ир. 1. дыхание; дем ал- 1) дышать, переводить дыхание; 2) отдыхать; балта көтөргүчө дөңгөч дем алат погов. пока топор поднимают, чурбак отдыхает; дем алыш 1) отдых; кезектүү дем алыш очередной отпуск; дем алыш үйлөрү дома отдыха; 2) радио перерыв; 3) уст. отпуск; дем алдыр- 1) дать перевести дыхание, дать передохнуть; 2) дать отдохнуть; 2. момент; демге койбой или бир демге койбой (в отношении объекта) вмиг, моментально; үч карындын майларын, бир демге койбой, жалмады фольк. он вмиг сожрал три бурдюка масла; демге калбай или бир демге калбай (в отношении субъекта) вмиг, моментально; жүз сом, бир демге калбай эле, жок болду ста рублей вмиг как не бывало; жүз сомду бир демге калтырбай (или койбой) жок кылды сто рублей он мигом истратил; дембе-дем (или дембедем) то и дело; бетинен мончоктоп аккан терин оромолу менен дембе-дем арчыган карыя старик, который то и дело платком своим вытирал падавшие со лба крупные капли пота; 3. храбрость, отвага; 4. сила, мощь; улуу совет элиң бар, бүтпөс сенин демиң бар стих. есть у тебя великий советский народ, есть у тебя неиссякаемая сила; абышкасы оштонуп, жигиттен кыйын деми бар стих. старики (там) бодрые, энергии у них больше, чем у парней; өйдө турар деми жок, кыймылдаарга бели жок фольк. у него нет сил подняться, у него нет мочи пошевелиться; дем бер- давать силу, вдохновлять, подбадривать; 5. намерение, замысел, умысел; 6. южн. кузнечные мехи; дем кыл- или дем байла- возлагать надежды на кого-что-л., считать кого-л. своей опорой; сага дем байлап келдим я явился в надежде на твою поддержку; дем кес- или дем суут- или дем бас- лишить силы, бодрости духа; сбить спесь, припугнуть; ким сурады элиңди? ким кести сенин демиңди? фольк. кто правил твоим племенем? кто устрашил тебя? деми кесилген или деми сууган или деми кайтарылган он пал духом; состояние у него угнетённое; он нос повесил; он скис; биз оозунан алдырган бөрүдөй демибиз кайтарылып жолго түштүк мы приуныли, как волк, у которого изо рта вырвали добычу, и двинулись в путь; деми сууду он скис; у него спеси поубавилось; у него уж нет прежних больших замыслов; демин суут- сбить (ему) спесь; дать отпор; деми чыкпай калды он не смеет дохнуть; демин ичине тартып 1) вдыхая; 2) с затаённым дыханием; демин ичине алып турат он стоит, затаив дыхание; демиң ичиңде болсун помалкивай, не выдавай секрета; курсагы менен дем алып калыптыр он (с перепуга) дохнуть боится (букв. начал дышать животом); ийининен дем алып отуруп калды он растерялся (букв. дышит плечами); демге кир- воспрянуть духом, расхрабриться; жоо кеткен соң жулунуп, кырк жигит кирди демине фольк. когда враг бежал, сорок витязей, воспрянув духом, рвались вперёд; барына дем кирген все вздохнули свободно; кур эле дем кылышат они зря пыжатся; дем ур- загореться желанием, возыметь намерение; Нарынга барамын деп, дем урат он так и рвётся поехать в Нарын; дем сал- этн. отчитывать (больного), заговаривать, произносить заклинания, заколдовывать; топуракка дем салып, ууштап алып уруптур фольк. глину он заговорил, в горсть взял и швырнул; дем салдыр- понуд. отдем сал-; дем же- упреть, допреть; күрүч дем жеди рис (плов) упрел.
зат.1. Таноо, ооз аркылуу тыштан ичке, ичтен тышка чыгарыла турган аба. Көөдөнүм кысылгансыйт, чыкпай демим (Абдукаримов). Дарыяхандын бир топко деми буулуп турду (Жантөшев).
2. Күч, кубат, кайрат. Баласынын деми аны өргө жетеледи(Байтемиров).Биринчи ийгиликтин деми бизди зор ишке шыктандырды(«Ала-Тоо»).
♦ Демалыш — тыныгуу, эс алуу мөөнөтү. Дем алыш күн. Дем алыш убагы. Демалуу — тыныгуу, эс алуу. Деминичинеалуу — унчукпоо, үн катпоо, билмексенге салып, ичине сактоо. Демберүү — күч берүү, кайрат берүү, кайраттандыруу, кубат кошуу. Демкылуу — медер кылуу, арка кылуу, таянуу. Кабылан Манас чырагым, Бир өзүңдү дем кылдык («Манас»). Демсалуу — дуба окуу жолу менен эмдөө. Эшен кожо чогулуп, Дем салган менен айыкпайт (Барпы). Деминсуутуу — көңүлүн калтыруу, назарын сындыруу. Кайсы бирөө курбусунун демин суутуп, башка жакка басып кетет (Бейшеналиев). Бирдемде — бир заматта. Ушинтип душман бир демде, Бетме-бет кирип келгенде (Аалы). Дембе-дем — уламдан-улам, үстү-үстүнө, үстөкө-босток. Мектеп курулушун тургузуу иши дембе-дем кызыды (Сыдыкбеков). Жигит тамекисин дембе-дем сорот («Ала-Тоо»).
