Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1.Белгилүү бир жайда жүрүү. Шаарда болдум. Үч жылы кыштакта болуп, айылдык мектепте иштеп жүрдүм («Ала-Тоо»).
  1. 2.                  Канча, кандай, кандай абал, ким, эмне экендик ж. б. билдирүү үчүн колдонулат. Жаман болду. Дурус болду. Он беш күн болгондо сугатчылардын экинчи кезеги келет («Ала-Тоо»). Падачы болуп мен жүрөм, Бай-манаптын колунда (Барпы). Сак болгун элим малыңа (Токтогул). Кундуздай болгон кара чач, Кең далыда буралып (Үсөнбаев).
  2. 3.                  Тез, ылдам. Бол, балам, эртерээк аттанып, төмөнкү айылга жете конолу («Ала-Тоо»). —Бол,— деди чал сөзүн бөлүп Асанга,жарык кезде камынгыла казанга (Аалы).
  3. 4.                  Жетет, жетишет. Болду эми, сөздүн акыры ушу болсун, эртең районго бирге жөнөйлү («Советтик Кыргызстан»). Болду, кечке эле маңыздана бербей, ишке өтөлү («Ала-Тоо»).
  4. 5.                  Макулдукту, туура, эп көргөндүктү билдирүү. Мага болбой койду. Болуптур, айтканыңыз айткандай орундалат («Чалкан»)
  5. 6.                  Бүтүү, аягына чыгуу, аяктоо. -Үйуңдө болдуңбу,— деди карыя.Болдум. Эки айдан бери илешип жүрүп, бүгүн араң болдум («Ала-Тоо»).
  6. 7.                  Ийгиликке жетишүү, оңунан чыгуу. Күрөшкө, бир түшүп көрөйүн дедим эле, бирок болбоду. Менден мурда башка бир жигитти дайындап коюшкан экен.
  7. 8.                  Жардамчы этиш катарында колдонулат. Бармак болду. Алат болчу. Берет болчу.

Болор-болбос — анча-мынча, биртике, бир аз. Айыктырбай ырбатат Болор-болбос жараңды (Токтогул). Болор-болбос көзүн кысып алыска Карап турду санга сүйөп таягын (Аалы). Болду-болбоду — балким, болжолу, кантсе да.

