БОЛОЧОК
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Алдыда боло турган иш, алдыдагы мезгил, келечек. Артель иши болочоктун булагы (Токомбаев). Сүйлөшүү, учурашуу жайынча эмес, Табымдын болочогун талкуулашты (Турусбеков). || Боло турган, келечекте болуучу. Чолпонбай болочок жыргалдуу турмушту көз алдына келтирди (Жантөшев). Колхозчулардын камкор колдору менен болочок кышка даярдалган чөп үймөктөлдү (Абдумомунов).