будущность, будущее; то, что должно быть, должно совершиться;
болочок акын будущий акын.
зат. Келечек, алдыда боло турган иш, алдыдагы мезгил. Болочок турмуш. Болочокто көрүнөт.
Алдыда боло турган иш, алдыдагы мезгил, келечек. Артель иши болочоктун булагы (Токомбаев). Сүйлөшүү, учурашуу жайынча эмес, Табымдын болочогун талкуулашты (Турусбеков). || Боло турган, келечекте болуучу. Чолпонбай болочок жыргалдуу турмушту көз алдына келтирди (Жантөшев). Колхозчулардын камкор колдору менен болочок кышка даярдалган чөп үймөктөлдү (Абдумомунов).
Келечеги бар. Болочоктуу жигит, кандай жашаса, кандай сүйлөсө – баарысы эп (Каимов).