дем дем ал- дем алдыруу борбору дем алмаштыруу борбору (мед.) дем алмаштыруу булчуңу (мед.) дем алуу дем алыш дем байлоо дем берүү дем салуу дем таратуу (мед.) деми кайтуу деми суу демин багыштоо демин басуу демин ичине алуу демин кесүү демин суутуу
1. Тыноо, ооз аркылуу тыштан ичке кирген, ичтен тышка чыккан аба. Дем албай тур – дейт. Дем албай турдум тынымга, Дем албай туруш, өлүмгө тете чынында (Садыков). Ышкынаалы кезек-кезек терең дем алып улутунгандан башка сөз айткан жок (Байтемиров). Жүкөш бат-бат дем алып, эки жагын карана берди (Сасыкбаев). Илеп. Жайдын чилдеси ысык демин жерге чачат. 2. Тез, ылдам, тынымсыз. үч карындын майларын бир демге койбой жалмады (фольк.). 3. Күч, кубат, кайрат. Ушул сөз мага тоодой дем берген (Байтемиров). Баланын деми аны өргө жетеледи (Байтемиров). Бели жок жылкы бат арыйт, деми жок киши бат карыйт (Касымбеков). 4. Арка, жөлөк, бел, таяныч. Кабылан Манас чырагым, Бир өзүңдү дем кылдык («Манас»). Бир карааны тиер деп, Жүрөмүн Айчүрөккө дем байлап («Сейтек»).
зат. Өзүнүн жаман ойлуу максатына жетишүү үчүн, элдин артта калган бөлүгүнүн аң-сезимине апыртмалуу сөздөр менен таасир кылып, алардын көңүлүн өзүнө тартууга жасаган аракет.
ж. демагогия (өзүнүн арам ойлуу максатына жетишүү үчүн эл коомунун артта калган бөлүгүнүн аң-сезимине апыртмалуу сөздөр менен таасир кылып, алардын көңүлүн өзүнө тартууга жасалган аракет).
Өзүнүн керт башынын пайдасын ойлогон, максаттарына жетишүү үчүн жалган убадаларды берүүнүн, фактыларды бурмалоонун, кошомат кылуунун жардамы менен адамдарга таасир кылуу, куру саясатчылдык.
1. Жуманын жетинчи күнү, кызматка чыкпай эс алуучу күн. Бүгүн жекшемби – дем алыш (Сыдыкбеков). Койдун туут учурун соңуркаган балдар дем алыш күнү көп келишет (Жантөшев). 2. сүйл. Окуунун белгилүү бир убакытка токтотулган мезгили, каникул. Бул балдар үч айлык дем алышты бүтүп, кайра окууга бара жаткандар (Бөкөнбаев). Окуудан дем алышка кайткан жаштар (Сыдыкбеков). 3. Танапис, иштин, чогулуштун ж. б. арасында болгон кыска тыныгуу. Түшкү дем алыш учуру эле (Сасыкбаев).
ДЕМАЛЫШ КҮНДӨРҮ – КР эмгек мыйзамдары боюнча ар апталык эсалуу күндөрү. Аптасына 5 күндүк жумуш болсо – 2 Д. к., 6 күндүк жумуш болсо – 1 Д. к. берилет. Жекшемби – жалпы Д. к.
~, ая, -ое демаркационная линия 1) воен.полит. демаркациялык чек ара (элдешкен же убактылуу элдешкен эки армиянын ортосун бөлүп туруучу чек ара; эки башка территориянын арасын так бөлүп турган чек ара); 2) мед. демаркациялык аралык (дененин оору жери менен соо жеринин ортосундагы сезгенген аралык).
саяс. Чек аралаш мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн келишимдердин жана макулдашуулардын негизинде мамлекеттик чек араларды аныктоо жана аны атайын чек ара белгилери менен белгилөө.
ЧЕГАРАНЫ АНЫКТОО – чегараны аныктоо жөнүндө
келишимге ылайык, ага тиркелген карта менен баяндап жазуу боюнча жер-жерлердеги
мамлекеттик чегара тилкесин аныктоочу белгилер (чегара белгилери) аркылуу бөлүп
көрсөтүү. Ч. а. иштери тараптар тарабынан түзүлгөн атайын комиссия тарабынан
жүзөгө ашырылат.
ДЕМАРШ (фр. demarche , сөзмөсөз – чыгып сүйлөө) – дипломатиялык актынын бири түрү; бир мамлекеттин тышкы мамилелер боюнча органынын башка бир мамлекет тууралуу чектен тыш кесе айтуусу. Д. аргандай билдирүүлөрдөн, жиберилген нааразылыктардан, дипломатиялык өкүлчүлүктүн көзкарашынан ж. б. улам көрүнөт. Эреже катары, эларалык маселе кадыресе дипломатиялык жол менен чечилбей калган же аны жөнгө салуу үчүн чукул чара көрүү талап кылынса, Д. жасоого туура келет. Д. мазмунун өтүнүч, нааразылык, талап, сунуш ж. б. у. с. түзүшү мүмкүн.