Киргизско-русский словарь Юдахина
(южн. прич. прош. вр. богон, отриц. форма наст. -буд. вр. бовойт)
1. быть, становиться, делаться; случаться, происходить;
сен кайда болдуң? ты где был?
дос бол- стать другом кого-л., сдружиться с кем-л.;
анда ким болот? там кто будет?
сага эмне болду? что с тобой?
кеткенине беш күн болду уже пять дней, как он уехал;
сиз мен болуп вы и я (мы вдвоём);
окутуучу болуп бир топ бала учитель вместе с группой детей;
директор болуп иштеген он работал в качестве директора, директором;
болгонду болгондой айт расскажи так, как оно было в действительности;
кандай да болсо как бы то ни было; во что бы то ни стало;
ким да болсо кто бы то ни был;
кандай гана жол менен болбосун какими бы то ни было путями, во что бы то ни стало;
кемчиликтер болбоого тийиш недостатков не должно быть;
болбой койбойт обязательно будет, неминуемо случится;
башыңар аман болсо,- болгону если вы будете живы, (этого уже) достаточно;
эмнени ойлоп отурат болду? (недоуменный вопрос) о чём же это таком он думает?
эмнеден жийиркенди болду? чем же это таким он побрезговал?
ким жазды болду экен?! кто бы это мог написать?!;
кайсы жерде жатышат болду экен? где же это они лежат?
эмне кылып жүргөн киши болду экен? что бы это мог быть за человек такой?
төрөтү кандай болот болду экен? как-то у неё пройдут роды?
ата-энеси бар болду бекен, мектепте окуйт болду бекен? а есть ли у него родители, а учится ли он в школе? (раздумье);
бүттү болду бекен? закончилось?
ал жерде эмне болуп жатат? что там делается?, что там происходит?
болуп чык- сказаться;
каалга жабык болуп чыкты дверь оказалась запертой;
2. быть соответственным; быть достаточным; быть позволительным;
жүз сом берсем, болобу?
1) если я дам сто рублей, достаточно будет?
2) можно ли дать сто рублей?
барсам болобу? мне можно пойти?
өтүүгө болобу? можно пройти (проехать) ?
3. заканчивать; доходить до предела;
окуп болдуңбу? ты кончил читать?, ты прочитал?
үшүп болдум я совсем замёрз;
ай толгонун билбейт, жигит болгонун билбейт погов. луна не замечает, что она уже полная, парень не замечает, что рост его уже завершился (неужели не понимаешь, что ты уже взрослый?);
4. удаваться;
болбоду или болбой калды не удалось, не вышло;
болор музоо богунан погов. телёнок, из которого толк будет, по помёту (узнаётся);
болооруңда болуп өт, боз жоргодой жылып өт погов. когда тебе везёт, ты пользуйся (этим), двигайся плавно, как сивый иноходец;
мунуң адам болбойт из него толку не выйдет;
жаман адам өзү боло албайт, болгонду көрө албайт погов. дурной сам не может добиться, а того, кто добился, ненавидит;
болуп бер- удаться вполне; уродиться (напр. о хорошем урожае);
5. соглашаться;
ага болбоду он на это не пошёл, он не согласился, он этому не внял;
болот, эртең келейин ладно, завтра приду;
болсоң болгондой бол, болбосоң,- кой если уж быть, так будь настоящим, нет - оставь;
болуптур или болду ладно, согласен;
болбой койду он так и не согласился, он заупрямился;
зордугуңа болбоймун силой ты меня не возьмёшь;
6. явиться причиной;
урушту күчөткөн сен болдуң причиной разгара драки явился ты;
7. приходиться кем-л.;
ал мага ини болот или менин иним болот он мне приходится младшим братом;
8. с переходным знач., южн.: -га бол- или -га болуп кой- засватать, посватать (невесту);
мени буга болуп, аны дагы бир кызга болуп койгон за меня посватали эту, а за него - другую девушку;
9. с формой -мак выражает долженствование или намерение;
келмек болду он решил прийти;
биз бермек болдук мы решили дать;
иш болмок болду выходит так, что дело должно удаться;
...болмоктои... бол- быть хоть..., хоть...; быть не только, но и...;
хан болмоктон бек болсун,- качыруу керек арбагын фольк. будь он хоть ханом, хоть беком, с него нужно сбить спесь;
алп болмоктон дөө болсун, билгенимди кылам деп фольк. будь он не только богатырь, но даже див, я сделаю (т.е. разделаюсь с ним) как хочу;
10. с предшеств. формой на -ган или -мыш делать вид, прикидываться;
иштеген болуп или иштемиш болуп делая вид, что работает;
көрбөгөн болуп притворившись не видящим, не видавшим;
уктаган болуп прикинувшись спящим;
11. с формой на -чу и с предшеств. формой наст. -буд. вр. 3 л. образует сослагательное наклонение;
келет болчу он пришёл бы;
келбейт болчу он не пришёл бы;
алат болчумун я взял бы;
айтат болчум бул сөздү фольк. я бы сказал это слово;
орун жетпей калат болчу места не хватило бы;
12. с отриц. и с предшеств. формой на -гыча;
аңгыча болбоду или ал аңгыча болбоду а этого не случилось, а это ещё не успело произойти, как...;
Далбай жооп бергиче болбой, суроолорду жаадырып жиберди не успел ещё Далбай ответить, как его засыпали вопросами (ещё прим. см. аңгыча);
13. вот это да!; уж если быть, так быть таким!;
буурсун чийген чийин жок, мындай сонун талаа бол! фольк. нет ни одной черты, проведённой сохой, - вот это степь! (уж степь, так степь!);
атаны сонун жер бол! вот уж, действительно, прекрасная земля!; уж если быть земле, так пусть она будет такой!;
бол! живо!;
болду! кончено!, решено!;
бир айттым болду раз навсегда я сказал - значит всё (моё слово твёрдо);
боло жүргөн иш дело житейское; такое бывает;
боло берет
1) обычно бывает, часто случается;
2) ничего, сойдёт;
боло береттикке. садып полагаясь на то; что ничего, всё сойдёт (напр. низкосортный товар, плохая работа и т.п.);
сиз менен болсун! просим вас в своё общество! (так, например, говорят человеку, вошедшему в дом, где сидят гости);
болду-болбоду как бы там ни было; не иначе как;
болду-болбоду, бая күнү биз жокто биздикине келип кеткен Аалы болуу керек на днях, когда нас не было, к нам приходил, нужно полагать, (не иначе как) Аалы;
акыр болду-болбоду, Алтайдан келген тууган го фольк. как бы там ни было, а прибывший с Алтая - (наш) родич ведь;
болору болду или болор иш болду уж что вышло, то вышло (ничего не поделаешь); пересмотра не будет;
болсо болор возможно, ничего нет удивительного, если это и так;
болсо болсун ладно, пусть будет так;
малы - мал болсун, а токоючу? скот - само собой, а лес? скот скотом, ну а лес?
эмне болсо, ошо болсун будь что будет;
мен болсом... что касается меня...;
болбосо а если нет; в противном случае;
болбогон нестоящий, непутёвый;
болбогон жигит непутёвый парень;
болбогон жерден без достаточных оснований; ни за что ни про что;
болбогон жерден жок болуп кетти пропал (погиб) ни за что ни про что;
болбогон жерден айыптайт он обвиняет просто так, по пустякам;
болбогон бир жүз сом үчүн из-за каких-то ста рублей;
...болсун, ...болсун будь то..., будь то...; как..., так и...;
болор жери окончательная цена; окончательное условие;
болор жери - отуз сом окончательная цена - тридцать рублей;
болор-болбос нерсе безделица, пустячок;
болор-болбос нерсе үчүн барганым жок я не пошёл (не желая) по пустякам (утруждать себя);
болор-болбос ишке таарынат он по всяким пустякам обижается;
болор-болбос күнөө небольшая провинность;
болор-болбос жал (у коня) кое-какая (плохонькая, реденькая) грива;
адам болбой кал! а ещё человеком называешься!; никудышный ты человечишка!;
бардык (см. бар I) болгону это всё, что есть (больше нет);
бери бол- подвинуться (подойти) ближе сюда;
ары бол- отодвинуться (отойти) немного туда;
четке боло бер- отодвинуться немного в сторонку, немного посторониться;
кийин боло бер- немного податься назад;
илгери боло бер- податься немного вперёд;
боло! с предшеств. условной формой следовало бы, нужно бы, было бы хорошо, было бы лучше;
барсаң боло тебе следовало бы пойти;
кудайды карасаң боло! бога бы ты побоялся!; совесть нужно иметь!;
уялсаң боло жаткандан, эмгектен безип качкандан! стих. постыдился бы ты лежать, избегать труда!;
муну мындай коёлу, эмки сөздө бололу это мы оставим, поговорим о том, что будет дальше;
...болчу болсо что касается...;
андай болчу боло турган болчу болсо а если так, в таком случае;
күн болбосун, түн болбосун и день и ночь, и днём и ночью;
сизден болсун ждём от вас;
эми кеп сизден болсун теперь слово за вами; теперь вас послушаем;
эмне болмок эле? а что? ну и что?
боло түштү см. түш- III 9.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир жайда орун алуу, белгилүү бир жерде жүрүү. үч жылы кыштакта болуп, айылдык мектепте иштеп жүрдүм («Ала-Тоо»). 2. Кандайдыр бир окуянын, иштин аяктагандыгын, бүтө тургандыгын, иш жүзүнө ашкандыгын ж.б. абалын билдирүүдө колдонулат. Эки айдан бери илешип жүрүп бүгүн араң болдум («Ала-Тоо»). 3. Атооч сөздөр менен айкашып, ал-абалдын кандай экендигин, чен-өлчөмдү, кандай иште, кызматта иштегендигин, жөн-жайды, шартты ж.б. белгилеп көрсөтүүдө колдонулат. Кап, акчасын бербей кетсем уят болду го (Сыдыкбеков). Шабыраалы ойлонууга аргасыз болду (Байтемиров). Падачы болуп мен жүрөм, Бай-манаптын колунда (Барпы). 4. Бир нерсенин ичинде, топтун арасында бар экендигин, кандайдыр бир нерсенин составына катыша тургандыгын билдирүүдө колдонулат. Жай күндөрүндө жердин баары эле көгөргөн чөп болот (Убукеев) Зарыл, кыздар болуп чалкайган төрдө жүрүшүптүр (Сыдыкбеков). 5. Бир иштин тез, ылдам бүтүшүнө чакыруу, шаштыруу. Бол, күн батып кетмек болду (Сыдыкбеков). Бол, байбиче, чай кой (Убукеев). 6. Чакчыл формасында жардамчы этиштер менен айкашканда кыймыл-аракеттин тез, чукул болгондугун билдирет. Балдардагы тымтырс боло түштү (Сасыкбаев). Ай сайын алым жөнөтүп, Топор боло жаздадык («Семетей»). 7. болду формасында туруп, чектөө, тыюу салуу, «жетет, жетишет» деген маанилерде колдонулат. Болду! Башка айтар сөзүм да жок, силерге (Сыдыкбеков). || болбогон формасында туруп «керексиз, жарабаган» деген маанилерде колдонулат. Кыз, бүгүн болбогон кептерди айтып, энесин тантыткысы келген жок (Сыдыкбеков). 8. Макулдук, туура көргөндүктү, же терс формада туруп, макул эместикти, эп көрбөгөндүктү билдирүүдө колдонулат. Болуптур, айтканыңыз айткандай орундалат («Чалкан»). Акыры болбодуңар, балдарым (Токомбаев). 9. Жардамчы этиштик милдет аткарат. Кош бол,– дедим чордуу колун кармадым (Токомбаев). Кыяматтын кыстоосун, Көрмөк болду ошондо («Эр Төштүк»). || Чакчыл боло формасында туруп жардамчы этиштик милдет аткарганда өтүнүү, тилөө маанисин берет. Токтогул черткен «Жаш кыял», Тыңшасаң боло Алымкан, Ак шайы жоолук колго алып, Булгасаң боло Алымкан (Токтогул). || болсо формасында туруп байламталык милдет аткарат. Күлтебер болсо жалдырап, Жүрөгү келди оозуна («Мендирман»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Адиси ашынган, укмуштуудай, адам таң каларлык деген сыяктуу мааниде. Комузчу болбосоң коё кал, жөн эле комузга тил киргизип сайратып, адамды өзүнө арбап алат экен («Эркин Тоо»). Адис болбосоңор коё калгыла, алеки саатта кулунду торпокко айландырып жиберген сыйкырчы турбайсыңарбы («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тыкан эмес бошоң көрүнүү, чыйрак эмес, бөлбүрөгөн жоош көрүнүштө, кебетеде болуу. Ошол кебетеси сөөмөйдүн учу тийише кетсе жарылчудай болбурап турду (Байтемиров). Анын кыймылы болбурап өтө эле бош.

