Больничный листок (листок нетрудоспособности)
Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ЭМГЕККЕ ЖАРАМСЫЗДЫК БАРАКЧАСЫ – жумушчунун убактылуу ишке жарамсыздыгын күбөлөгөн документ. Айрым учурларда (оорулуну багуу үчүн, карантин боюнча, санитардык-курорттук дарылануу үчүн отпуска берилгенде) Э. ж. б. эмгекке жарамдуу кызматчыларга берилет. Убактылуу эмгекке жарамсыздык, боюнда болгондогу жана төрөгөндөгү жөлөк пулдар Э. ж. б. көрсөткөндө гана чегерилет.