Киргизско-русский словарь Юдахина
болуш I
р.
1. ист. волость;
бир болуштун түтүнү үч жүздөн эки жүз элүүгө жете болгон юрт (букв. дымов) в одной волости было от двухсот пятидесяти до трёхсот;
2. ист. волостной управитель;
талаш кылса болушту, эли кылар урушту стих. когда боролись за должность волостного управителя, народ устраивал драку (т.е. выборы сопровождались борьбой группировок);
3. уст. разг. председатель аульного исполкома (в первые годы Советской власти);
жарым болуш председатель аульного исполкома.
болуш II
и. д. от бол-;
Индияда болушу (его) пребывание в Индии.
болуш- III
взаимн. от бол-;
помогать; быть соучастником, быть сторонником;
сага болушпаймын я тебе не буду помогать;
эрди-катын урушат, эси кеткен болушат погов. муж и жена ругаются, а глупый вмешивается; муж с женой ругайся, а третий не мешайся;
болбогонго болушпа погов. не помогай непутёвому; не связывайся с непутёвым;
болбогондо болушпайт погов. не повезёт, так не повезёт.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. тар. 1. Падышалык Россияда уезддин бир бөлүгү болуп эсептелген эски административдик-территориялык бөлүнүш, волость. Ак-Буура болушундагы калктын бардыгы чоң мечиттин алдындагы аянтка чогулган (Абдукаримов).
2. Ушундай бөлүнүштүн (волостун) башкаруучусу. Миң түтүнгө бир болуш. (Жантөшев). [Лампаны].. эң биринчи Сарыгул деген болуш алып келиптир (Сыдыкбеков).
БОЛУШ II этиш. Бир жакка таламдаш, жардамдаш болуу, жактоо. Болбогонго болушпа (макал). Башыма урса полицей, Орустарым болушту (Токтогул).

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Бул боюнча К.Сейдакматовдун ою төмөнкүдөй: «К.К.Юдахин болуш этишин бол «быть, становиться, делаться» этишинин кош мамилеси деп эсептеген (Юдахин 1965:144). Биздин оюбузча, болуш «помогать» этиши бол «быть» этишине эч байланышпайт. Бул этиш байыркы түрк эстеликтеринде йулу «помогать» (ДТС 1969:278) этишине кош мамиленин –ш мүчөсү жалгануудан келип чыгат. Сөз башындагы й тыбышы б тыбышына өтүп, алгачкы йулуш//йолуш этиши кыргыз тилине болуш болуп өзгөрүп, бол «быть» этишине окшош болуп калган» (Сейдакматов 1988:57). Бирок бул пикир чындыкка коошо бербегендей сезилет. Анткени, биринчиден, й тыбышынын б тыбышына өтүп кетиши күмөндүү. Экинчиден, болуш деген сөз ошол байыркы учурда, тактап айтканда, Махмуд Кашгаринин мезгилинде эле болгон экен: «ол маӊа болуш кылды он оказал мне поддержку (словами); ол маӊа болушды он принял мою сторону (стал со мной заодно (ДТС 1969:112).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
К. К. Юдахин болуш этишин бол «быть, становиться, делаться» этишинин кош мамилеси деп эсептеген (Юдахин, 144). Биздин оюбузча, болуш «помогать» этиши бол «быть...» этишине эч байланышпайт. Бул этиш байыркы турк эстеликтеринде йулу «помогать» (ДТС, 278) этишине кош мамиленин -ш мүчөсү жалгануудан келип чыгат. Сөз башындагы й тыбышы б тыбышына өтүп, алгачкы йулуш//йолуш этиши кыргыз тилине болуш болуп өзгөрүп, бол «быть» этишине окшош болуп калган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. тар. Революцияга чейинки Россияда жана СССРде 1930-жылдарга чейин райондоштуруу жүргүзүлгөнгө чейинки мезгилде уезддин бир бөлүгү болуп эсептелген төмөнкү административдик-территориялык бөлүнүш бирдиги, волость. Ак-Буура болушундагы калктын бардыгы чоң мечиттин алдындагы аянтка чогулган (Абдукаримов). Канай болушу. Ичкилик болушунун чеги. 2. Ушул бөлүнүштүн, аймактын башкаруучусу. Лампаны эң биринчи Сарыгул деген болуш алып келиптир (Сыдыкбеков). Айдалып барып болуштан Ага-ини таптым орустан (Токтогул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. ист. должность или положение волостного управителя;
болуштукка шайла- избрать волостным управителем;
2. уст. разг. должность или положение председателя аульного исполкома (в первые годы Советской власти);
жарым болуштук должность или положение председателя аульного исполкома.

Киргизско-русский словарь Юдахина
участливый, сердобольный (тот, кто участливо принимает чью-л. сторону);
атасы болушчаактын уулу урушчаак, энеси болушчаактын кызы ыйлаак погов. у сердобольного отца сын драчлив, у сердобольной матери дочь плаксива.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көп эле болор-болбос нерсеге киришип болуша берген, бир тарапты жактап болушканды жакшы көргөн, бирөөнүн таламын талашып, жактоочу. Энеси болушчаактын кызы ыйлаак, атасы болушчаактын уулу ыйлаак (макал).