Киргизско-русский словарь Юдахина
уподоб. от бол-
представляться как бы совершающимся, происходящим;
үйлөнгөндөн кийин киши болгонсуп калыптыр после женитьбы он как будто стал человеком;
көкүрөгүнүн дагдайып турушу эрдигине күбө болгонсуп турат его выпяченная грудь как бы свидетельствует о том, что он храбр;
мас болгонсуп эч кимди көрбөйт он, будто пьяный, никого не видит.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кантсе да, кандай болбосун, акыры деген сыяктуу божомолдоо маанисинде колдонулат. Болду, болбоду, ушу Виктор, – деп жүрөгү алып учкан Мүсүрайым жакындап келди (Саатов). Болду, болбоду бул Бороштун колунан келди дешти (Борбиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кантсе да, кандай болбосун, акыры деген сыяктуу божомолдоо маанисинде колдонулат. Болду, болбоду, ушу Виктор, - деп жүрөгү алып учкан Мүсүрайым жакындап келди (Саатов). Болду, болбоду бул Бороштун колунан келди дешти (Борбуев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. то же, что болтур-;
2. выбиваться из сил;
атым болдуруп калды моя лошадь выбилась из сил;
каны качып алсырап, болдургандар аманбы? фольк. живы ли обескровленные, изнемогшие, обессилевшие?