ДЕМАРШ (фр. demarche , сөзмөсөз – чыгып сүйлөө) – дипломатиялык актынын бири түрү; бир мамлекеттин тышкы мамилелер боюнча органынын башка бир мамлекет тууралуу чектен тыш кесе айтуусу. Д. аргандай билдирүүлөрдөн, жиберилген нааразылыктардан, дипломатиялык өкүлчүлүктүн көзкарашынан ж. б. улам көрүнөт. Эреже катары, эларалык маселе кадыресе дипломатиялык жол менен чечилбей калган же аны жөнгө салуу үчүн чукул чара көрүү талап кылынса, Д. жасоого туура келет. Д. мазмунун өтүнүч, нааразылык, талап, сунуш ж. б. у. с. түзүшү мүмкүн.
Бирөөнү эш тутуу, ага таянуу, аны бел кылуу, колдосууна ээ болуу. Катын да болсо бейбактын Бир карааны тиер деп, Жүрөмүн Айчүрөккө дем байлап (“Сейтек”). Мени министерство билет, көп болсо башка районго которулуп кетермин” - деп, дем байлады да, түшүнүк жазылган баракты сунду (Осмоналиев).
Бирөөнү эш тутуу, ага таянуу, аны бел кылуу, колдоосуна ээ болуу. Катын да болсо бейбактын, Бир карааны тиер деп, Жүрөмүн Айчүрөккө дем байлап («Сейтек»). Мени министерство билет, көп болсо башка районго которулуп кетермин», – деп дем байлады да, түшүнүк жазылган баракты сунду (Осмоналиев). В.: Дем кылуу. Сага дем кылып келдим («Ала-Тоо»). Кабылан Манас чырагым, бир өзүңдү дем кылдык («Манас»).
«Дем алган сайын, аба жуткан сайын» маанисиндеги бул сѳз кыргыз тилине иран тилдеринен кирген: дем ве дем. Сыягы, кыргыз тилиндеги бетме-бет, колмо-кол деген сөздөр дагы ушул моделдин негизинде калька түрүндө жасалып, кийинчерээк кыргыз тилинин тыбыштык түзүлүшүнө ылайыкташса керек деп божомолдоого болот : бетме-бет < бет бе бет, колмо-кол < кол бе кол. Мындай сѳздѳргѳ оозмо ооз, колмо-кол, жекеме жеке, байма-бай, сѳзмѳ-сѳз, кѳзмѳ-кѳз, тушма-туш, жайма-жай дегендерди да кошууга болот.
производить какое-л. действие часто, повторно; үшүгөн колун дембелеп үйлөп то и дело дуя на свои замёрзшие руки; кирпиктерин дембелеп ирмеди он часто мигал.
Бышкан тамактарды жетилтүү үчүн дымыктыруу; бууга кармоо. Талча чайды демдеп очоктогу корго коюп койгон (Байтемиров). Азыр баргыла, ашым бышып турат. Демдеп коюп келдим (Байтемиров).
этиш. Күч алуу, кубаттануу, кайраттануу. Тааныш үн кулагына угулганда демденет да, Жылдыз башын көтөрөт(Байтемиров). Күндөн-күнгө жарыктык Көтөрүлдү демденип(Осмонкул).
возвр. отдемде- 2 набраться силы, окрепнуть; воспрянуть духом, приободриться; кырк жигит калды демденип, уйкусун уктап, канышып фольк. сорок молодцев, отоспавшись, набрались сил; элин аман көргөн соң элирди Токоң, демденип фольк. когда Токо увидел, что его народ невредим, он возрадовался, духом воспрянул.
Кайраттануу, кубаттануу, күчтөнүү. Тааныш үн кулагына угулганда демденет да, Жылдызкан башын көтөрөт (Байтемиров). Күндөн күнгө жарыктык, көтөрүлдү демденип (Осмонкул).
Күүлүү-күчтүү, кубаттуу, кайраттуу, тың. Бүбүш мурункудай демдүү жүрбөй басышы да бүжүрөңкү («Ала-Тоо»). Кемпирдин жашы жетимиштен өткөн өңдөнөт, бирок али демдүүдөй (Касымбеков).
деме I (только в сочетании с числительным бир) то же, чтонеме; бир деме (или бирдеме) нечто; азыраак бирдемени эстегендей болду он как будто что-то вспомнил; мен тууралуу бирдеме деп кой замолви за меня словечко. деме- II добавлять (досыпать, доливать); үстүнө суу деме- долить водой; бошогон чынысына чайды демей куйду он налил ему чаю в порожнюю чашку; кылт этип демеп суу жутпай (о выносливом коне) не глотнув вторично воды (глотнув только раз); демеп-демеп опять и опять, ещё и ещё; куч деме- набирать силу; сени демеп келгемин я пришёл сюда, надеясь на твою поддержку.
этиш. Үстүнө кошуу, кошумчалоо. Кымыз эмес эле бал экен, Жээнге демеп куй (Аалы). Түн эле, кар чапкындап элеп турду, Борошо бет бактырбай демеп турду (Аалы). Мына бүгүн мен Москванын кечинде, Демилгени демеп турган кезинде (Аалы).
1. Үстүнө кошуу, кошумчалоо, көбөйүү, күчөө, үстү-үстүнө артуу. Кымыз эмес эле бал экен, жээнге демеп куй (Токомбаев). Отту дагы демеп жакты (Жантөшев). Түн эле, кар чапкындап элеп турду, Борошо бет бактырбай демеп турду (Токомбаев). 2. Бел кылуу, арка тутуу, жөлөк кылуу. Сени демеп келгенмин.
