Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«болускей 1. уст. белый (нержавеющий) металл; 2. тяньш. всякая посуда из блестящего металла» (Юдахин 1965:143). Ушундан улам Ш.Дүйшеев төмөнкүдөй бүтүм чыгарган: «Дат баспаган темирди элибиз “болускей” деп атаган. Мына ушунун өзү эле кыргыздар байыркы убактарда металл эритип келген эл болгон дегенге далил боло турган сөз» (Ш.Дүйшеев. «Азаттык», «Сөз дайра» рубрикасы). Тилекке каршы, бул - кийин эле ХХ кылымдын баш ченинде орус тилинен кирген «польский (польское серебро)» деген сөз. Адегенде болускей самоор «дат баспаган ак металлдан жасалган самоор» деп жүрүп, кийинчерээк мааниси кеӊейип кеткен (Мамытов 1999:159).