Русско-кыргызский словарь Юдахина
нареч.
1. (больше) артык;
не более чем на один день бир күндөн көп эмес;
всё более и более улам барган сайын...;
2. (служит для образования сравн. ст.) -раак (салыштырма сын түзүү үчүн кызмат кылат);
более сильный күчтүүрөөк;
более громко катуураак (үн менен);
более или менее удовлетворительный аздыр-көптүр канааттанардык;
не более и не менее как... ...дал өзү;...дал.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. оорулуу, оорукчан;
в болезненном состоянии оорулуу абалда;
болезненный ребёнок оорукчан бала;
укусы осы болезненны аары оорутуп чагат;
2. перен. жаман, тескери, өзүнө алуу, оор сезүү;
болезненное самолюбие тез кырт дей түшмөлүк.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов.
1. ооруу, ооруп калуу, ноокастоо, сыркоолоо, сыркоолоп калуу;
2. (испытывать боль) ооруу (дененин бир жери какшоо);
что у тебя болит? сенин эмнең ооруйт?;
у меня болит ухо кулагым ооруйт;
у него болят зубы анын тиши ооруйт;
3. о ком-чём, за кого-что, перен. кайгыруу, тынчсыздануу, күйүп-бышуу;
он болеет душой за ребёнка ал бала үчүн күйүп-бышат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
болжо I
то же, что болжол.
болжо- II
предполагать, предположительно определять, заранее определять;
болжогонум болгондой келди как я предполагал, так оно и вышло;
талаадагыны үйдө болжобо погов. то, что в поле, не определяй (сидя) дома.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. назначенный срок, условленный срок;
келер болжолу болду ему уже время прийти, время, когда он должен прийти, настало;
2. предположительное определение;
болжол кыл- предположительно определять, рассчитывать;
али канча том жазыларына болжолум жетпейт я пока не могу определить, сколько томов будет написано;
болжол менен предположительно, приблизительно;
болжолу жок несметный, неисчислимый, несоизмеримый;
болжолу жок чоң громадный, огромный;
болжолдо жок исключительный, выдающийся, большой;
болжолдо жок ишкер выдающийся деятель;
болжолдо жок жигит исключительный парень.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Жоромол, божомол, так белгиленбеген өлчөм, чен; белгиленген, көрсөтүлгөн мөөнөт, убакыт, дайындалган жер. Билесиң иштин болжолун (Токтогул).
2. Ченем, өлчөм. Кыйыштырып жазчу эле, Кыйла сөздүн болжолун (Осмонкул). Болжолун билбей калдым нечендердин (Үсөнбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Болжолдогон баам, жоромол, божомол. Менин болжолумда, келип калдык (Жантөшев). Сенин болжолуң туура экен (Жантөшев). 2. Болжогон мезгил, болжолдогон маал. Болжол саат-минуту жакын калган (Осмонов). Ал аңгыча болбоду, Кармаштын келди болжолу (Токомбаев). 3. Болжоп эсеп кылынган ченем, болжолдуу өлчөм. Айылдан, болжолу, үч километрдей узадык (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Божомолдоо, чамалоо. Кең төрлөр, эркинче жайылган.. мал, чынын ашпсам, башым адашты. Болжолдоп ченемим жетпеди (Сыдыкбеков).
[Орусбек].. бирде алыска көз чаптырып теребелди болжолдоп, бирде баракты өлчөп, алган масштабын ченемдейт (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Болжол кылынган, болжолдонгон. Жолоочулар катуу жүрүшкө салып, болжолдуу жерге конушмакчы болушту (Токобаев). Күнгөй жак,«жалгыз өрүк» барар жерим, Болжолдуу өз саатында келип жетти (Осмонов). Биз болжолдуу жерге жеткенде, замбиректин үнүнө аралашкан кыргыздардын үн ү угулду (Бөкөнбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мурунтан белгиленген, болжол кылынган, болжолу, мезгили макулдашылган. Болжолдуу күндөн калганда, Болбойт го менин барышым («Эр Табылды»). Болжолдуу өз саатында келип жетти (Осмонов). || Ачык белгилүү эмес, жоромолдуу. Болжолдуу ой.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. непомерный, неизмеримый;
болжолсуз тездик непомерная быстрота, невероятная скорость;
2. неопределённый, заранее не обусловленный;
конок - болжолсуз, өлүм - сураксыз погов. (в кочевом быту) гость (является) в неопределённое время, смерть (приходит) без спроса.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чексиз, учу-кыйры жок, ченемсиз, эбегейсиз. Шамдагайы болжолсуз, Шапылдата бат чечип («Эр Төштүк»). Болжолсуз алгыр улам жогорулап эрип бараткандай болот (Жантөшев). Бозбунун боору чер толгон, Болжолсуз көп арчасы (Үмөталиев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БОЛЖОҢ — эпизоддук кейипкер, кытай баатыры. Эсенкан Манасты издөөгө соодагер кылып жиберип, ың-жыңсыз жоголгон адамдарынын дайнын билүүгө жөнөткөн тогуз жүз кишиден турган Нуукер баштаган кытай аскери салбырында жүргөн Манастарга жолугат. Жекеде Кымкар деген баатырын өлтүрүп салган Көкчөгө каршы Б. чыгат. Манас Б-ду Көкчөгө жеткирбей атып салат (Сагымбай Орозбаков, 1. 273 — 274).

Киргизско-русский словарь Юдахина
болжош I
примета, признак;
таңга болжоп, болжош ал, Күл абаңды жолдош ал фольк. приметой (для выезда) ты возьми рассвет, дядю своего Кюля ты возьми в спутники;
ободогу жылдыздай болжош болуп берейин фольк. я буду тебе (путеводной) приметой, как звезда на небе.
болжош- II
взаимн. от болжо- II
уславливаться о времени или месте;
болжошкон жерге келишти они пришли на условленное место.

