подражательное слово;
болк эт- вздрогнуть, колыхнуться;
жүрөгү болк эте (или болк дей) түштү у него сердце дрогнуло, ёкнуло;
экзаменди эстегенде жүрөгү болк дей түштү когда он вспомнил об экзамене, у него сердце ёкнуло;
жүрөгү болк-болк уруп сердце у него учащённо билось;
болк дедирип или болк дедире резко, порывисто.
туур. Чочугандыкты, коркуп кеткендикти көрсөтөт. Жүрөгүм болк эте түштү.
болк: болк-болк, болк эт-
Чочуганда, күтпөгөн жерден бир нерсеге кабылганда ж. б. жүрөктүн катуу козголо түшкөн абалын, солк эте түшкөн абалды билдирүүдө колдонулат. Эркеайымдын жүрөгү болк эте түштү (Жантөшев). Мурун туюп ойгонуп, Болк-болк этет жүрөгүм (Токомбаев). Көрө коюп Күлчоро, Боконосу болк этип («Семетей»).
этиш. Болпоюу, толук, семиз болуп көрүнүү. Аккула минип болкоюп, Накери бутта чойкоюп («Манас»).
быть миловидным и полненьким (гл. обр. о детях);
болкойгон жапжаш баланын шер экенин ким билди? фольк. кто же знал, что (этот) миловидный молоденький паренёк - лев (т.е. богатырь) ?
болкой-, болкоёт, болкоюу
Болпогой толук көрүнүү, болпоюу. Болкоюп ирденип калган бала. Тору чаар минип болкоюп, Ак найза Колдо койкоюп («Манас»). Баласы ирденип болкоюп калыптыр.
болкой этишинин аркылуу мамилеси.
болкой этишинин аркылуу мамилеси.
болкой этишинин кыймыл атоочу.
болкой этишинин кыймыл атоочу.
этиш. Болк-болк этүү; кор куу, чочуу. Жазылгыс таарыныч жүктөнүп, муун-жүүнүболкулдап, ордунан турду (Касымбеков). Жар бойлосо араба, Жүрөгүбүз болкулдап (Аалы).
1. вздрагивать, колыхаться;
болкулдап ыйла- плакать, дрожа всем телом;
жүрөгү болкулдап, сестене баштады сердце у него учащённо забилось, и он начал испытывать страх;
Айбанбоз менен болкулдап, ак найза колдо солкулдап фольк. он (грузный) на (коне) Айбанбозе колышется, белое копьё в руке покачивается;
2. (о взрослой девушке, о молодой женщине при умеренной полноте) плавно двигаться.
Болк-болк этүү. Жар бойлосо араба Жүрөгүбүз болкулдайт (Токомбаев). Ошентип Чүрөк толкундап, Көөдөндүн баары болкулдап («Семетей»).
болкулда этишинин аркылуу мамилеси.
болкулда этишинин аркылуу мамилеси. Арстандай айбаттанып, кайраттанып, Жүрөгүн душманыңдын болкулдаттың (Маликов).
взаимн. от болкулда-;
Акбалта, Жакып бул жерден айкалышып көрүшүп, болкулдашып ыйлашып фольк. Акбалта и Джакып, обнявшись, поздоровались и заплакали, колыхаясь и сотрясаясь телом.
болкулда этишинин кыймыл атоочу.
болкулда этишинин кыймыл атоочу.