в обычных, обыденных условиях; демейде кыйын сүйлөйсүн, директордун алдында сүйлөсөң болбойбу? сейчас-то ты здорово говоришь, а вот почему бы тебе не поговорить в присутствии директора?
такт. Башка убакыттарда, башка күндөрдө буга чейин. Бул сөздү укканда демейде шайыр, сөзмөр Жамиланын кабагы бүркөлдү (Баялинов). Демейде булут бугуп жатуучу береги кара асканын башы да ачылып калыптыр (Байтемиров).
Баштагыдай, мурункудай, боло жүргөндөй. Анткени менен кыштак ичи демейдегидей көңүлдүү («Ала-Тоо»). Бирок бул көрүнүш демейдегидей мени кубандырып жибере алган жок («Ала-Тоо»).
мод. Кандай себептен, эмнеликтен болгондугун, болууга тийиш экендигин белгилөө, аныктоо учурунда колдонулат. — Демек, анын күйөө баласы Зуннахун менен да тааныш экенсиз да (Жантөшев). Демек, бүгүнтөн баштап кам көрө башташ керек экен («Жаш ленинчи»).
Кандай себептен, эмнеликтен болгондугун, болууга тийиш экендигин жыйынтыктай белгилөө, жалпылай көрсөтүү, тыянактоо учурунда колдонулат. Демек, Зуннахун менен да тааныш экенсиз да (Жантөшев). Демек, жалаң кедейлер барат экен да (Турусбеков).
Эске түшө калган ойду, мурдатан кепке алынып отурган сөзгө карай өз пикирин кыстара кетүү, эскере кетүү максатында колдонулат. Демекчи, бизде уйсуз, малсыз колхозчулар жок (Элебаев).
1. напирать сзади (напр. в толпе - о всадниках); 2. двигаться вперёд; керким чапкан сайын демжип тийди мой топорик с каждым ударом попадает всё выше (когда тешут палку, держа её в стоячем положении).
этиш.1. Оор жана тез-тез дем алуу, энтигүү. Тоо абасы тездете басууга мүмкүндүк бербей демиктирди (Убукеев). Ат демигип турат. 2. Алдыга умтулуу. Алдыңкыга жетсем деп, Арткы киши демигет (Осмонкул). Илгери карай демигип.
1. тяжело и учащённо дышать (с закрытым ртом); страдать одышкой; ат демигип турат лошадь учащённо дышит; 2. перен. стремиться, приложить усилия, стараться; "алдынкыга жетсем" деп, арткы киши демигет фольк. отстающий силится догнать передовых; илгери карай демигип стремясь вперёд; угуп алып Кыргыл чал, жаны калбай, демигип, кырк чоронун үстүнө жете келди, теминип фольк. услыхав (об этом), Кыргыл чал изо всех сил устремился вперёд и, пришпоривая коня, подъехал к сорока витязям; демиккен желин басайын, өзүм жолун тосоюн фольк. чрезмерную спесь я ему собью, сам прегражу ему путь.
1. Күйүккөндө, чарчаганда ж. б. энтеңдеп оор дем алуу, энтигүү. Керез Майрык молдонун тамынын эшигине барганда демигип токтоп калды (Бейшеналиев). Курманбектин Койкүрөң, Баспай келет демигип («Курманбек»). 2. Алга умтулуу, ашыгуу. Алдыңкыга жетсем деп, Арткы киши демигет (Осмонкул). Оокаттын камын ойлобой; Оюн десе демигип (Осмонкул).
понуд. отдемик-; байкушту демиктирип жөө кубалап, алдына Эшим хандын келди алып стих. пешего беднягу подгоняя (так, что он задыхался), привели к хану Эшиму.
демилге, дебилге
порыв; старание, усилие; инициатива;
эмгектик демилге трудовой порыв;
жакшы эле дебилге кылды эле, болбой калды он как следует постарался, но из этого ничего не вышло.
зат. Белгилүү бир иштин башталышына, колго алынышына же аткарылышына багытталган аракет, дем, чечкиндүүлүк. Бул демилгени селолук жаштардын бардыгы жан-дили менен колдошкон («Советтик Кыргызстан»). Жаштар көтөргөн жакшы демилгелерди ар дайым колдоп туруу керек («Ленинчил жаш»).
1. Белгилүү бир иштин, аракеттин, саамалыктын башталышына, колго алынышына же аткарылышына багытталган жол, баштаган аракет, дем берген күч. Кеп жолдо эмес, кеп демилгеде,– деп Зулай сөзгө кирди (Байтемиров). Ыракмат, кайраттуу энелер, сиздердин демилге бизге күч кошот (Сыдыкбеков). 2. Пайдалуу жаңы сунуш, жаңыдан башталган саамалык иш, чара. Чогулушта Мамбеткулдун демилгесин талкуулайлы (Каимов). Башкарма менин демилгеме ыраазы болуп, ошо замат мактоого ала кетти (Таштемиров).
инициативный, проявляющий инициативу; өз демилгелүү коллектив коллектив самодеятельности; өз демилгелүү коллективдин спектаклдери спектакли коллектива самодеятельности.
