этиш. 1. Шолоктоо, өпкөөпкөсүнө батпай ыйлоо. Ыйлап жүрөт болоктоп («Семетей»). Ажар жуурканды чүмкенүп, болоктоп ыйлады (Баялинов).
2. Көл-шал түшүп тердөө.
1. обильно литься (гл. обр. о поте, слезах);
Темир болоктоп тердеп алган Темир обливался потом;
болоктоп ыйла- плакать, проливая обильные слёзы, заливаться слезами;
2. (о сытом, стройном коне) энергично, бодро двигаться;
тору кашка да эки кулагын типтик көтөрүп, болоктой басты и лысый гнедой, подняв уши, бодро шёл крупным шагом.
1. Болок-болок этип токтоно албоо, солкулдап ыйлоо, шолоктоо. Ажар жуурканды чүмкөнүп, болоктоп ыйлады (Баялинов). 2. Көл-шал түшүп боргулданып тердөө. Эми Темир болоктоп тердеп алган (Сыдыкбеков).
болокто этишинин кыймыл атоочу.
болокто этишинин кыймыл атоочу.
болокто этишинин аркылуу мамилеси.
болокто этишинин аркылуу мамилеси. Акман жээрде атты болоктотуп үйүнө келди (Сыдыкбеков).