Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. тар. 1. Падышалык Россияда уезддин бир бөлүгү болуп эсептелген эски административдик-территориялык бөлүнүш, волость. Ак-Буура болушундагы калктын бардыгы чоң мечиттин алдындагы аянтка чогулган (Абдукаримов).
2. Ушундай бөлүнүштүн (волостун) башкаруучусу. Миң түтүнгө бир болуш. (Жантөшев). [Лампаны].. эң биринчи Сарыгул деген болуш алып келиптир (Сыдыкбеков).
БОЛУШ II этиш. Бир жакка таламдаш, жардамдаш болуу, жактоо. Болбогонго болушпа (макал). Башыма урса полицей, Орустарым болушту (Токтогул).