Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Бул боюнча К.Сейдакматовдун ою төмөнкүдөй: «К.К.Юдахин болуш этишин бол «быть, становиться, делаться» этишинин кош мамилеси деп эсептеген (Юдахин 1965:144). Биздин оюбузча, болуш «помогать» этиши бол «быть» этишине эч байланышпайт. Бул этиш байыркы түрк эстеликтеринде йулу «помогать» (ДТС 1969:278) этишине кош мамиленин –ш мүчөсү жалгануудан келип чыгат. Сөз башындагы й тыбышы б тыбышына өтүп, алгачкы йулуш//йолуш этиши кыргыз тилине болуш болуп өзгөрүп, бол «быть» этишине окшош болуп калган» (Сейдакматов 1988:57). Бирок бул пикир чындыкка коошо бербегендей сезилет. Анткени, биринчиден, й тыбышынын б тыбышына өтүп кетиши күмөндүү. Экинчиден, болуш деген сөз ошол байыркы учурда, тактап айтканда, Махмуд Кашгаринин мезгилинде эле болгон экен: «ол маӊа болуш кылды он оказал мне поддержку (словами); ол маӊа болушды он принял мою сторону (стал со мной заодно (ДТС 1969:112).