Боору менен сойлоп жүрүүчүлөр (жылан, кескелдирик, чаян өңдүү), чагуучулар, уусу барлар. Кесип кылган адамга, Кесенденин баары бар («Манас»).
КЕСЕНДИ — жылан, чаян сыяктуу жандыктар. Манасты оңой эле жеңип алам деген Шоорук кандын кебинде айтылат:
Жолугарга жолукпай
Жолу каткан кыргызды.
Шоролу менен Тагарма
Жооп берип ким тургузду?
Кесендиси уруусу,
Кесири тиер мунусу (Курама варианты, 1. 149).