Киргизско-русский словарь Юдахина
подражательное слово;
болк эт- вздрогнуть, колыхнуться;
жүрөгү болк эте (или болк дей) түштү у него сердце дрогнуло, ёкнуло;
экзаменди эстегенде жүрөгү болк дей түштү когда он вспомнил об экзамене, у него сердце ёкнуло;
жүрөгү болк-болк уруп сердце у него учащённо билось;
болк дедирип или болк дедире резко, порывисто.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чочуганда, күтпөгөн жерден бир нерсеге кабылганда ж. б. жүрөктүн катуу козголо түшкөн абалын, солк эте түшкөн абалды билдирүүдө колдонулат. Эркеайымдын жүрөгү болк эте түштү (Жантөшев). Мурун туюп ойгонуп, Болк-болк этет жүрөгүм (Токомбаев). Көрө коюп Күлчоро, Боконосу болк этип («Семетей»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
быть миловидным и полненьким (гл. обр. о детях);
болкойгон жапжаш баланын шер экенин ким билди? фольк. кто же знал, что (этот) миловидный молоденький паренёк - лев (т.е. богатырь) ?

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. вздрагивать, колыхаться;
болкулдап ыйла- плакать, дрожа всем телом;
жүрөгү болкулдап, сестене баштады сердце у него учащённо забилось, и он начал испытывать страх;
Айбанбоз менен болкулдап, ак найза колдо солкулдап фольк. он (грузный) на (коне) Айбанбозе колышется, белое копьё в руке покачивается;
2. (о взрослой девушке, о молодой женщине при умеренной полноте) плавно двигаться.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. обильно литься (гл. обр. о поте, слезах);
Темир болоктоп тердеп алган Темир обливался потом;
болоктоп ыйла- плакать, проливая обильные слёзы, заливаться слезами;
2. (о сытом, стройном коне) энергично, бодро двигаться;
тору кашка да эки кулагын типтик көтөрүп, болоктой басты и лысый гнедой, подняв уши, бодро шёл крупным шагом.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Болок-болок этип токтоно албоо, солкулдап ыйлоо, шолоктоо. Ажар жуурканды чүмкөнүп, болоктоп ыйлады (Баялинов). 2. Көл-шал түшүп боргулданып тердөө. Эми Темир болоктоп тердеп алган (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Иш бүтүп калды, болушунча болду, башкача өзгөртүүгө мүмкүн өмес, башка айла жок деген мааниде. Болору болуп, боесу канган соң, Сүйгөн кур алаканын жаныды (Бейшеналиев). Тезекбайым, болору болуп боесу канды. Колдон келер чара жок (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Иш бүтүп калды, болушунча болду, башкача өзгөртүүгө мүмкүн эмес, башка айла жок деген мааниде. Болору болуп, боесу канган соң, Сүйгөн кур алаканын жаныды (Бейшеналиев). Тезекбайым, болору болуп, боесу канды. Колдон келер чара жок (Бейшеналиев). В.: Болору болуу. Ашырбай болору болду деп отурду (Үмөталиев). – Мына, болору болду. Эми атама ачык сүйлөшөлү (Каимов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
сталь; булат;
болсоң болоттой бол погов. уж если быть, так будь как сталь;
болот кылыч булатный меч;
өз болотун мокотуп, өз тууганын жоготуп фольк. меч свой затупив, своих родичей потеряв.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БОЛОТ — эпизоддук кейипкер, Кыз Сайкалдын кырк чоросунун башчысы. Сайкалга байланыштуу эпизоддордо жана Манас Карачадан Аккуланы сатып алгандагы эпизоддо катышат.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БОЛОТ — эпизоддук кейипкер, Манастын Алтайда жүргөндөгү жолдошторунун бири. Жакып эл чогултуп Алтайдан Анжыянга көчөлү деген кеңешке Манас менен бирге келгени айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 18).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БОЛОТ — Чубактын өз ысымы. Радлов жазып алган вариантта бирде Чубак деп берилсе, бирде «Акбалта уулу Болотум, чором», — деп айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында: Акбалтанын Чубагы Болот эле өз аты Чууга жакын болгондон Чубак болду бу дагы — (Сагымбай Орозбаков, КФ., 657инв., 69-б.)— делип Чубак Б-тун чын аты экени айтылат, к. Чубак.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Темир менен бир аз углероддун кошундусунан пайда болгон өтө катуу, курч металл. Болот эритүү. Болоттон жасалган кылыч. || Учу болот бөрү тил, Найзанын жайын эми бил («Эр Табылды»). Балаңа калды мүлк болуп, Болоттон соккон барсканың (Тоголок Молдо).

