бол
Толковый словарь кыргызского языка (1969)этиш. 1.Белгилүү бир жайда жүрүү. Шаарда болдум. Үч жылы кыштакта болуп, айылдык мектепте иштеп жүрдүм («Ала-Тоо»).
♦ Болор-болбос — анча-мынча, биртике, бир аз. Айыктырбай ырбатат Болор-болбос жараңды (Токтогул). Болор-болбос көзүн кысып алыска Карап турду санга сүйөп таягын (Аалы). Болду-болбоду — балким, болжолу, кантсе да.
- 2. Канча, кандай, кандай абал, ким, эмне экендик ж. б. билдирүү үчүн колдонулат. Жаман болду. Дурус болду. Он беш күн болгондо сугатчылардын экинчи кезеги келет («Ала-Тоо»). Падачы болуп мен жүрөм, Бай-манаптын колунда (Барпы). Сак болгун элим малыңа (Токтогул). Кундуздай болгон кара чач, Кең далыда буралып (Үсөнбаев).
- 3. Тез, ылдам. Бол, балам, эртерээк аттанып, төмөнкү айылга жете конолу («Ала-Тоо»). —Бол,— деди чал сөзүн бөлүп Асанга, — жарык кезде камынгыла казанга (Аалы).
- 4. Жетет, жетишет. Болду эми, сөздүн акыры ушу болсун, эртең районго бирге жөнөйлү («Советтик Кыргызстан»). Болду, кечке эле маңыздана бербей, ишке өтөлү («Ала-Тоо»).
- 5. Макулдукту, туура, эп көргөндүктү билдирүү. Мага болбой койду. Болуптур, айтканыңыз айткандай орундалат («Чалкан»)
- 6. Бүтүү, аягына чыгуу, аяктоо. -Үйуңдө болдуңбу,— деди карыя. —Болдум. Эки айдан бери илешип жүрүп, бүгүн араң болдум («Ала-Тоо»).
- 7. Ийгиликке жетишүү, оңунан чыгуу. Күрөшкө, бир түшүп көрөйүн дедим эле, бирок болбоду. Менден мурда башка бир жигитти дайындап коюшкан экен.
- 8. Жардамчы этиш катарында колдонулат. Бармак болду. Алат болчу. Берет болчу.
♦ Болор-болбос — анча-мынча, биртике, бир аз. Айыктырбай ырбатат Болор-болбос жараңды (Токтогул). Болор-болбос көзүн кысып алыска Карап турду санга сүйөп таягын (Аалы). Болду-болбоду — балким, болжолу, кантсе да.