Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Болжол кылынган, болжолдонгон. Жолоочулар катуу жүрүшкө салып, болжолдуу жерге конушмакчы болушту (Токобаев). Күнгөй жак,«жалгыз өрүк» барар жерим, Болжолдуу өз саатында келип жетти (Осмонов). Биз болжолдуу жерге жеткенде, замбиректин үнүнө аралашкан кыргыздардын үн ү угулду (Бөкөнбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мурунтан белгиленген, болжол кылынган, болжолу, мезгили макулдашылган. Болжолдуу күндөн калганда, Болбойт го менин барышым («Эр Табылды»). Болжолдуу өз саатында келип жетти (Осмонов). || Ачык белгилүү эмес, жоромолдуу. Болжолдуу ой.