Киргизско-русский словарь Юдахина
р.
полотно (белое);
жер бетинде болотнайдай ак кар тегиз жатат на земле лежит ровный, как полотно, белый снег;
бат эле болотнай сыяктанып өзгөрүлө түштү он вдруг изменился (побледнел), как полотно.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Алдыда боло турган иш, алдыдагы мезгил, келечек. Артель иши болочоктун булагы (Токомбаев). Сүйлөшүү, учурашуу жайынча эмес, Табымдын болочогун талкуулашты (Турусбеков). || Боло турган, келечекте болуучу. Чолпонбай болочок жыргалдуу турмушту көз алдына келтирди (Жантөшев). Колхозчулардын камкор колдору менен болочок кышка даярдалган чөп үймөктөлдү (Абдумомунов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
иметь вид полного и рыхлого;
болпойгон жоош неме полный и какой-то спокойный;
болпоюп келип калыптыр он (толстяк) подошёл;
болпоюп отура берет он (толстяк) сидит себе (спокойно);
ак тулпар минип болпоюп, Канышай көздөй салды эми фольк. он (толстый) воссел на белого скакуна и двинулся к Канышай.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Толук, бирок бошоңураак көрүнүштө болуу, болтоюп жоош тартуу. Көшүп бара жаткан уулунун болпойгон өңүн тиктеп Жийдегүл ырдай баштады. (Сасыкбаев). Болпоюп бейкут отурган Балага көзүм түшкөндө (Маликов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БОЛПОКАН — эпизоддук кейипкер, Үргөнчтүн боюнда Семетейди тосуп жаткан Айчүрөктүн нөкөр кыздарынын бири (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2.47).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
болтать I
несов. чем
салаңдатуу, салактатуу;
болтать ногами бутту салаңдатуу.
болтать II
несов. разг.
1. келжирөө, көп сүйлөө;
2. (на каком-л. языке) балдыроо;
болтать по-французски французча (чала билип) балдырамыш болуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. осуществлять;
таң атырбай таптаза кырып баарын болтурду фольк. ещё до рассвета (волки) начисто прикончили всех (овец);
болтурбаска керек не следует допускать до осуществления, до совершения;
2. то же, что болдур-2;
жээрине карын жок, карындардын баарысы тамак-ашка болтуруп фольк. не осталось места в желудках, чтобы есть; все желудки от (обилия) еды утомились.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Иш жүзүнө ашыруу, аткаруу, чындыкка чыгаруу, бүтүрүү. Ойдогуну болтуруп, Орундаттык тилекти (Үмөталиев). Кыргыз бүгүн болбогонду болтурат, Мүнөт санап бөксөлөрүн толтурат (Токомбаев). 2. Абдан жүдөтүү, айласын, алын кетирүү. Чыркыратып күндө жеп, Букараны болтурган (Турусбеков). Ат болтура тынымсыз, Шашып кетип баратат («Семетей»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Толук, эткелинен келген, болтойгон, толмоч. Артта олтурган болук кара бала колун серпип сүйлөдү (Бейшеналиев). Болук инженердин дем берген сөзүн угуп, Сабира чыйрала түштү (Сасыкбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
уподоб. от болук
представлять из себя полненького, толстячка;
кебетеси келишпесе да, кекирейип, бою болбосо да, болуксунуп, журтка сес көрсөтө беришчү хотя станом он не мог гордиться (букв. был и неладен), но держался важно, ростом он хотя был и мал, но пыжился.

Киргизско-русский словарь Юдахина
отвл. от болук;
төрткө жашы толду эле, беш жашка кадам койду эле, болуктугу баланын он жашардай болду эле фольк. ему исполнилось четыре года, пошёл пятый год, выглядит же он как десятилетний.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. разомлевать, чувствовать приятную истому;
2. потучнеть, раздобреть;
бото чактан өстүрдүң, болукшуган нар болдум стих. ты воспитывал меня с возраста верблюжонка, я стал раздобревшим верблюдом.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мууну бошоп көөлгүү, балкуу, магдыроо, ыксыроо. Болукшуп ыйлап баатырлар, Кол кармашып көрүшүп («Эр Табылды»). Эмгектин жашыл талаа ээсин күтүп, Болукшуп, нурга балкып, турса ишенип (Турусбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
дельный, ладный; пригожий;
айткан сөзү - аткан ок, адамда мындай болум жок фольк. сказанное им слово - пущенная стрела, другого такого дельного нет среди людей;
дубандан издеп таппадым, түгөнгүр сендей болумду фольк. в уезде искал я и не нашёл такой пригожей, как ты;
аш болуму жок непитательный;
аш болуму кем малопитательный.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жөндөм, бар болгон сапат (адам жөнүндө). Ал бечара жаш кызды бир болуму жок киши алган тура (Каралаев). 2. сейр. Түшүм. Күн жаанчыл болгондуктан, чөптүн өнүмү, эгиндин болуму начар болду (Жантөшев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. здоровяк, крепыш; огромный, большой;
болумдууну алса да, боорго тартып имерген фольк. если (беркут) ловит даже что-либо большое, он притягивает к себе и вертит;
бала убактың кете элек, болумдуу сөөгуң боло элек фольк. твой детский возраст ещё не прошёл, твои кости ещё не окрепли;
2. пригодный, лучший;
болотумду мокоттуң, болумдуумду жоготтуң фольк. ты булат мой затупил, моего лучшего (богатыря) ты погубил;
аш болумдуу питательный;
аш болумдуу, сиңимдүү, ак эмчектен тапканы стих. он нашёл питательное и легко переваримое (молоко) в белой груди (матери).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Келишимдүү, келишкен, мыкты. Бала убактың кете элек, Болумдуу сөөгүң боло элек («Сейтек»). Ок өтпөгөн болумдуу Көк күбөнү кийгизди («Сейтек»). Алымбайдын ат турманы келишимдүү, болумдуу (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
уподоб. от болум
стараться казаться важным, статным;
ой, чиркин карылык, десеңиз: жайнаган көздү ириңдетип, болумсуган көкүрөктү кирилдетип ведь вот скажи-ка (что делает эта) неладная старость: (когда-то) светлые глаза заставляет гноиться, из гордой (когда-то) груди извлекает хрип.