зат. Демилге көрсөтүүчү, демилге көтөрүүчү, белгилүү бир ишти баштоочу. Ар бир кызылчаны адилет иштеген демилгечи болсо, колхозубуз жеңишке ээ болору талашсыз (Жантөшев). Бул ишке Ташбай аке да демилгечи болду (Сыдыкбеков).
Демилге көтөрүүчү, дем берүүчү, белгилүү бир ишти баштоочу. Заводдогу бул эки бригада өз ишканасындагы коммунисттик кыймылдын демилгечилери («Кыргызстан аялдары»). Ар бир кызылчачы адилет иштеген демилгечи болсо, колхозубуз жеңишке ээ болору талашсыз (Жантөшев).
ж. демилитаризация (куралсыздандыруу; кандайдыр бир мамлекеттин чеп курушуна, согуш өнөр жайларына ээ болушуна, белгилүү бир территорияда аскер топтошуна тыюу салуу).
ЧЕГАРАНЫ АСКЕРЛЕШҮҮДӨН АРЫЛТУУ – адатта, эларалык келишимдердин негизинде, мамлекет чегарасына чукул жайгашкан аймактан аскер күчтөрүн алыстатып, бул жердеги аскердик чыңдоолорду жоюуну билдире турган эларалык жалпы укуктагы аталгы. Ч. а. а. толук же жарым-жартылай болушу мүмкүн.
АЙМАКТЫ АСКЕРЛЕШҮҮДӨН АРЫЛТУУ – эларалык келишимдер менен мамлекеттик ички актылардын негизинде, белгилүү бир аймактагы аскердик чептер менен чыңдоолорду жоюу, анда аскердик базалар менен аскер күчтөрүн кармоого тыюу салуу (көбүнесе аймактык талаш-тартыштарды токтотуу максатында). Антарктика, Аланд архипелагы, Шпицберген, Ай толугу менен, ал эми Африка, Латын Америкасы ж. б. жарым-жартылай аскерлешүүдөн арылтылган. Көп учурларда А. а. а-ну согуш майданы катары кодонуудан баштарткан бейтарапташтыруу да коштоп жүрөт.
АСКЕРЛЕШҮҮДӨН АРЫЛГАН ТИЛКЕ – эларалык келишим же ички мамлекеттик акты боюнча, аскердик курулуштар бузулуп, аскер күчтөрүн кармоого тыюу салынган мамлекеттик аймактын бир бөлүгү. Эреже катары, жоолашуусу мүмкүн болгон тараптарды ажыратып туруу үчүн колдонулат (м., 1919-жылдагы Версаль тынчтык келишими боюнча түзүлгөн Рейн А. а. т-си).
1. Эс алуу, дем алуу, бир аз тыныгуу (көбүнчө күйүгүп, же чарчаган учурда). Албетте, күйүккөн киши эң мурда демин басуу керек («Ала-Тоо»). 2. Сүйүндүргөн, шаштырган сезимин, билгенин айтпай убактысынча токтото туруу. Иш жыйынтыкталганча демимди баса турайын дегеним менен тынчып бир орунга отура албадым (Жакыпбеков).
Унчукпоо, сөз чыгарбоо, үн катпоо, билмексенге салып, тымпыйып коюу, сыр сактоо. Тургандар демдерин ичине алышып, жарданып калышты (Жусупов). Тегерегиндеги мыктылар демдерин ичине алып, тым турушту (Касымбеков). Базар ичиндегилер адегенде байкемдин ыры кайдан чыкты дегенсип, демдерин ичине алып... ошол жакты тыңшашты (Жусупов). В.: Демин ичине катуу. Чогулган көпчүлүк кээде демин ичине катып, унчукпай, сөз сүйлөбөй да турду (Айтматов). Демин ичине тартуу. Жана элдин дүрдүгүп атка чуркаганда козголбогон кыйды киши азыр тигинин ырайын байкап, чочулап, демин ичине тартты (Касымбеков).
Унчукпоо, сөз чыгарбоо, үн катпоо, билмексенге салып, тымпыйып коюу, сыр сактоо. Тургандар демдерин ичине алышып, жарданып калышты (Жусупов). Тегерегиндеги мыктылар демдерин ичине алып, тым турушту (Касымбеков). Базар ичиндегилер адегенде байкемдин ыры кайдан чыкты дегенсип, демдерин ичине алып... ошол жакты тыңшашты (Жусупов).
Көңүлүн калтыруу, назарын сындыруу, мизин кайтаруу. Таштын суугу демин суутсун деген жеңе мөгдөй ийилип жаныңда тим турду эми (Сыдыкбеков). Кайсы бирөөлөр курбусунун демин суутуп, башка жакка басып кетет (Бейшеналиев). В.: Деми суу. Жамыйланын акырындык менен деми сууй баштайт («Ленинчил жаш»). Илдетти айыктыруудагы бул дарыгердин «сырын» билсем деп дегдеткен демим сууп, туруп калдым («Ленинчил жаш»). Дагы ушинтип берүүгө байланган улактай учу кыйырсыз кең талаада жата бере турган болсо, кошундун деми сууйт, таркап кетет (Касымбеков). Демин кайтаруу. ...Бирок бу жолу ошол цифра менен да газетанын жана анын авторлорунун демин кайтаргым келет («Кыргызстан маданияты»). Деми кесилүү. «Бул эмне, биротоло баарынан кол жууп, үмүтү үзүлүп, деми кесилип бүтүп келгенби?» – деп, ...жүрөгү дүкүлдөп кетти (Касымбеков). Демин кесүү. Ким сурады элиңди, ким кести сенин демиңди (фольк.). Деми кайтуу. Биз оозубуздан алдырган бөрүдөй демибиз кайтып жолго түштүк (Элебаев).
