Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Болжолдогон баам, жоромол, божомол. Менин болжолумда, келип калдык (Жантөшев). Сенин болжолуң туура экен (Жантөшев). 2. Болжогон мезгил, болжолдогон маал. Болжол саат-минуту жакын калган (Осмонов). Ал аңгыча болбоду, Кармаштын келди болжолу (Токомбаев). 3. Болжоп эсеп кылынган ченем, болжолдуу өлчөм. Айылдан, болжолу, үч километрдей узадык (Каимов).