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от бол-;
ремонт болунган үйлөр отремонтированные дома;
ээ болунган ийгиликтер менен чектелбегиле не ограничивайтесь достигнутыми успехами;
сөз болунган маселе вопрос, о котором шла речь;
азыркы сөз болунуп жаткан курулуш строительство, о котором теперь идёт речь;
ал шаар Жыгачкоргондун үстүндө болунган экен тот город находился выше Джыгачкоргона;
каалаган ишиң болунду фольк. исполнилось то, чего ты желал;
камсыз болунду (это) обеспечено;
жааыңда керек болунуучу араба жана башка шаймандар да бүт оңдотулган телеги и все другие принадлежности, которые нужны весной, полностью отремонтированы.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«болускей 1. уст. белый (нержавеющий) металл; 2. тяньш. всякая посуда из блестящего металла» (Юдахин 1965:143). Ушундан улам Ш.Дүйшеев төмөнкүдөй бүтүм чыгарган: «Дат баспаган темирди элибиз “болускей” деп атаган. Мына ушунун өзү эле кыргыздар байыркы убактарда металл эритип келген эл болгон дегенге далил боло турган сөз» (Ш.Дүйшеев. «Азаттык», «Сөз дайра» рубрикасы). Тилекке каршы, бул - кийин эле ХХ кылымдын баш ченинде орус тилинен кирген «польский (польское серебро)» деген сөз. Адегенде болускей самоор «дат баспаган ак металлдан жасалган самоор» деп жүрүп, кийинчерээк мааниси кеӊейип кеткен (Мамытов 1999:159).

Киргизско-русский словарь Юдахина
болуш I
р.
1. ист. волость;
бир болуштун түтүнү үч жүздөн эки жүз элүүгө жете болгон юрт (букв. дымов) в одной волости было от двухсот пятидесяти до трёхсот;
2. ист. волостной управитель;
талаш кылса болушту, эли кылар урушту стих. когда боролись за должность волостного управителя, народ устраивал драку (т.е. выборы сопровождались борьбой группировок);
3. уст. разг. председатель аульного исполкома (в первые годы Советской власти);
жарым болуш председатель аульного исполкома.
болуш II
и. д. от бол-;
Индияда болушу (его) пребывание в Индии.
болуш- III
взаимн. от бол-;
помогать; быть соучастником, быть сторонником;
сага болушпаймын я тебе не буду помогать;
эрди-катын урушат, эси кеткен болушат погов. муж и жена ругаются, а глупый вмешивается; муж с женой ругайся, а третий не мешайся;
болбогонго болушпа погов. не помогай непутёвому; не связывайся с непутёвым;
болбогондо болушпайт погов. не повезёт, так не повезёт.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. тар. 1. Падышалык Россияда уезддин бир бөлүгү болуп эсептелген эски административдик-территориялык бөлүнүш, волость. Ак-Буура болушундагы калктын бардыгы чоң мечиттин алдындагы аянтка чогулган (Абдукаримов).
2. Ушундай бөлүнүштүн (волостун) башкаруучусу. Миң түтүнгө бир болуш. (Жантөшев). [Лампаны].. эң биринчи Сарыгул деген болуш алып келиптир (Сыдыкбеков).
БОЛУШ II этиш. Бир жакка таламдаш, жардамдаш болуу, жактоо. Болбогонго болушпа (макал). Башыма урса полицей, Орустарым болушту (Токтогул).

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Бул боюнча К.Сейдакматовдун ою төмөнкүдөй: «К.К.Юдахин болуш этишин бол «быть, становиться, делаться» этишинин кош мамилеси деп эсептеген (Юдахин 1965:144). Биздин оюбузча, болуш «помогать» этиши бол «быть» этишине эч байланышпайт. Бул этиш байыркы түрк эстеликтеринде йулу «помогать» (ДТС 1969:278) этишине кош мамиленин –ш мүчөсү жалгануудан келип чыгат. Сөз башындагы й тыбышы б тыбышына өтүп, алгачкы йулуш//йолуш этиши кыргыз тилине болуш болуп өзгөрүп, бол «быть» этишине окшош болуп калган» (Сейдакматов 1988:57). Бирок бул пикир чындыкка коошо бербегендей сезилет. Анткени, биринчиден, й тыбышынын б тыбышына өтүп кетиши күмөндүү. Экинчиден, болуш деген сөз ошол байыркы учурда, тактап айтканда, Махмуд Кашгаринин мезгилинде эле болгон экен: «ол маӊа болуш кылды он оказал мне поддержку (словами); ол маӊа болушды он принял мою сторону (стал со мной заодно (ДТС 1969:112).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
К. К. Юдахин болуш этишин бол «быть, становиться, делаться» этишинин кош мамилеси деп эсептеген (Юдахин, 144). Биздин оюбузча, болуш «помогать» этиши бол «быть...» этишине эч байланышпайт. Бул этиш байыркы турк эстеликтеринде йулу «помогать» (ДТС, 278) этишине кош мамиленин -ш мүчөсү жалгануудан келип чыгат. Сөз башындагы й тыбышы б тыбышына өтүп, алгачкы йулуш//йолуш этиши кыргыз тилине болуш болуп өзгөрүп, бол «быть» этишине окшош болуп калган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. тар. Революцияга чейинки Россияда жана СССРде 1930-жылдарга чейин райондоштуруу жүргүзүлгөнгө чейинки мезгилде уезддин бир бөлүгү болуп эсептелген төмөнкү административдик-территориялык бөлүнүш бирдиги, волость. Ак-Буура болушундагы калктын бардыгы чоң мечиттин алдындагы аянтка чогулган (Абдукаримов). Канай болушу. Ичкилик болушунун чеги. 2. Ушул бөлүнүштүн, аймактын башкаруучусу. Лампаны эң биринчи Сарыгул деген болуш алып келиптир (Сыдыкбеков). Айдалып барып болуштан Ага-ини таптым орустан (Токтогул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. ист. должность или положение волостного управителя;
болуштукка шайла- избрать волостным управителем;
2. уст. разг. должность или положение председателя аульного исполкома (в первые годы Советской власти);
жарым болуштук должность или положение председателя аульного исполкома.

