Русско-кыргызский словарь Юдахина
1. сравн. ст. от прил. большой -тон чоң;
город Фрунзе больше Токмака Фрунзе шаары Токмоктон чоң;
2. сравн. ст. от нареч. много 1 артык, көп;
в апреле я заработал на сто рублей больше, чем в марте март айына караганда апрелде мен жүз сом артык таптым;
3. нареч. (сильнее) көбүнчө, көбүрөөк;
это мне больше нравится бул мага көбүрөөк жагат;
4. в отриц. предложениях (далее, вперёд) эми, мындан ары, мунун үстүнө, мындан кийин;
больше не могу пить мунун үстүнө дагы иче албайм;
я больше не поеду к нему мен мындан ары ага барбаймын;
больше того анысы аз келгенсип, ал гана эмес, ал эле эмес;
как можно больше мүмкүн болушунча көбүрөөк.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Пролетариаттын революциялык кыймылынын жана капиталисттик коомду революциялык жол менен коммунисттик коомго айландыруунун В. И. Ленин тарабынан иштелип чыккан, орустун жана эл аралык жумушчу табынын күрөшүнө негизделген теориясы жана тактикасы.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Большевиктик партиянын мүчөсү (алгачкысы: 1903-жылы партиянын 11 съездинде В. И. Лениндин жетекчилиги астында түзүлгөн Россиялык социал-демократтык жумушчу партиясынын көпчүлүккө ээ болгон революциялык тобунун мүчөсү); большевизмдин ишин улантуучу, коммунист.

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Pempheridae) бакыракайлар; көздөрү чоң балыктардын бир тукуму, булардын төмөнкү түрлөрү белгилүү: большеглаз австралийский (Liopempheris multiradiata) — Австралия бакыракайы, б. атлантический (Pempheris schoburgki) — Атлантика бакыракайы, б. уаланский (P. oualensis) — Уалан бакыракайы.