КЕС I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Өткүр курал менен (бычак, балта ж. б.) кыркуу, кыюу. Шордуу энем Каныкей, Жүрөгү майлуу болсун деп, Жая кесип жал берди («Сейтек»). Карагай кесип, тал кыркып (Токтогул). 2. Тилүү, тилик кылуу, тилип түшүү. Жоон топ киши суу бойлоп айдалган апийимди кесип жүрөбүз (Элебаев). Тоңголок кести бутумду, Малыңа кантип барамын (Барпы). Колумду кесип кетерин билсем, этият кылбайт белем, бармагымдын терисин шылып кетпедиби! («Ала-Тоо»). Кыя чабуу, чаап таштоо. Ак албарс миздүү кылыч бер, Ажыдаар башын кесейин («Манас»). 3. Дарынын, уунун ж. б. күчүнө карама-каршы таасир этүү, жоюп жиберүү, жеңүү. Айран, сүт дарынын ууланта турган нерсенин күчүн кесет. 4. Өксүтүү, кемитүү. Кайгы өмүрдү кесет, калп ырысты кесет (макал). 5. Туура басып өтүү, туура өтүп кетүү. Эгерде токойго бет алсак, ушу кыштакты кесип өткөн чоң жолдун ары жагына чыгабыз (Каимов). Чаргын көчөнү туура кесип желдирте чыкты (Сыдыкбеков). 6. Чен, өлчөм. Тилдин учу без болду ай, Болот, Тиштин учу кес болду ай, Болот («Эл адабияты»).