КЕСЕЛ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Адамдын же жалпы эле жаныбарлардын сыркоо, оору абалы, дарт, илдет. Келген кесел чалып жерге кулатты, Муңга батып, төшөгүндө ал жатты (Баласагын). Кесел адам. Малдын кесели. 2. Оорулуу, илдеттүү, сыркоологон адам. Үсөн докторго бала жүгүрттү. Доктор келип, кеселдин тамырын кармап, жүрөгүн тыңшап көрдү (Касымбеков).