же, чтокерден I; көздүн кесеси южн. глазная впадина, глазная орбита. кесе- II то же, чтокезе-; мылтыгын кесеп калыптыр он нацелил ружьё.
зат.1. Тамак ичүүгө арналган чоң чыны. Шамбеттин колунда кесе толо кымыз мелт-калт этет (Сыдыкбеков).
2.диал. Чоң чыны жана аны менен ичтеш жыгач чөйчөк, аяк. Сыр кесе. Жыгач кесе.
Чоң чыны, жыгач чөйчөк, аяк. Шамбеттин колунда кесе толо кымыз мелт-калт этет (Сыдыкбеков). Жыгач кеселерди чанач кармаган жигиттин алдына койду (Абдукаримов). Чалап куят сыр кесеге жаймалап («Ала-Тоо»).
Чечкиндүү сүйлөө, олку-солку болбой оюн так, даана баяндоо. Эртеден бери шылтоо таппай шылкыйгандарды кыдырата көз алдынан өткөрүп, сөзүн кесе айтты (Ашымбаев). Ага удаа дагы бир өтүкчү сөз алып, коммуна бизге жарашпайт деп кесе айтты (Ашымбаев). Ишке тааныштыргын деп кесе айтты (Осмоналиев).
Чечкиндүү сүйлөө, олку-солку болбой оюн так, даана баяндоо. Эртеден бери шылтоо таппай шылкыйгандарды кыдырата көз алдынан өткөрүп, сөзүн кесе айтты (Ашымбаев). Ишке тааныштыргын деп кесе айтты (Осмоналиев).
кесек I 1. кусок, комок; кесек талкан крупное толокно; кесек эт мясо, нарезанное крупными кусками; жеткен кесек менен, жетпеген тезек менен погов. кому удалось - комком, кому не удалось - помётом; бьют кто чем попало; 2. этн. комочек сухой глины (употребляемый после отправления естественных надобностей); кара кесек мясо без жира; келин-кесек молодухи; келин-кесек, кыз-кыркын молодухи и девушки; кемпир-кесек старухи; кесек тоют см.тоют; таш кесек см.таш I. кесек II 1. только, исключительно (с выражением неодобрения); кесек митаамдар сплошь жулики; кесек кудай ургандар одна шваль, всякая шваль; кесек уурулар, бузуктар одни воры, хулиганы; 2. негодник, мерзавец; кесектер сброд, стервецы; кесек ит (о человеке) негодный пёс.
1. Талкаланган, майдаланган нерсенин чоңураак бөлүкчөсү, бүтүн калган бөлүгү. Алима эже жерге эңкейип кесек алат да, улуган итти кесек менен урат (Абдукаримов). Алмадай кесек калтырбай, Маласын Жайда тарткан бар (Акаев). Алар көмүрдүн кесектерине, тозоңуна көмүлдү да калды (Сасыкбаев). 2. Дубал согуу же башка нерселерди куруу, тургузуу үчүн ылайдан тоголоктолгон топурак. 3. Майда эмес, анча майдаланбаган. Кесек талкан. Кесек кум.
ир.южн. [кәсәкүл, кәсәгүл] 1. мальчик, подающий (во время угощения) чашу с кумысом; 2. виночерпий или тот, кто подаёт чашу с кумысом; адегенде кэсэкүл өзу ичет сначала пьёт виночерпий.
кесел I ар. 1. болезнь; эмине кесели бар? что у него за болезнь?, чем он болен? кеселди жашырса, өлүм ашкерелейт погов. если скрывать болезнь, смерть (всё равно её) откроет; 2. больной; ал киши кесел тот человек болен.
1. Адамдын же жалпы эле жаныбарлардын сыркоо, оору абалы, дарт, илдет. Келген кесел чалып жерге кулатты, Муңга батып, төшөгүндө ал жатты (Баласагын). Кесел адам. Малдын кесели. 2. Оорулуу, илдеттүү, сыркоологон адам. Үсөн докторго бала жүгүрттү. Доктор келип, кеселдин тамырын кармап, жүрөгүн тыңшап көрдү (Касымбеков).
КЕСЕНДИ — жылан, чаян сыяктуу жандыктар. Манасты оңой эле жеңип алам деген Шоорук кандын кебинде айтылат:
Жолугарга жолукпай
Жолу каткан кыргызды.
Шоролу менен Тагарма
Жооп берип ким тургузду?
Кесендиси уруусу,
Кесири тиер мунусу (Курама варианты, 1. 149).
ар. буян, хулиган; каракчы, ууру, кесептер мекен кылган жер экен фольк. место, где обосновались грабители, воры, буяны; кесеп, митаамдардын тобу всякий сброд.
зат. Жегич, алдым-жуттум, ууру, каракчы, хулиган. Элдин оокатын уурдап бүлдүргөн кесеп (Аалы). Ээн талаа, чөл экен, Каракчы, ууру, кесептер Мекен кылган жер экен(«Сейтек»).
Кандайдыр бир ишке, ой-тилекке, максатка ж. б. каргаша болгон, зыяны тийген жоболоңдуу окуя, кырсык, тескери жорук-жосун, кыянат. Тоюп эсирген адамдардын кесепети бечара-карыптарга тийчү болду (Элебаев). Каардуу согуштун кесепети Сүлүктүгө да тийди (Сасыкбаев).
сын. Кесирлүү, кырсыктуу, каргашалуу. Кесепеттүү манаптан Кедей пайда таппадың (Тоголок Молдо). Батып сен ошол кезде кайгы, муңга, Көтөрдүң кесепеттүү азап-дартты (Үсөнбаев).
Кесепети бар, кесирлүү, каргашалуу, жоболоңдуу, кырсыктуу. Айыл арасында көзгө илинбей бугуп жаткан эскиликтин кесепеттүү натыйжасын эске албапмын («Ала-Тоо»). Бул жолдун кесепеттүү окуяларын мен жакшы билем («Ала-Тоо»). Кесепеттүү адам экенсиң да, сен турганда ишибиз оңолчудай эмес («Чалкан»).
КЕСЕПЧИЛИК (АЛДАМЧЫЛЫК) – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган бирөөнүн менчигине каршы жасалган кылмыш, уурдоонун зордук-зомбулуксуз таризи. Ал бирөөнүн мүлкүнө ээлик кылып алууну же алдоо жолу аркылуу мүлккө ээ болууну же бирөөнүн ишениминен пайдаланууну түшүндүрөт. Кайра кайталанган, көмүскө бүтүм аркылуу жасалган, ошондой эле кызмат абалынан пайдалануу менен өтө ири өлчөмдө, уюмдашкан топ тарабынан жасалган К. квалификациялуу болуп эсептелет.
кесер I ат кесерден по грудь коню (гл. обр. о снеге); так кесер то же, чтоүзүл-кесил (см.үзүл I); так кесер терең анализ анализ, позволяющий сделать определённые выводы, глубокий анализ. кесер- II то же, чтокезер-.
: башкесер — киши өлтүргүч; киши өлтүрүүдөн да кайра тартпаган, зөөкүр. Баш кесерлер жоголуп, кубанып жүргөн убагым (Токтогул). Жаныңдан үмүтүң болсо, али да кеч эмес.. айт! — дешет баш кесерлер (Бектенов).