зат. Адистикти, жөндөмдүүлүктү талап кылуучу белгилүү иш тармагы же белгилүү багыт менен өнүктүрүлүп отурган ишмердүүлүк, профессия. Мугалимдик кесип. Кол өнөрчүлүк кесиби. Врачтык кесип.
кесип, кесиби, кесиппи кесип гигиенасы кесип оорулары кесипке багыттоо кесиптик багыт берүү (пед.) кесиптик билим берүү (пед.) кесиптик бирдиктер укук кесиптик жумушчу станция (комп.) кесиптик лексика (лингв.) кесипти өркүндөтүү (пед.)
Адистикти, жөндөмдүүлүктү талап кылуучу белгилүү иш тармагы же белгилүү багыт менен өнүктүрүлүп отурган ишмердүүлүк, профессия. Мугалимдик кесип. Аңчылык кесиби. Кол өнөрчүлүк кесиби.
Зыкым, сараң, колунан эч нерсе чыкпаган, катуу баш. Кесип алса, кан чыкпаганына Эдигенин көзү жетти (Осмоналиев). Бул жамандан кесип алса, этинен кан чыкпайт көрүнөт? (Сыдыкбеков). В.: Кессе кан чыкпаган. Мамырмазимдин бул кызы кессең кан чыкпаган бир жез тырмак эле (Элебаев).
Зыкым, сараң, колунан эч нерсе чыкпаган, катуу баш. Кесип алса, кан чыкпаганына Эдигенин көзү жетти (Осмоналиев). Бул жамандан кесип алса, этинен кан чыкпайт көрүнөт? (Сыдыкбеков).
КЕСИПКӨЙЛҮК КЫЛМЫШТУУЛУК – төмөнкү белгилер менен мүнөздөлгөн кылмыштуулук: а) кылмыштуу иштердин туруктуу түрү (адистешүүсү); б) кылмышкердин белгилүү билим жана жөндөмдөргө ээ болуусу; в) кылмыш кылуу жашап туруу каражатынын негизги булагы болгону; г) антисоциалдык чөйрө менен туруктуу байланыштарынын болушу.
КЕСИПТИК БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮ – негизги же жалпы орто билимдин базасында коомдук пайдалуу ишмердүүлүктүн негизги багыттары боюнча адистикке ээ эмгектин жумушчуларын (жумушчуларды, кызматчыларды) негизги же жалпы билим берүү базасында 10 пайыздан ашык эмес, ал эми жетүүгө кыйын жана алыскы аймактарда – 15 пайыздан ашык эмес даярдоо.
КЕСИПТИК БИРЛИК МҮЧӨСҮ – иштеп жүргөн (окуп аткан), иштебеген пенсионерлер; ишканадан анын мекеме уюмдарынын эсалууга чыккан кесиптик бирликтин Уставын тааныган адам; ишканадан жумушчулардын санына же штаттын кыскаруусуна, бөлүмдөрдүн түздөнтүз жоюлгандыгына байланыштуу бошотулганда, алар башка ишке орношконунча, ошондой эле балдарды тарбыялоо, бейтаптарды же майыптарды багуу үчүн убактылуу иштөөсүн токтоткон жумушчулар үчүн кесиптик уюмдун мүчөлүгү сакталат.
КЕСИПТИК БИРЛИКТЕР – өз мүчөлөрүнүн эмгектик жана социалдык-экономикалык укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо үчүн өндүрүш же дагы башка чөйрөдөгү жалпы кызыкчылык негизинде түзүлгөн жарандардын өз ыктыярдуу коомдук биримдиги.
КЕСИПТИК СЫР – айрым кесиптеги адамдарга ишенип тапшыруудан улам келип чыгып, аны сактоо зарылдыгы мыйзамдар тарабынан корголо турган сырлар тобунун жалпы аталышы. К. с-га адвокаттык сыр, дарыгердик сыр, нотариалдык сыр ж. б. кирет. Бирок, К. с-ды сактоо милдети кызмат кызыкчылыгынан келип чыга турган кызматтык сырынан айырмалай билүү керек.
кесипчи, кесипчил ремесленник; кесипчилер или кесипчилдер уюму или кесипчилер союзу уст. профессиональный союз; кесипчилдер кооперациясы уст. промысловая кооперация.
КЕСИПЧИЛИК САЛЫГЫ – биркатар өлкөлөрдөгү ишкердүүлүктүн баардык түрүнөн жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жыл сайын алына турган тикелей салыктын бир түрү.