БОЛОТ
Энциклопедия "Манас". ч.1.БОЛОТ — Чубактын өз ысымы. Радлов жазып алган вариантта бирде Чубак деп берилсе, бирде «Акбалта уулу Болотум, чором», — деп айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында: Акбалтанын Чубагы Болот эле өз аты Чууга жакын болгондон Чубак болду бу дагы — (Сагымбай Орозбаков, КФ., 657инв., 69-б.)— делип Чубак Б-тун чын аты экени айтылат, к. Чубак.