Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсенин баркын, кадырын билбеген текеберчилик, аны чангандык, баалабагандык же ошондой мамиледен улам болду деп эсеп кылынган кырсык. Тамакты кесир кылба. Кесири тийүү. Кесир болот деп коркуу, Кесир сүйлөө: Мунун кесирин кара! 2. Зыян, залал, кесепет, каргаша. Кесир кылса бул ишке, Кекти ошондон алалык («Эр Табылды»). Ак ниеттүү адамды Кесир кылып тоспогун (Токтогул). Менин кесирим тийдиби? (Сыдыкбеков).