Киргизско-русский словарь Юдахина
участливый, сердобольный (тот, кто участливо принимает чью-л. сторону);
атасы болушчаактын уулу урушчаак, энеси болушчаактын кызы ыйлаак погов. у сердобольного отца сын драчлив, у сердобольной матери дочь плаксива.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көп эле болор-болбос нерсеге киришип болуша берген, бир тарапты жактап болушканды жакшы көргөн, бирөөнүн таламын талашып, жактоочу. Энеси болушчаактын кызы ыйлаак, атасы болушчаактын уулу ыйлаак (макал).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭМГЕККЕ ЖАРАМСЫЗДЫК БАРАКЧАСЫ – жумушчунун убактылуу ишке жарамсыздыгын күбөлөгөн документ. Айрым учурларда (оорулуну багуу үчүн, карантин боюнча, санитардык-курорттук дарылануу үчүн отпуска берилгенде) Э. ж. б. эмгекке жарамдуу кызматчыларга берилет. Убактылуу эмгекке жарамсыздык, боюнда болгондогу жана төрөгөндөгү жөлөк пулдар Э. ж. б. көрсөткөндө гана чегерилет.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
больно I
1. нареч. оорутуп, кокустатып;
больно ушибить руку колун оорутуп алуу;
2. безл. в знач. сказ. кому-чему и с неопр. жанга батып;
ему больно анын жанына батып турат;
мне больно дышать дем алсам, ооруп жатат;
3. безл. в знач. сказ. перен. ич күйүп, ыза болуп;
больно вспомнить ойлосо, ич күйөт.
больно II
нареч. прост.
(очень) эң эле, өтө эле;
больно ты хитёр өтө эле куу экенсиң;
больно нужно мне! мага эмне кереги бар!

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. оору, оорулуу, ноокас, сыркоолуу;
чем он болен? эмне оорусу бар?;
больное место
1) оорулуу жер;
2) перен. кычыктуу жери, начар жагы;
недостаток образования - его больное место билиминин аздыгы - анын начар жагы;
2. в знач. сущ. м., ж. ноокас киши, оору киши, сыркоо киши;
больной вопрос кычыктуу маселе.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
1. сравн. ст. от прил. большой -тон чоң;
город Фрунзе больше Токмака Фрунзе шаары Токмоктон чоң;
2. сравн. ст. от нареч. много 1 артык, көп;
в апреле я заработал на сто рублей больше, чем в марте март айына караганда апрелде мен жүз сом артык таптым;
3. нареч. (сильнее) көбүнчө, көбүрөөк;
это мне больше нравится бул мага көбүрөөк жагат;
4. в отриц. предложениях (далее, вперёд) эми, мындан ары, мунун үстүнө, мындан кийин;
больше не могу пить мунун үстүнө дагы иче албайм;
я больше не поеду к нему мен мындан ары ага барбаймын;
больше того анысы аз келгенсип, ал гана эмес, ал эле эмес;
как можно больше мүмкүн болушунча көбүрөөк.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Пролетариаттын революциялык кыймылынын жана капиталисттик коомду революциялык жол менен коммунисттик коомго айландыруунун В. И. Ленин тарабынан иштелип чыккан, орустун жана эл аралык жумушчу табынын күрөшүнө негизделген теориясы жана тактикасы.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Большевиктик партиянын мүчөсү (алгачкысы: 1903-жылы партиянын 11 съездинде В. И. Лениндин жетекчилиги астында түзүлгөн Россиялык социал-демократтык жумушчу партиясынын көпчүлүккө ээ болгон революциялык тобунун мүчөсү); большевизмдин ишин улантуучу, коммунист.

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Pempheridae) бакыракайлар; көздөрү чоң балыктардын бир тукуму, булардын төмөнкү түрлөрү белгилүү: большеглаз австралийский (Liopempheris multiradiata) — Австралия бакыракайы, б. атлантический (Pempheris schoburgki) — Атлантика бакыракайы, б. уаланский (P. oualensis) — Уалан бакыракайы.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ее
сравн: ст. от прил. большой и великий чоң, көп;
я рассчитывал на ещё большую помощь мен мындан да көп жардам болотко дедим эле;
большей частью, по большей части көбүнесе, көбүнчө;
самое большее эң эле көп дегенде.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. (крупный) чоң;
большой дом чоң үй;
2. (длинный) узун;
большой рост узун бой;
3. (значительный) жеткилең, сонун; барып турган;
большой учёный жеткилең окумуштуу;
4. (многочисленный) чоң, калың, көп;
большая толпа калың топ;
большая семья чоң үй-бүлө;
5. в знач. сущ. м., ж. (взрослый) чоңойгон, бойго жеткен;
когда станешь большим, получишь ружьё чоңойгондо мылтык аласың;
большой палец баш бармак;
с большой буквы баш тамга менен;
с большим удовольствием чоң кубаныч менен;
большое спасибо чоң ыракмат;
делать большие глаза көзүн чоң ачып кароо;
быть в большом ходу ардактуу болуу.