Көңүлүн калтыруу, назарын сындыруу, мизин кайтаруу. Таштын суугу демин суутсун деген жеңемөгдөй ийилип жаныңда тим турду эми (Сыдыкбеков). Кайсы бирөөлөр курбусунун демин суутуп, башка жакка басып кетет (Бейшеналиев).
к. ДЕМИН СУУТУУ
Жамыйланын акырындык менен деми сууй баштайт (“Ленинчил жаш”). Илдетти айыктыруудагы бул дарыгердин “сырын” билсем деп дегдеткен демим сууп, туруп калдым (“Ленинчил жаш”). Дагы ушинтип берүгө байланган улактай учу кыйырсыз кең талаада жата бере турган болсо, кошундун деми сууйт, таркап кетет (Касымбеков).
1. стремительно рваться вперёд; тоодон акты ташкын сел, жылга менен демитип стих. с гор хлынул поток, стремительно несясь по ложбине; ит этегин жулуп алчудай демите берди собака набрасывалась, как бы намереваясь разорвать ему полу; 2. напирать грудью (гл. обр. грудью коня, на котором сидишь); 3. перен. набрасываться; попрекать, упрекать; жардылык, байлык кимде жок, "жардысың" деп, демитпе фольк. бедность и богатство на кого не живут (есть и бедные и богатые) - не упрекай другого, мол, ты беден; кутурган карышкырдан бетер "арр!" этип, чап жармашчудай демитти он хуже бешеного волка с рычанием яростно набрасывался; жамандашып эр жигит, бириңди бириң демитпе фольк. не хулите, молодцы, друг друга и не попрекайте один другого.
зат.1. Куралдуу күчтөрдү жана өнөр жайларды согуш абалынан тынчтык абалына өткөрүү.
2. Армиянын тынчтык абалга өтүшүнө байланыштуу аскер кызматкерлерин бошотуу, резервге же отставкага чыгаруу.
ж. демобилизация (1. куралдуу күчтөрдү жана өнөр жайларды согуш абалынан тынчтык абалга өткөрүү; 2. аскер кызматкерлерин чыныгы аскер кызматынан бошотуп резервге же отставкага чыгаруу).
1. Тынчтык абалга байланыштуу аскер кызматкерин чыныгы аскер кызматынан бошотуп, резервге же отставкага чыгаруу. Бир үйдүн бүлөсү аскерден демобилизация болгон атасын күтүп жатышты («Советтик Кыргызстан»). 2. Куралдуу күчтөрдү жана өнөр жайларды согуш абалынан тынчтык абалына өткөрүү.
ж. демократизация, демократиялаштыруу (кандайдыр бир мамлекет, коом, союздардын курулушуна демократия принциптерин киргизүү же демократия негизинде кайта куруу).
~, ая, -ое 1. демократиялык (демократияга негизделген, демократияны иш жүзүнө ашыруучу); демократический централизм демократиялык централизм; 2. разг. жалпы элге таандык; жөнөкөй.
зат.1. Бийлик элдин колунда болгон мамлекеттик башкаруунун формасы.
2. Кандайдыр бир коллективдин жетекчилик принциби, көпчүлүктүн катышуусу, пикири чечүүчү мааниге ээ болгон.
ж. 1. демократия (бийлик элдин колунда болгон мамлекеттик башкаруунун формасы); страны народной демократии элдик демократия өлкөлөрү; буржуазная демократия буржуазиялык демократия; 2. демократия (кандайдыр бир коллективдин жетекчилик принциби, мында - маселени чечүү үчүн бардык коллектив катышат); внутрипартийная демократия партиялык ички демократия.
ДЕМОКРАТИЯ (гр. demokratia – эл бийлиги, demos – эл, kratos – бийлик) – азыркы түшүнүк боюнча, баш мыйзам менен мыйзамдардын үстөмдүгү, жарандардын эркиндиги менен теңдиги, эл бийлиги менен саясий ырашкерликти, адам укугунун ажыратылбастыгы сындуу көзкараштарды таанууга негизделген мамлекеттик түзүлүш таризи. Өнүккөн эл өкүлчүлүгүнөн турган бийликти бөлүштүрүү менен, республикалык башкаруу аркылуу ишке ашырылат. Д. мамлекет (байыркы Афина) менен бирге пайда болгон. Ал азыркы коомдо азчылыктын укугун чектебеген көпчүлүктүн чын эркин, негизги мамлекеттик органдардын шайламдуулугун, жарандардын саясий эркиндиги менен укугунун бар экендигин, алардын теңдигин, мыйзам үстөмдүгүн, конституциялуулукту, бийликтердин бөлүнүшүн туюндуруп турат. Ал түздөнтүз Д. (негизги чечимдер жалпы элдик добуш берүү, жыйын аркылуу жарандардын түздөнтүз катышуусу менен кабыл алынат) өкүлчүлүк Д-сы (чечимдер шайланма мекемелер – парламент ж. б.) аркылуу кабыл алынат. Д. институттары укуктук мамлекеттерде кыйла толук өркүндөйт.
