Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир жайда орун алуу, белгилүү бир жерде жүрүү. үч жылы кыштакта болуп, айылдык мектепте иштеп жүрдүм («Ала-Тоо»). 2. Кандайдыр бир окуянын, иштин аяктагандыгын, бүтө тургандыгын, иш жүзүнө ашкандыгын ж.б. абалын билдирүүдө колдонулат. Эки айдан бери илешип жүрүп бүгүн араң болдум («Ала-Тоо»). 3. Атооч сөздөр менен айкашып, ал-абалдын кандай экендигин, чен-өлчөмдү, кандай иште, кызматта иштегендигин, жөн-жайды, шартты ж.б. белгилеп көрсөтүүдө колдонулат. Кап, акчасын бербей кетсем уят болду го (Сыдыкбеков). Шабыраалы ойлонууга аргасыз болду (Байтемиров). Падачы болуп мен жүрөм, Бай-манаптын колунда (Барпы). 4. Бир нерсенин ичинде, топтун арасында бар экендигин, кандайдыр бир нерсенин составына катыша тургандыгын билдирүүдө колдонулат. Жай күндөрүндө жердин баары эле көгөргөн чөп болот (Убукеев) Зарыл, кыздар болуп чалкайган төрдө жүрүшүптүр (Сыдыкбеков). 5. Бир иштин тез, ылдам бүтүшүнө чакыруу, шаштыруу. Бол, күн батып кетмек болду (Сыдыкбеков). Бол, байбиче, чай кой (Убукеев). 6. Чакчыл формасында жардамчы этиштер менен айкашканда кыймыл-аракеттин тез, чукул болгондугун билдирет. Балдардагы тымтырс боло түштү (Сасыкбаев). Ай сайын алым жөнөтүп, Топор боло жаздадык («Семетей»). 7. болду формасында туруп, чектөө, тыюу салуу, «жетет, жетишет» деген маанилерде колдонулат. Болду! Башка айтар сөзүм да жок, силерге (Сыдыкбеков). || болбогон формасында туруп «керексиз, жарабаган» деген маанилерде колдонулат. Кыз, бүгүн болбогон кептерди айтып, энесин тантыткысы келген жок (Сыдыкбеков). 8. Макулдук, туура көргөндүктү, же терс формада туруп, макул эместикти, эп көрбөгөндүктү билдирүүдө колдонулат. Болуптур, айтканыңыз айткандай орундалат («Чалкан»). Акыры болбодуңар, балдарым (Токомбаев). 9. Жардамчы этиштик милдет аткарат. Кош бол,– дедим чордуу колун кармадым (Токомбаев). Кыяматтын кыстоосун, Көрмөк болду ошондо («Эр Төштүк»). || Чакчыл боло формасында туруп жардамчы этиштик милдет аткарганда өтүнүү, тилөө маанисин берет. Токтогул черткен «Жаш кыял», Тыңшасаң боло Алымкан, Ак шайы жоолук колго алып, Булгасаң боло Алымкан (Токтогул). || болсо формасында туруп байламталык милдет аткарат. Күлтебер болсо жалдырап, Жүрөгү келди оозуна («Мендирман»).