ДЕМОКРАТИЯ (гр. demokratia – эл бийлиги, demos – эл, kratos – бийлик) – азыркы түшүнүк боюнча, баш мыйзам менен мыйзамдардын үстөмдүгү, жарандардын эркиндиги менен теңдиги, эл бийлиги менен саясий ырашкерликти, адам укугунун ажыратылбастыгы сындуу көзкараштарды таанууга негизделген мамлекеттик түзүлүш таризи. Өнүккөн эл өкүлчүлүгүнөн турган бийликти бөлүштүрүү менен, республикалык башкаруу аркылуу ишке ашырылат. Д. мамлекет (байыркы Афина) менен бирге пайда болгон. Ал азыркы коомдо азчылыктын укугун чектебеген көпчүлүктүн чын эркин, негизги мамлекеттик органдардын шайламдуулугун, жарандардын саясий эркиндиги менен укугунун бар экендигин, алардын теңдигин, мыйзам үстөмдүгүн, конституциялуулукту, бийликтердин бөлүнүшүн туюндуруп турат. Ал түздөнтүз Д. (негизги чечимдер жалпы элдик добуш берүү, жыйын аркылуу жарандардын түздөнтүз катышуусу менен кабыл алынат) өкүлчүлүк Д-сы (чечимдер шайланма мекемелер – парламент ж. б.) аркылуу кабыл алынат. Д. институттары укуктук мамлекеттерде кыйла толук өркүндөйт.
Ишке элдин, коллективдин активдүү катышуусун жана чечүүчү мааниге ээ болгон таасирин камсыз кыла алган башкаруу формасы, саясий түзүлүш, жетекчилик. Элдик демократия мамлекеттеринин ортосунда илим жана маданий жагынан да бекем байланыштар бар.
АСЫЛ ТЫЙЫНДАН АРЫЛТУУ – асыл металлдардын (күмүш менен алтын) акча милдетинен ажырашы. Күмүш ХIХ кылымдын, алтын ХХ кылымдын орто ченинде акча катары колдонуудан чыккан. А. т. а-нун эларалык-укуктук бекемделүүсү ЭВФнын уставында каралган. 1978-жылдын 1-апрелинен тарта алтындын ырасмий баасы менен ал аркылуу эсеп-кысап жүргүзүү бул уюмдун мүчөлөрү тарабынан токтотулган.
~, ая, -ое 1. көрсөтмөлүү; демонстративный метод преподавания сабак берүүнүн көрсөтмөлүү методу; 2. кыр көрсөтүү; демонстративный уход кыр көрсөтүп чыгып кетүү.
зат.1. Кандайдыр бир коомдук-саясий көңүлдү көрсөтүп, массалык түрдө жүрүү. Аскерлердин парады бүтүп, эмгекчилердин демонстрациясы башталды (Шимеев). Биринчи май демонстрациясы.
2. Нааразылыкты, макул эместикти ж.б. көрсөтүү үчүн көпчүлүктүн чыгыш жасоо же ар кандай башка аракеттери.
ж. 1. демонстрация; первомайская демонстрация биринчи май демонстрациясы; 2. (показ) көрсөтүү; демонстрация опытов на уроках физики и химии физика жана химия сабагында опыттарды көрсөтүү; 3. воен. демонстрация (негизги операциядан душманды алагды кылуу үчүн жүргүзүлгөн согуш аракети).
ДЕМОНСТРАЦИЯ (лат. demonstratio – көрсөтүү) – коом турмушунун баардык маселери боюнча, кайсыбир чечимдерге, аракеттерге же мамлекеттик жана өзалдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, кызмат адамдарнын, жарандардын көзкарашына макул болбоо же колдоо иретинде жарандардын жеке, жамааттык, жалпы пикирин билдирүү үчүн жеке адам же адамдар тобу тарабынан көрүлгөн ишчара.
ДЕМОНСТРАЦИЯ (лат. demonstratio – көрсөтүү) – коом турмушунун баардык маселери боюнча, кайсыбир чечимдерге, аракеттерге же мамлекеттик жана өзалдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, кызмат адамдарнын, жарандардын көзкарашына макул болбоо же колдоо иретинде жарандардын жеке, жамааттык, жалпы пикирин билдирүү үчүн жеке адам же адамдар тобу тарабынан көрүлгөн ишчара.
1. Кандайдыр бир коомдук-саясий маанайды көрсөтүп массалык түрдө жүрүү. Биринчи май демонстрациясы. Демонстрацияга катышуу. // Эмгекчилердин демонстрациясы башталды (Шимеев). 2. Нааразылыкты, каршылыкты ж. б. билдирген мамиле, көрүнүш, аракет. 3. Негизги сокку уруучу жерден душманды алагды кылуу үчүн жүргүзүлгөн согуштук аракет.
1. Бир нерсени эл алдында көрсөтүү. 1895-жылдын 7-майында көрүнүктүү орус окумуштуусу А. С. Попов дүйнөдөгү биринчи радиоприёмникти демонстрациялаган. 2. Кандайдыр бир нерсенин күбөсү, далили катарында чыгуу, белгилөө.
зат. Кайрат, таяныч, өбөлгө. Кебек карыя Батыш үчүн демөөр болду (Байтемиров). Делинген сөздөн демөөр берери жок (Жантөшев). Иштин да медери, айбаты, демөөрү болот экен (Сыдыкбеков).
демөөр, демөөрүн поддержка, подмога; облегчение; артынан демөөр болбосо, асылдар жоону жеңеби? фольк. если сзади (т.е. в тылу) не будет поддержки, разве победят молодцы врага? аманат жанига демөөрүм алдейлеген белексиң фольк. ты (мой младенец) моей душе поддержка, ты дар, который я баюкаю.
sponsorship (noun)
An advertiser's association with a Web site that can involve financial or material support in return for increased visibility perceived advantage over run-of-site advertising and a targeted audience.
ДЕМӨӨРЧҮЛҮК – КР мыйзамдары боюнча, жеке же юридикалык жак (демөөрчү) тарабынан башка бир жеке юридикалык жактын (демөөр алуучунун) иш-аракетине салым кошуусу (мүлктү берүү, интеллектуалдык менчиктин үзүрлөрүн ыйгаруу, кызмат көрсөтүү, жумуш аткаруу түрүндө). Мында демөөр алуучу тарап демөөрчү жеке анын товарлары тууралуу жарнама таратуу шартын аткарат: демөөрчүнүн кошкон салымы жарнама үчүн төлөнүүчү акы, демөөрчү – жарнама берүүчү, демөөр алуучу – жарнама таратуучу болуп эсептелет. Демөөрчү демөөр алуучунун иш-аракетине кийлигишүүгө акысы жок.
м.эк. демпинг (капиталисттик өлкөлөрдүн тышкы рыногунда конкуренттерди кысып чыгаруу үчүн чет эл рыногунда өз товарларын өздөрүнүн ички рыногундагы баадан арзан сатуу).
ДЕМПИНГ (англ. dumping – ыргытып таштоо) – кадимки баасына караганда кыйла арзан баада эркин жүгүртүү үчүн КР бажы чегарасына товар ташуучунун нысапсыз аракети. Демпингдик товарлар чыныгы атаандаштыкты бузуп, ушундай товар чыгара турган жергиликтүү өндүрүүчүлөргө материалдык зыян алып келгендиктен же кооптондура тургандыктан же мындай товарларды өндүрүүгө жолтоо болгондуктан, КР экономикалык кызыкчылыгын коргоо максатында, ташылып келген товарларга алымдардын өзгөчө бир түрү – демпинге каршы алым колдонулушу мүмкүн.
ДЕМПИНГ (англ. dumping – ыргытып таштоо) – кадимки баасына караганда кыйла арзан баада эркин жүгүртүү үчүн КР бажы чегарасына товар ташуучунун нысапсыз аракети. Демпингдик товарлар чыныгы атаандаштыкты бузуп, ушундай товар чыгара турган жергиликтүү өндүрүүчүлөргө материалдык зыян алып келгендиктен же кооптондура тургандыктан же мындай товарларды өндүрүүгө жолтоо болгондуктан, КР экономикалык кызыкчылыгын коргоо максатында, ташылып келген товарларга алымдардын өзгөчө бир түрү – демпинге каршы алым колдонулушу мүмкүн.
саяс. Бир кыйла, төмөндөтүлгөн баада товарларды бир өлкөдөн экинчисине чыгарып соодалоо. Ички базарга караганда тышкы базарда товарларды кыйла төмөнкү бааларда сатуу.
ДЕМПИНГГЕ КАРШЫ ТЕРИШТИРҮҮ (гр. anti – карама-каршылыкты, өчөгүшүүнү билдире турган жалгама, англ. dumping – сүрүп салуу) – демейдеги наркынан төмөнкү баада сатылып жаткан товар жергиликтүү товар өндүрүүчүлөргө зыян алып келген, же зыян алып келүү коркунучун түзгөн учурдагы товар менен жабдуучуга карата териштирүү.
ДЕМПИНГГЕ КАРШЫ ЧАРА – ыйгарым укуктуу
органдар тарабынан импорттук товарларды демейдеги өз наркынан төмөнкү баада
сатуунун натыйжасында келтирилген зыянды жоюу үчүн убактылуу Д. к. ч. менен
демпингге каршы алым таризинде колдонулуучу атайын чаралар.
ДЕМПИНГКЕ КАРШЫ АЛЫМДАР – КР бажы аймагына экспорт кылган өлкөдөгү баага, же экспорт кылуу маалындагы өндүрүү баасына салыштырмалуу кыйла төмөнкү баада кемип түшкөн импорттук товар жөнөтүүлөрү жергиликтүү ушундай товар өндүрүүчүлөргө зыян алып келген, же зыян алып келүү коркунучун түзгөн учурларда колдонулуучу алымдар.
дин. Оорулууну айыктыруу үчүн же кандайдыр керемет, сыйкыр жасоо үчүн дуба окуп, ичине абаны же сууну об тартып, кайра аны дубасы арналган адамды же нерсени көздөй багыттап «сүф» деп үйлөө. Негизинен мусулман өкүлдөрү Курандын кайсы бир аяттарын, сүрөөлөрүн окуу менен дем салган. Апсун окуп, дем салды («Манас» С. О.). Эшен, кожо чогулуп, Дем салган менен айыкпайт (Барпы). Шыбырап молдо, сопу дем салышты (Токомбаев).